Биз социалдык тармакта

Айым Айдаралиева, блогер: “ТАМАША ЭМЕС, ЧЫН ЭЛЕ КҮЙӨӨ ИЗДЕЙМ”

Турмуштагы жөнөкөй көрүнүштөрдү күлкүгө айлантуу бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Ал эми биздин каарман Айым Айдаралиеванын колунан сопсонун келет. Көпчүлүккө жылмаюу тартуулаган белгилүү блогер Aimei менен “кадр сыртындагы” жашоосу тууралуу пикир алыштык. 

 

– Саламатсыз, Айым, жашоо кандай? Блогерлигиңизде кандай өзгөрүүлөр болууда?

– Саламатсыздар, мен Тиктоктон таанымал болгом. Бирок ал тиркеме жабылып калгандан кийин Инстаграмга билек түрө кирише баштагам. Тамашаларымдан улам катталуучуларым көбөйдү, учурда шүгүр деп турам. Жаңылыктарымдын бири – тасмага тартылууга сунуштар түшүүдө. “Бабник жана подкаблучник” деген тасмага тартылдым. Дагы бир тасмага тартылдым, бирок ал чыга элек. Жеке жашоодо болсо жаңылык жок.

– Актрисалык талант бар экен сизде, бул жаатта окугансызбы?

– Жок, актрисалыкка окуган эмесмин. Кесибим – юрист, мурда сотто иштеп жүргөм, эки жылдан бери блогер катары иштеп жатам. Өзүмдү блогермин деп да толук айта албайм, орусча “актриса скетч роликов” деп коёт, ушул жакка ооп кеттим.

– 5 жыл окуган кесибиңиз калып кеттиби ошентип?

– Сот отурумдарына катышчумун, катчы элем. Азыр токтоп турат, бирок кийин бул жумушумду улантам деп ойлойм. Кесибим өзүмө жагат, сот иштери, чечимдер аябай кызыктуу. Жактоочулукка кызыгам, бардык иште адилет, так чечим болушун каалайм. 

Юристтиктен блогерликке келипсиз. Блогерликтин акчасы кызыктырдыбы же жан дүйнөңүз ушуну кааладыбы?

– Эркин график кызыктырды. Блогерликтен шумдук акча түшөт деп деле айтпайм. Азырынча байый элекмин, келечекте, балким... Ал эми мени шыктандырган чоң нерсе – элдин колдоосу болду. Эл катуу колдоду, элге жагып жатса чыгайын деп чечтим. Хейттер деле болуп турат, бирок көбүнчө колдоо бар, азыркыга чейин үзүлбөйт.

– Блогерлик образыңыз менен чыныгы Айымдын мүнөзү канчалык окшош?

– Блогумда чыныгы өзүмдү такыр көргөзбөйм. Мен такыр башка адаммын, токтоо, олуттуу... Сүрдүү көрүнөрүмдү айтып калышат кээде. Ал эми блогдо мен “блондинка” эмесминби. Түз эфирде гана бир аз менин чыныгы жашоом көрүнөт болуш керек катталуучуларыма. Демек, чыныгы өзүм менен образымдын такыр жакындыгы жок.

– Блогер катары такшалып жатасыз. Камера алдында сүрдөө, элден тартынуу деген нерселерди жеңдиңизби же ал нерсе жокпу сизде?  

– Менде андай коркунуч такыр жок, үйдөн эле тартып чыгарып жиберчүмүн. Кийин бир реалити-шоуго катыштым, ошол жерден камеранын сүрүн сездим. Анткени “руль” өзүңдө эмес экенин сезет экенсиң. Жакында тасмага тартылганда да сезилди. Ал эми мен бир мүнөттүк эле видеону тартчумун. Өзүм тартканда бети-башты оңдойм да, ал эми ал жакта болгонуңдай кетет экенсиң. Ошого карабай тасмага тартылуу мага жакты, дагы сунуштар түшсө тартылууга даярмын.

– Блогерликке ыктап кеткениңизди үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

– Апам башында бир аз уялгансыды. Тууган-урук улам бир видеомду жиберип, ар кандай сөздөрдү айтышты окшойт. Түшүндүрсөм түшүндү, колдоду. Атам болсо эми гана түшүнүп келе жатат окшойт бул жаатты (күлүп). “Ай, сени эл тааныйт турбайбы?” деп калат. Иним мени шыктандырып, “тартыңыз” деп дайым дем берип турат. Ал менден беш жаш кичүү, быйыл үйлөндүрөлү деп жатам, болбосо мендей болуп 30 жашка чейин жүрүп албасын...

– 30 жаштагы айым эмнелер жөнүндө ойлонуп, эмнелерди кыялданат экен?

– Мурунку Айым башкача эле, азыр масштабдуу ойлонуп баштадым. Мисалы, үй-бүлө куруу керек деген ой келди. Эркиндик, жалгыздык жакшы, бирок андан да адам чарчайт экен. Энелик туюм үстөмдүк кыла баштады окшойт. Мурун наристе балдарды көп жактырчу эмесмин, азыр жакшы көрүп, кучактагым келип турат. Балалуу болгум келип, жолдошум болсо экен деп калдым. Мурун жалжаңдап хайп кылыш үчүн, катталуучуларды көбөйтүш үчүн “күйөө издей” берчү элем.  Азыр тамашасы жок, чындап эле күйөө издеп жатам (күлүп). Ары-бери карагыча мени менен теңдер үй-бүлө күтүп калышыптыр. Бирок азыр аялы улуу, күйөөсү кичүү болгон тренд болуп жатпайбы. Менден кичүү болсо деле турмушка чыкканга даярмын.

– Тамашалуу шоу-долбоорлорго катышууну каалайсызбы?

– Андай сунуштар түшкөн, бирок менде коркунуч бар. Эске тутуум жакшы эмес. Сахнага чыгып алып, элден сүрдөп айта турганымды унутуп каламбы деп ойлой берем. Чоң сахнада мен Фионанын образын Болсунбек Стакеев деген агабыз аркылуу жаратып калгам. Кыргызстанды кыдырып концерт койгонбуз, Спорт ордосунда биринчи койгонубузда өзүмдү бир аз жоготуп койгом.

– Тамашалардын сценарийлерин өзүңүз жазасызбы?  

– Ооба, өзүм жазам. Айрымдар “ким жазып берет?” деп сурап калышат. Сценарий жазам, өзүм тартам, монтаж кылам. Жазууда чектөө бар, эл кабыл албай турган нерселерди жазбайм. Элди күлдүрөм деп чектен ашып кетүү мен үчүн жат көрүнүш.

– Бир күнү Инстаграм жабылып калды дейли, кандай кабыл аласыз?

– Тикток деле жабылып калбадыбы, ал нерсеге байлана бербейм. Жок болсо башка аянтчаларды издейбиз, депрессия болуп жатып калбайм деп ойлойм.

– Мурунку маегиңизде кичине кезиңизде буллингге кабылып, жабыр тартканыңызды айтыпсыз. Балалык травма калып, ошонун таасиринен улам да таанымал болууну максат кылган жоксузбу?

– Балалык травма калган жок десем да болбойт. Калды, бирок ал үчүн эл алдына чыккан жокмун. Кичине кезден толук кыз элем да, ошого мени шылдыңдашчу. Анан ата-энем колунда бар адамдар болгон үчүн жакшы кийинип, телефондун кымбатын көтөрүп жүрчү элем. Балким, ошого ич күйдүлүк кылып, мени бөлүп, капа кылышкандыр. Бирок дал ошол нерсе үчүн эл алдына чыккан жокмун. Кичинемден эле актриса болгум келчү.

– Шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып кетүү оңой эле болдубу?

– Аябай эле аралашып кеттим деп айта албайм. Саламым түз, кээ бир эжелер менен мамилем жакшы. Дайыр Исмадияров  менен тамашалуу видео тартып калат эмеспизби, анын башкы себеби – биз кошуна элек. Ошондуктан чыгып калдык.

– Турмуш курууну ойлонуп жатыптырсыз. Болочок жолдошуңуз “блогерликти ташта” десе макул болосузбу?

– Жок, мени мендей кабыл албаган адам менен жашаш оор болуп калат. Мага шарт койгон адамды жаман көрөм. Адам бирөөнү кабыл алса, сүйсө, толугу менен кабыл алышы керек. Албетте, турмушка чыксам “күйөө издейм” деген видеолорду чыгарбай калам. Башка тематикада тамашалуу блог алып барууга туура келет. Бирок “такыр ташта” дегенге макул болбойт элем. Укмуш таланттуу кыздар бар эмеспи, турмушка чыккандан кийин чыгармачылыкты таштап, көрүнбөй кетишет. Бул талант бизге Кудайдан берилген белек да. 

– Маегиңизге рахмат!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

Лира Абакирова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан