Өзгөчө стили, мукам үнү менен күйөрман арттырып келе жаткан жаш ырчы Нури бул жолу бизде апта каарманы. Кийинүү стили, күйөрмандар, хейтерлер, чыгармачылыктагы фишкасы, алдыдагы максаттары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
– Нури, кандайсыз? Көбүнчө классикалык стилде кийинип жүрөсүз. Бул сиздин табитиңизби же продюсер сунуштаган образбы?
– Жакшы. Классикалык стиль мага ар дайым жакын болгон. Кичине кезимден эле жактырам. Ырчылыкка кадам таштаганда продюсериме да классикалык стилди абдан жактырарымды айтсам, ал дагы “өзгөчө стиль” деп кубаттады. Менимче, бул образ өзүмдү өзүмө жакындатты. Баш кийимден болсо көбүнчө кепка жана панама кием. Панама сахнадагы образымдын бир бөлүгүнө айланды. Бул баш кийим продюсерлериме да жагат, мага өзгөчө стиль берип турат. Чач жасалгамды да образга жараша өзгөртөм. Көкүл менен жүрөм.
– Сахнадан тышкары күнүмдүк жашоодо деле ушундай кийинип жүрөсүзбү?
– Ооба, күнүмдүк жашоодо деле ушул образымды сактайм. Анткени мага ыңгайлуу.
– Үйдө же көчөдө деле сахнадагыдай шайыр, энергиялуу адамсызбы?
– Көпчүлүк мени шайыр, баары менен бат тил табышып кетчү ачык кыз деп ойлойт. Бирок жеке жашоодо токтоо, олуттуу жана интроверт адаммын. Муну жакындарым жакшы билишет. Эмнегедир сахнага чыкканда башкача ачылам. Чыгармачылыкта энергиямды толугу менен көрүүчүлөргө, угармандарга бергим келет. Ошондуктан ырларым да көбүнчө шаңдуу маанайда, динамикалуу десем болот. Харизмам менен энергиямды айкалыштырып, сахнада өзгөчө шаң тартуулаган жагат.
– Мимика, жесттериңиз да өзгөчө. Ар бир ырыңызга жараша кыймыл, бий элементтерин ойлоп табасызбы?
– Ар бир жаңы чыгармамды элге тартуулаганга чейин кайра-кайра угам. Ошол учурда чоң сахнаны элестетип алып ойлоном. Элестеткенде ар кандай мимика, кыймылдар, образдар оюма келет, анан аларды чыгармачылыкта колдоном. Кээде клип тартып жатканда кызыктуу идеялар күтүүсүздөн жаралат. Продюсерлер менен талкуулап, жакса калтырабыз, жакпаса өзгөртөбүз.
– Жоопкерчиликтүү инсан окшойсуз. Убакытка так деп айтып калышты сизди тааныгандар...
– Чоң рахмат. Бул ата-энем үчүн чоң комплимент. Анткени алар бизди кичинебизден эле убакытка так жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүшкөн. Ар бир ишти өз убагында аткарууну эскертип турушчу. Өзүмдүн жана башкалардын убактысын сыйлап, чакырган жерге кечикпей эрте барганга аракет кылам.
– Күйөрмандарыңыздын басымдуу бөлүгү кайсы курактагылар деп ойлойсуз?
– Күйөрмандарым ар түрдүү. Арасында улуу муундун өкүлдөрү да, орто курактагылар да, жаштар да бар. Муну соцтармакта менин ырларыма тартылган видеолордон байкаса болот. Бул мени кубандырат. Чыгармачылыкта чынчыл, ар тараптуу болгум келет.
– Эл көзүндөгү адамга мактоо да, сын да айтылат. Жекеликке өтүп кеткендер, мисалы, тишиңиз тууралуу комментарий жазгандар капалантабы?
– Маңдайкы тиштеримдин ортолорунун ачыктыгына көп комментарийлер жазылат, ооба. Бирөөлөргө салыштырышат, жакшы да жазышат, жаман да пикирлер айтылат. Эл болгон соң ар кандай сөздөр айтыла берет тура. Кудай ушундай кылып жараткан мени, мен ыраазымын жана муну өзгөчөлүгүм деп эсептейм. Сахна адамы катары фишкама айланып калды. Ошондуктан тиштеримди эч качан өзгөртпөйм.
– Таанымалдуулуктун даамы сезиле баштадыбы же байкалбай элеби?
– Концерттерге, ар кандай иш-чараларга чакыруулар көбөйдү. Бул жалпы командабыз үчүн жетишкендик, биргелешип жасаган эмгектин жыйынтыгы. Бирок өзүмдү “жылдыз” же абдан популярдуу адам деп эсептебейм. Болгону сүйүктүү ишим менен алектенип, өзүмдү өнүктүрүп келе жаткан чыгармачыл адаммын.
– Азыркы учурда эң чоң максатыңыз кайсы?
– Көксөгөн тилегим, максатым – жеке концертимди берүү. Ушул үчүн изденип, талыкпай эмгек кылып келатам. Жаңы идеялар, жаңы деңгээл үчүн командабыз менен тынымсыз иштеп жатабыз. Буюрса, эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз деп ишенем.
– Чыгармачылык сизге киреше алып келе баштадыбы?
– Азырынча “чоң ийгиликке жеттим” деп айта албайм. Бирок тапканым өзүмө жетип жатат. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы бар. Бардык жакшы күндөр али алдыда деп ишенем.
– Бүгүнкү күнгө чейин канча ыр жаздырып, канча клип тарттырдыңыз?
– Жалпы он ырым, клиптерим телеканал, радиолордон берилип жатат. Дагы жаңы эки ырым даяр болуп калды.
– Ырчы катары өзүңүздү 5 жылдан кийин кандай элестетесиз?
– 5 жылдан кийин хитмейкер болгум келет. Өз ордун тапкан, артынан жаман сөз ээрчитпеген ырчы болгум келет.
– Мырзалардын кулагына күмүш сырга болсун. Сизге кандай жигиттер жагат?
– Боорукер, жөнөкөй, ыймандуу, жоопкерчиликтүү жигиттерди баалайм.
– Маек соңунда күйөрмандарга сизден каалоо-тилек...
– Урматтуу угармандарым! Колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Сиздердин жакшы сөзүңүздөр, жылуу мамилеңиздер мага дем-күч берет.
Мээрим Дербишалыева