Биз социалдык тармакта

ЖИГИТ ПИРИМ

Баткен облусунун Кадамжай районунда, Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Жигит Пирим деген жер бар. Ал жерден булак, дарак, таштарды жана күмбөздү көрүүгө болот. Уламыш ошол жердеги чоң таш менен байланыштуу.

Илгери Хастилла деген киши жашайт. Ал үйлөнөт, аялы кош бойлуу кезинде Хастилланы диний казатка алып кетишет. Кийин аялы уул төрөп, ага Жигит Пирим деген ат коёт. Убакыт өтүп, бала эр жетет. Апасынан атасы тууралуу сурап билет да “атамды таап келем” деп белин бек бууп, азыгын артынып жолго чыгат. Узак жол жүрүп, бир күнү эл көп чогулган жерге жетет. Караса, күрөш болуп жатыптыр. Өзүнүн күчүн сынап көрүү үчүн күрөшкө түшмөкчү болот. Ага каршы баягы Хастилла деген киши чыгат. Экөө бири атасы, бир уулу экенин билишпейт. Атасы уулун көтөрүп чапмак болуп аракет кылып, бирок жыга албай коёт. Жигит Пирим аксакалды көтөрүп чабат. Ошондо эл дуулдап “Баракелде, азамат! Атаң ким?” деп сурашат. Жигит “Хастилла дегендин уулумун. Атам казатка кетип кайтпай калыптыр. Ошону издеп жолго чыккам” дейт. Анда эл “сенин атаң сен көтөрүп чапкан ушул киши. Көп жылдардан бери ушул жерде жашайт” деп айтышат. Жигит атасын күрөштө жеңип, элге уят кылганы үчүн уялып, чоң ташка карап “ачылгын, таш!” деп кыйкырыптыр. Ошондо таш ачылып, жигит ичине кирип кетет. Ошондон кийин ал жер Жигит Пирим аталып калган деген уламыш бар.

 

Ат-Башы                                         

 Илгери бир кыргыз киши Кашкарга барып күлүктөрүн сатып, анан жоргосу менен тоо-талааларды аралап айылын көздөй кайтат. Ээси менен кошо чарчап-чаалыккан аты акыры баспай калат. Ошондо атын чөпкө ээн коё берип, өзү уктайт. Эртең менен туруп караса, чөп дегени арпа экен. Арпа жеп тыныгып, күч-кубатына кирген жорго оюн салып качып карматпай коёт. Тиги айласы кетип ээрин, тизгинин көтөрүп, атын кубалап жөө жөнөйт. Аты карматпайт. Антсе ээси “сени кармап алып башыңды кеспесемби!” деп кекенет. Бир жерге жеткенде аты туюк жерге кептелип калат. Ээси эбин келтирип кармап алып, башын кесип алат. Аттын башын адамдар ары-бери каттаган жолдун боюна, куураган даракка илип кетип калат. Атынын этин бышырып жеп отуруп айылына жетет. Ошондон тартып ал жер Ат-Башы деп аталып кеткени айтылат.  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан