Алгачкы маалыматтар
Жакынкы чыгыштын Тигр жана Евфрат дарыяларынын аймагынан тамак-аштарды кантип даярдоого болорун баяндаган байыркы чопо тактайчалары табылган. Болжол менен ошол тактайчалар тарыхтагы эң алгачкы кулинардык китеп болушу мүмкүн. Биздин заманга чейинки V кылымда сицилиялык ашпоз Мифек тамак-аш рецепттери боюнча китеп жазган. Андан 1 гана рецепт сакталып калган. 1483-жылы латын тилинде жазылган кулинардык китепте байыркы грек жана рим ашканасындагы тамактар тууралуу көбүрөөк, ал эми тамак-ашты даярдоо ыкмалары тууралуу азыноолак сөз болот.
Кулинарияга ачылыш киргизген Фармер
Америкалык Фанни Фармер тарыхта 1-ирет тамак-аштардын так рецепттери боюнча китеп жазып, ачылыш жасаган. Ал стандарттык өлчөм деген түшүнүктү киргизген. Болжолдорго караганда, ал полимиелит оорусунан жарым шал болуп, мектепте толук окуй албай калган. Апасына тамак даярдоого жардам берип жүрүп, көп нерсени үйрөнөт.
1887-жылы Бостон кулинардык мектебине кирип, 2 жылдан кийин окуп бүтөт. Ошол жерде иштеп калып, кийин директордун орун басары, анан директор болот. Ал мектепте пайдаланылган китептин кемчиликтерин көрүп, өзүнүн “Бостон кулинардык мектебинин тамак-аш даярдоо китебин” жазып чыгат.
Суроо-талапка ээ китеп
Мурда кулинардык китептерде азыктардын өлчөмү салыштырмалуу гана көрсөтүлүп келген. Мисалы, жумуртканын өлчөмүндөгүдөй май, жарым чөмүчтөй сүт деп.
Мындай рецепттен көбүнчө карапайым эл азап тарткан. Анткени так көрсөтүлбөгөн рецепттен алар жасаган тамак-аштын даамы күткөндөй болбой же толук бышпай калып, азыктар ысырап болчу. Байлар болсо ашпоздорду жалдаган. Бирок аларда деле азыктар убал болгон учурлар катталып турчу. Ушулардын баарын көрүп жүргөн Фармер стандарттуу өлчөмдү киргизген. Мисалы, 1 стакан суу – бул 16 аш кашык же 240 грамм, 1 аш кашык – бул 3 чай кашык жана башка деп. Рецепттерде тамакка керектүү азыктар өлчөмдөрү менен көрсөтүлүп, бышыруу ыкмалары этаптарга бөлүнүп берилген. Жеңил жана түшүнүктүү жазылгандыктан китепке талап жогору болгон.
Фармер китебине 1850 рецепт киргизген
Басмакана Фармердин китебинин өтүшүнөн шек санап, алгач 3000 даана басып чыгарат. Өтүмдүү болгондуктан 1897-жылы экинчи жолу, андан кийин жылына 1 жолудан басып чыгарып турган.