Каарманым Бейше мырза, айтылуу “Ала-Тоо” ырын жаңылап ырдап чыгып көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Үнү да, аткаруу чеберчилиги да мыкты экен. Учурда кайрадан популярдуу болуп жаткан ырды кандайча ырдап калды? Максаттары кандай? Ырчылыкка кайдан келди? Ушул суроолорго жооптор маекте.
– Салам, Бейше! Атыңыз өзгөчө экен...
– Салам! Сахнага Бейше деп эле чыгайын дедим. Фамилиямды жаман көргөндөн эмес, кыска болсун деген ой. Атым көп кездеше бербеген ысым болгондуктан да ушундай чыгууну чечтим.
– Ырчылык жолго кайдан, качан, кантип келгенсиз?
– 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эстрадалык вокал бөлүмүнө тапшырып, окуп калдым. Окуп жүргөндө трио болуп топ түзүп ырдап жүрдүк, ошол жылдардан бери эле ырдап келе жатам десем болот. Андан ары барып карасак, кичинемден эле ырга шыктуумун. Райондор аралык сынактарга катышып жүргөм. Университетти кеч бүттүм, анткени 3-курстан кийин иштеш үчүн чет өлкөгө кеттим. Кайра келип окуумду уланттым. Университетти бүткөндөн кийин да чыгармачылык менен такай алектенүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Түркияда, Орусияда иштеп жүрдүм. Айтор, ортодо тыныгуулар болуп жатты.
– Чыгармачылыкка кайтууга мүмкүнчүлүк кийин түзүлдүбү?
– Ырчыда каражат же тааныш-билиш көп болуш керек экен. “Убакыт учкан куш” дейт, Москвада жүрүп арадан кантип 6 жыл өтүп кеткенин билбей калдым. Ал жакта деле кафе, ресторандарда, тойлордо ырдап каражат тапчумун. Өзүм ыр жазып, кичинекей студия ачып алгам. Анткени чыгармачылык жан дүйнөнү тырмалап, жакшы ыр жазгым келип, бирок жарк этип чыгуунун жолун таба албай жаткандай элем. Бир күнү ойлондум, мекендештерим Кыргызстандан учуп келип Орусиянын шоу-сынактарына катышып жатышпайбы, мен бул жакта туруп эмнеге катышпайм деп. Алгач ТНТ каналындагы “Музыкалык интуиция” деген шоуго катыштым. Андан кийин “Ну-ка, все вместе!” сынагына катыштым. Москвада туруп анкета толтурганым үчүн сынакка өтүш оор болду. Анткени сынакка катышууга орусиялыктар “көчүп эле” барып алышат экен. Ошентсе да тандоо турунан өттүм, мен үчүн бул чоң тажрыйба болду. Мурун кичинерээк сынактарга катышып жүрсөм, бул сынактын деңгээли бийик эле. Өзүң фанаттык кылып жүргөн жылдыздардын маңдайында ырдоо сүрдөтөт экен. Кийинки турга өтүү үчүн эки упай жетпей калды.
– Ал эми кыргыз шоу-бизнесине кантип аралашып калдыңыз?
– Москвада орусча ырларды жаздырып радиого берип, ал жактын шоу-бизнесине кирүүгө аракет кылып көрдүм. Бирок ийгиликсиз болду. Чоң мегаполис, мен жөнөкөй кыргыз жигити, көп тоскоолдуктар болду. Кыргызстанга келдим, кайра эле кетем деп ойлогом башында. Ушул жылдын башы болчу, бирок келгенде көзүм ачыла түштү. Анткени билинбей жылдар өтүп кетиптир, досторум бала-чакалуу болуп калышыптыр. Ар биринде өсүш бар экенин сездим. Москвага барып студиямды жаап, иштеримди бүтүрүп, мекениме биротоло кайттым. Шоу-бизнеске акырындан аралашып жатам.
– “Ала-Тоону” ырдаганыңыз жакшы кабыл алынууда, ушул ырды аткарып калышыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Кыргызстанга келип эле “Ала-Тоо” ырын жаздырдым, анткени бул ыр мага мурун эле жакчу. Ырдайм деп кыялданып, кайра-кайра аранжировка жасатып жүргөм. Ыр чыкты, эл аябай колдоп кетти. Мекенимди сагынып келип ырдаганым үчүн эмоциямды кармабадым окшойт. Адатта жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет эмеспи. Чет жакта жүргөн мекендештер да жакшы пикирлерин жазып жатышат. Кыскасы, мени мекеним жылуу кабыл алды. Шоу-бизнесте колдоп, жол көрсөткөн адамдар болду. Аларга да ыраазычылык билдирем. Гүлназ Чыныбек кызы эжебиз жакшы жардам берди. Андан тышкары айылдашым, досум, блогер Канат Шабданбеков да көмөктөштү.
– “Ала-Тоо” ырынын автору да сиздин аткарууңузду жактырыптыр деп уктум...
– Туура айтасыз, ырдын сөзү, обону Келдибек Тургунбаев деген агабыздыкы. Сураштырсам, ал киши ырын көп ырчылардын аткаруусунда угуп көрүп, бир тобун жактырбайт экен. Ырдагандарды катуу урушуп койгон учурлары да болуптур. Мен ырдап чыккандан кийин ал кишинин жубайы менеджериме телефон чалып, “ушул ырды ырдаган бала мага жолуксун деп жатат агайыңар” дептир. Дароо эле бардым, жолуктук. Агайга менин аткаруумдагы ыр аябай жагыптыр, батасын берди. Буга чейин көп ырды ырдагам, түрдүү жанрда, англисче, орусча, кыргызча ырларды аткаргам. Бирок эл мени ушул ыр менен таанып, колдоп кетти. Демек, менин жылдызым жанчу убакыт ушул окшойт деп, мындан ары дагы жакшы аракет кылайын деп ойлоп жатам.
– Сизди айрымдар “Биз жолуктук” теледолбоору аркылуу да таанышат экен. Жолуктуңузбу анан?..
– Жок, жолуга албадым (күлүп). Досум Канат Шабданбеков ошол долбоорду алып барат эмеспи. “Убакыт өтүп жатат, карып кеттиң, келчи, сонун кыздар бар” деп айтып жүрчү. Анын чакыруусу менен аталган долбоорго ырдоо үчүн эле баргам. Карасам, кыз-жигиттердин бири-бири менен таанышып, табышып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Ошентип катышып калдым, бирок жүрөктөн орун алганы болбоду. Учурда 33 жаштамын, ушул үчүн да табышуу кыйын болуп жатат окшойт.
– Талабыңыз жогору окшойт да кыздарга?
– Андай деле эмес. Жан дүйнөмдү, кесибимди түшүнгөн, жүрөгү таза кыз болсо деп тилек кылам. “Сөзсүз мындай болушу керек” деген укмуш деле талаптарым жок.
– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз, бардык нерсенин башаты балалыкта дейт эмеспи?
– Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Арал деген айылда балалыгым өттү. Бактылуу балалыкта чоңойдум. Мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккам десем болот, чоң ата, чоң энем, апам мугалим. Апам азыр да иштейт мектепте. Атам машинелердин "тилин" жакшы билген адам эле, бирок мезгилсиз дүйнөдөн кайтып кетти. Мен атама окшошмун деп ойлойм, ал дагы комуз, гитара чертип ырдап калчу. Апам үч эркек, бир кызды жалгыз чоңойтту. Эркектердин ортончусумун, бардык бир туугандарым үйлөнүп-жайланышкан. Апам азыр кичүү инимдин колунда, небере жыттап, күүлүү-күчтүү жакшы жүрөт.
– Апаңыз ырчылыгыңызга кандай карайт?
– Апам менин мотиваторум, дайым колдойт. Жыл өткөн сайын апамдын кадырын мурдагыдан жакшы биле баштадым. Мектепти бүткөндөн кийин бир университеттин экономика бөлүмүнө окууга өткөм. Бирок ал окууну анча каалабай турганымды апам сезди окшойт. “Көңүлүң барбы бул окууга?” деди эле, “Манас” университетине тапшыргым келип жатканын айтсам, макул болду. Ошентип чыгармачылык тарапка кетишиме апам багыт берген.
– Азыр ырчылар көп, сиз алардан эмнеңиз менен өзгөчөлөнөм деп ойлойсуз?
– Көп жылдан бери аракет кылып келе жатам. Көп жанрда ырдап көрдүм, такшалдым. Өзгөчөлүгүм – этникалык ырларды бузбай, бирок өзгөчө кылып ырдай алам деп ойлойм.
Нуржамал Жийдебаева