(Башы өткөн сандарда)
– Мени таштап кетет деген коркунуч бар эле. Айтор, корктум. Бирок унута албай койдум сени. Аринанын жанында жүрүп деле сени издечүмүн. Башка кыздын колун кармап туруп, сенин колуңду сагынчумун. Бул кандай азап экенин билесиңби?
Анын үнү акырындап баратты. Ыйлап да, сүйлөп да жатты.
– Мен өзүмдү жакшы адаммын деп ойлочумун. Бирок Аринаны “бактылуу кылам” деп убада бердим. Эми кайта албайм.
Тамчы көз жашын токтото албай калды. Илим да ыйлап жатты. Жамгыр экөөнүн тең көз жашына ортоктош эле. Илим ага дагы бир кадам жакындады.
– Сен жанымда болгондо дүйнө башкача. А сен кеткенде баары муздак жана маанисиз. Бирок мен сенден качтым. Себеби сен чыныгысың. Сезимдериң, чынчылдыгың, турушуң, акылың... А мен кичинемден жасалмамын, чындыкка тике карай албай, коркуу менен өстүм. Сенин жаныңда мен жалганым менен жашай албай калчудай корктум. Мени мендей кабыл алган Арина деп билдим, анткени ал дагы мендей муздак адам. Сенин жалының мени өрттөп жибербесин деп өзүмдөй муздак адамга жашындым. Мен сенин жашооңдо киммин, билбейм, бир изминби же көлөкөмүнбү? Эртең баары бүтөт, сен мени унутасың. Өз жашооң менен кетесиң, кээде гана эстегенде жиниң келе турган адам болушум мүмкүн. Ал эми Арина мени кандай болсом да өзгөртүүгө аракет кылбай жашай берет.
Анын үнү дирилдеп чыкты.
– Эртең мен үйлөнөм. Эл мени куттуктайт. Апам сүйүнөт, атам мага сыймыктана карайт. Музыка ойнойт, баары шаңдуу уланат. Бирок менин жүрөгүм эмне деп жатканын эч ким билбейт.
Ал эми чыдай албай калды. Оор дем ала кыздын жүзүнө тике карап кыйкырды. Бул учурда ал өзүнө кыйкырып жаткандай абалда эле.
– Мен сени сүйөм! Угуп жатасыңбы? Мен сени ушунчалык сүйөм! Өзүмө да ыраа көрбөгөндөй сүйөм. Моюнума алгым келбеген чындык ушул.
Тамчы жакын келди да, анын жүзүн колдору менен аарчыды.
– Эмнеге кеч айттың?- деди Тамчы.
– Себеби сени сүйүү ушунчалык кыйын экенин биринчи жолу сездим. Сүйүү азап да, жыргал да тура.
Тамчы аны бекем кучактады. Акыркы жолу экенин экөө тең сезип турду. Жамгыр алдында ыйлап кучакташып турушту. Анан аргасыз коштошушту.
Эртеси тою болуп жатканда да кечээги түн Илимдин эсинде турду. Колу менен жаңы колуктуну кучактап турду, ою такыр башка адамда эле. Арина Илимдин кучагында буларды ойлоп жатты: “Баары бир аны унутат, мен аны унуттурам. Бизде баары жакшы болот, бактылуу болобуз...”
xxx
Тамчынын күндөлүгүнөн... "Ошентип той болду. Мени да тойго чакырышты, бирок барбадым. Экөөбүздүн тең айта турган сөзүбүз бүткөндөй сезилди. Эми башка нерсенин кажети жок болчу. Кээде мамилеге чекит коюш керек болот, канчалык оор болсо да...
Ошентип Илим менин жашоомдон чыгып кетти. Алгачкы күндөрү жалгыз калганда дүйнө токтоп калгандай сезилген. Оор абалда элем. Апам каза болгондон кийинки эң оор абал ушул эле. Өлүм ак, акыйкат, ага айла жок көнөсүң. Бирок тирүү туруп, бир шаарда жашап, кээде бир үйдө түнөп калган жүрөгүңдөгү адамды жок деп саноо андан да оор экен. Бирок жашоо улана берет тура. Көчөдө адамдар баягыдай эле шашып жүрүшөт, кафелерде музыка жаңырып турат, шаар уктабайт...
Менин кайгым менен эч кимдин иши жок эле. Адегенде мен Илимди унутууга аракет кылдым. Телефондогу сүрөттөрүнүн баарын өчүрдүм. Биз мурда барчу жерлерден качтым. Университетке барганда да андан качып жүрдүм. Казат ата менен Гүлай апанын үйүндө мурункудай эле кызмат кылчумун. Анткени алар мага, мен аларга көнүп калган элек, таштап басып кете албадым. Бирок бир жумада үч күн гана барып жардам берүүгө өттүм. Баары бир жүрөк өзүнүкүн өжөрлөнө унута койбойт экен. Анын үнүнө окшогон үн уксам да жүрөгүм селт этчү. Кээде түндө анын ысымын айтып түшүмдөн чочуп ойгончумун.
Бирок убакыт өткөн сайын мен бир нерсени түшүндүм. Адам башка бирөөнү эмес, эң биринчи өзүн жоготот экен. Мен бара-бара күзгүдөгү Тамчыны тааныбай жаттым. Илгери көп күлгөн, жайдары кыздын ордуна унчукпаган, чарчаган бирөө турду. Колго алышым керек эле өзүмдү. Аракет кыла баштадым. Мен кайрадан башка бир Тамчыны жаратам деп чечтим.
Эртең менен эрте туруп чуркай баштадым. Китеп көп окудум. Жаңы адамдар менен сүйлөштүм. Жалгыз отуруп кофе ичкенди үйрөндүм. Мурда Илим менен бөлүшкүм келген ойлорду эми күндөлүккө жаза баштадым. Жарам бир аз айыга баштады. Күчтөнүп жаттым, баары бир мен жеңе турганымды өзүмө кайра-кайра айтып жаттым. Ооба, өзүмдү кайрадан жараттым. Күлүп-жайнап, тагдырыма ыраазычылык менен кароого өттүм.
Кээде баары жакшы болуп жаткандай сезилчү. Анан эле бир ыр, бир жыт, бир көчө Илимди эстетчү. Жүрөгүм ооруп кетет. Бирок эми мен ал оорудан качпайм. Анткени ошол сүйүү мени талкалаганы менен, чоңойтту. Адам кылды. Азыр мен сүйүүнүн артынан эмес, өзүмдүн артымдан бара жатам. Балким, бир күнү Илимди таптакыр эстебей калармын. Же балким, өмүр бою эстээрмин. Бирок мындан ары менин жашоом бир адамдын кетип калышы менен бүтүп калбайт эмеспи. Антип-минткиче жашоомдо башка бир адам пайда болду.
xxx
Ал күн кадимки эле күндөрдүн бири эле. Жамгыр жаңы эле токтоп, шаар салкын аба жамынып турган. Колума китеп көтөрүп университеттин китепканасына бара жаткам. Так ошол жерден мени бирөө карап турганын сездим. Мени тааныгандай сезилди.
– Тамчы?- деди ал.
Үнү тааныш сезилди. Жакшылап караганымда жүрөгүм бир саамга токтоп калгандай болду. Мен өзүмдү көргөндөй болдум. Анын көздөрү, кашы, мурду... Баары меникиндей эле. Болгону ал эркек болчу. Экөөбүз тең үнсүз туруп калдык.
– Сен кимсиң?- дедим.
Ал мени тиктеп туруп күлүмсүрөөгө аракет кылды, бирок көздөрүндө коркуу бар эле.
– Сен Тамчысыңбы?
Кулагым чуулдап кетти. Өзүмдүн атымды анын оозунан угуу ушунчалык башкача сезилди.
– Ооба, сен кимсиң?
Ал дароо жооп берген жок, терең дем алды. Мага жакындай берди.
– Мен Камчымын. Эгизиң...
Ошол ат менин бала чак дүйнөмдүн эң бүдөмүк бурчунда жашачу. Апам мени уктап жатат деп ойлоп, уулун сагынганын айтып катуу ыйлап алчу. “Экөөнү бөлбөш керек эле” деп башкаларга айтып жатканын да укчумун. Мен анда эч нерсе түшүнчү эмесмин. Кийин гана эгизим бар экенин билдим. Камчы. Менин эгизим!
Бирок биз эч качан жолуккан эмеспиз. Атабыз аны алып калган экен. Мени болсо апам чоңойтту. Экөөбүз эки башка өмүр жашап, бир өлкөдө туруп, бири-бирибизди тааныбай чоңойгонбуз.
– Мүмкүн эмес,- дедим шыбырап.
Ал акырын күлдү. Күлкүсү да тааныш.
– Мен да сүрөтүңдү алгач көргөндө ишенген эмесмин. Сени издеп келдим.
Экөөбүз терезенин жанындагы стулга отурдук. Мен аны караган сайын өзүмдүн башкача версиямды көрүп жаттым. Ал чай куюлган идишти мен сыяктуу эки колу менен кармайт экен. Ойлонгондо эрдин тиштейт экен. Күлгөндө көзү кичирейип кетет, ушунусунан бери окшош. Чоочун адам. Бирок жүрөккө жакын.
– Мен сени издеп жүрдүм...- деди ал акырын.
Эмнегедир ошол сөздөн кийин көзүмө жаш толуп кетти. Биз бөтөн адамдардай сүйлөшүп отурсак да, жан дүйнөмө жакын эле бул. Бир нерсе өз ордуна келгендей болду. Анткени өмүр бою мен бир нерсе жетишпей жашаптырмын. Анын эмне экенин бүгүн гана түшүндүм. Чын эле бизди ажыратпаш керек болчу атабыз...
(Уландысы кийинки санда)