Биз социалдык тармакта

“ВРАЧТАРДЫН ИРИҢ ДЕГЕНИ ШИШИК БОЛУП ЧЫКТЫ”

“Атасынын ордун басчу жалгыз уулум былтыртан бери рак оорусу менен күрөшүп келет”,- дейт дагы бир каарманыбыз. Айтымында, уулунун сөөк чучугун алмаштыруу керек болууда.

 

“Диагнозу башкача экенин билген эмеспиз” 

– Менин аты-жөнүм Сүйүнбүбү Мамбеталиева, жашым 56да. Үй-бүлөм менен Нарын шаарында жашайм. Мектепте пол жууп иштейм. 2 кызым, анан аты жаман дарт менен күрөшүп жаткан 2007-жылкы уулум – Аманатым бар. Улуу кызым 7 балалуу, баатыр эне. Андан кийинки кызым 5-баласын төрөгөнү турат. Жолдошум пенсияда, учурда 76 жашта. Балам Аманат Шаршенбиев 2025-жылы “быйыл мектепти бүтөм” деп ЖРТга даярданып жүргөн эле. Билинбей эле жаагынын бир жагы тултуюп чоңоюп кетти. Бирок ага чейин эч жери оорубай жакшы эле жүргөн. Биз бул эмне болду экен деп чочулап Нарын шаарындагы ооруканага алып бардык. Хирургдар көрүп “бул ириң, операция жасап ириңди чыгарыш керек” дешти. Биз врач болбогондон кийин баламдын диагнозу башка экенин билген жокпуз. Макул болдук. Алар операция жасап тултуйган жердеги 2 безди кесип көрүштү, бирок ириң чыккан жок.           

   

“8 ай химиотерапиядан өттү, жыйынтык жок”

– “Ооруканада 10 күн жатасыңар” дешти. 1 апта өткөндөн кийин уулумдун денесине аллергиядагыдай болуп майда бүдүрчөлөр чыгып кетти эле, бизди аллергиялык оорулар бөлүмүнө жиберишти. Ал жактан анализдерин алышып, шашылыш түрдө Бишкекке, онкологдорго жөнөтүштү. Гематология жана онкология улуттук борборуна алып барганыбызда гана оорусу рак экенин билдик. Ошентип балам ал жерде 8 ай химиялык терапия алды. Биз айыгат го деп ойлогонбуз, тилекке каршы, оң жыйынтык болбоптур. Быйыл апрелдин башында оорусу оор түрдө кайтып келди. Учурда кайрадан химиялык терапия алып жатат. Врачтар “мурункудай эле дарылайбыз, бирок таасир берерине кепилдик бере албайбыз” дешкен.

 

“Индияга барыш керек болууда”

– Жакындарыбыз Индиядагы врачтар менен байланышып кеңеш алышты. Алар диагнозун, кантип дарыланып жатканын билип “баланын абалы оор экен, учак менен учууга жарабайт. Абалы жакшыра түшкөндө келсеңер болот. Операция жасоо, сөөк чучуктарын алмаштыруу керек” дешти. Ага 60 миң доллар кетет экен. Учурда балама тромбоцит да куюп жатышат. Биз операцияга акча чогултууга, баламдын химиотерапия алып, абалын жакшырышын күтүүгө аргасыз болуудабыз. Былтыр дарылатуу үчүн болгон мүлкүбүздү сатып бүткөнбүз. Баламдын келечекке деген чоң максаттары бар. Алардын ишке ашышына, баламдын айыгышына салымыңыздарды кошосуздар деп ишенебиз. Каражат таба албай көздөрү чачырап турган ата-эненин жүрөк ыйын түшүнөсүздөр дейм.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0701 94 92 92

МБанк: 0701 05 40 40

МБанк: 0706 95 71 95

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан