Бул жолу Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылы тууралуу маалымат беребиз. Тарыхы Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлүшүнө барып такалат экен. Айыл табигый кооздугу менен гана эмес, мээнеткеч эли, таланттуу залкар инсандары менен да белгилүү.
Кожолуктун (түтүн) саны – 473
Калктын саны – 2694
Айылда – балдар бакчасы, 2 мектеп, бейтапкана, китепкана, маданият үйү, спорт комплекси бар.
Мүнөсбек Шабданов, айыл башчысы: “Элибиз мал чарбасы менен алектенет”
– Элибиз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Андан тышкары ар бир үй кайналы (кара өрүк) өстүрөт. Аны чийки да, кургатып как кылып да сатып киреше табышат. Дыйканчылык кылгандар аз, анткени сугат жер жокко эсе. Кайрак жерден жан башына 9 сотыхтан үлүш бөлүнгөн. Ал жакка малга тоют катары беде, эспарцет, жүгөрү айдашат. Жаңгак жакшы түшүм берген жылы аны да терип сатып, киреше табабыз. Айылда таза суу жок. Учурда долбоор даярдалып жатат, ал ишке ашса 1-2 жылдын ичинде эл таза суу менен камсыз болуп калат деген үмүттөбүз. Айылдын негизги жолу асфальтталган, бирок ички жолдор таштак. Ак-Жол өзөнүнө салынган көпүрө эскирип бузулуп, жаңысы салынууда. 90 пайызы бүтүп калды. Бул көпүрө Ак-Жол жана Райкомол айылдарын бириктирип турат.
Таалай Султанмуратов, айыл тургуну: “Аталышы эгемендикке байланышкан айыл”
– Маалыматтарга караганда, Ак-Жол айылы 1924-жылы түзүлгөн. Мурун Кичи-Ак-Жол деп аталган. Өзүңүздөр билесиздер, 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдук облусу түзүлгөн. Ошондо биздин аймактагы чачкын отурукташкан элди айыл кылып жайгаштыруу маселеси каралып, жетекчилер “автономдук облустун түзүлүшү эгемендүүлүккө карай кадам болуп калды. Муну менен кошо айыл түптөлдү. Ошого келечекке алгалаган айыл болсун" деп Ак-Жол аташкан экен.
“Элдин жарымы сууну өзөндөн ташып ичет”
– Биздеги көйгөй – суу маселеси. Элдин 50 пайызы булактын суусун шланг менен тартып келип, үйлөрүнө киргизип алышкан. Калгандары сууну булактан, өзөндөн ташып ичет. Өзөндүн суусу жамгыр жааганда ылайланып кетет. Андайда эл сууну үйүндө таза суусу барлардан сурап калат же булактардан ташыйт.
Айылда тыбыттуу эчки баккандар, бал челек кармагандар бар. Анткени айыл тоолуу жерде болгондуктан эчки багууга ыңгайлуу. Айыл эли таланттарга бай. Улуттук кийимдерди тиккен, шырдак шырыган уздар, усталар, ырчыларыбыз бар. Жоон-Бакан тоосунун биздин айылга караштуу бөлүгүндө кварц кени бар.
Зайырбек Ажыматовдун кичи мекени
Ак-Жол айылынан Кыргызга төбөсү көрүнгөн бир топ чыгаан инсандар чыккан. Алардын айрымдары тууралуу айта кетели.
• Ныязалы Борош уулу – белгилүү комузчу, элдик күүлөрдүн чебери. Убагында таланттуу инсандар Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Айдараалылардын чөйрөсүнө кошулган. Ныязалыдан Коргоол, Шекербек жана башка эл шайырлары таалим алган. Айылдын ортосуна комузчунун эстелиги орнотулган.
• Төлөгөн Касымбеков – Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу. Анын “Сынган кылыч”, “Келкел”, “Баскын”, “Кыргын” аттуу роман, повесттери элге кеңири белгилүү.
• Шекербек Адылов – төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти. 2005-жылы республикалык айтышта 2-орунду алып, Ысмайыл Борончиев атындагы күмүш медаль менен сыйланган.
• Зайырбек Ажыматов – акын. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар”, “Жүрөктөгү бороон” аттуу ыр жыйнактардын автору. Көзү өткөндөн кийин да 2 китеби чыгарылган.
• Өрөөнгө аты чыккан Осмонбек болуш да ушул айылдан чыккан.
Анара Батыркулова, айыл тургуну: “Тыбыттуу эчки багуу кирешелүү”
– Пайдасына карап 2006-жылы 13 баш тыбыттуу эчки сатып алганбыз. 1 жылдан кийин 7 баш улак алдык. Ошентип башын көбөйтүп отуруп, учурда 47 баш бар. Жыл сайын жазында тарап, жалпы 40 килограммдай тыбыт алабыз. Аны килограммын 1500-2000 сомдон өткөрөбүз. Алар Кытайга өткөрүшөт. Тыбытынан мурун жип ийрип, кышкыга байпак тикчүбүз. Бара-бара аныбыз калып кетти. Эчки багуу түйшүктүү иш болгону менен өзүн сатсаң да, тыбытын сатсаң да жакшы киреше алып келет.
“Башка жакта жок көчө ашыбыз бар”
– Биздин айылда башка жактарда кездеше бербеген көчө аш (көжө аш) деген тамагыбыз бар. Аны жазда, жыл ажыратар убакта (21-мартта) буудайдан жасайбыз.
Буудайды сокуга салып күйшөп, актап, кабыгынан ажыратып, анан казанга салып бир аз кууруп алабыз. Сары майга же өсүмдүк майына пияз, сабиз, этти кууруп, үстүнө суу куюп, кайнаганда буудайды салып жиберебиз. Абдан кеч бышат. Бышканда сүзмө кошуп ичилет. Айрымдар ушул тамакты жүгөрүдөн да жасашат.
Бакай Мүсүралиев, уста: “Комуз жана ээр чабам”
– Атамдын усталык өнөрүн улантып келем. Комуз, ээр чабам. Комуз чертем. Мен кадимки Ныязалы Борош уулунун чөбөрөсүмүн. Ныязалынын 2 баласы, 3 кызы болгон. Атакулунан бала жок. Батыркулдун 3 кыз, 2 уулу болгон. Жээни жазуучу Ооганбек Стамбеков. Ныязалы атабыздын небере, чөбүрөлөрү учурда Ак-Жол айылында, Таш-Көмүр шаарында жашашат.
Канымжан Усупбекова