“Жоргону кармоо жана таптоо күлүктөргө салыштырмалуу оор. Жоргосун чыгаруу керек, чуркамынан жаңылтпай көндүрөбүз, буту-колун бышырабыз, эмгекти көп талап кылат”,- деген саяпкер Чубак Жайлообеков 9-майда Жеңиш күнүнө карата өткөн ат чабышка 9 ат алып барып, 7 байге менен кайтты. Ал жорго, кыска аралыктын күлүктөрү болуп учурда 30дан ашык ат таптап жатыптыр. Бул макалабызда саяпкердин таптоосу менен 5 жылдан бери чабылып келе жаткан даңазалуу жорго Императрицанын ийгиликтери, ушул жоргого тең тайлаша алчу Коттонвуд жана Флагмандын таржымалын баяндайбыз.
Жорго салыштын түрлөрү
“Суу төкпөс жорго” деп чуркашы сыпатталып жүргөн аттардын жорго салышынын түрлөрү боюнча алгач маалымат бере кетели. Республикалык Гүлсары жорго салыш федерациясынын катчысы Алтынай Исмаилованын маалыматы боюнча, бизде 4 түрү бар. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бышты жана чоң жорго салыш гана болорун билдирди:
– Өлкөбүздө кунан жорго, бышты жорго, чоң жорго жана кыска аралыкка жорго салуу же спринт жорго деп төрт түрүн өткөрүп келебиз. Кунан жоргодо 2 жаштагы жылкылар 3600 метр аралыкка чуркашса, быштыда 3 жаштан өйдө 5400 метрге чуркашат. Чоң жоргого даярдыгы бар 2 жаштан ашкан жорголор 9000 метр аралыкка чуркашат. Спринт жоргого болсо 3 жаштан жогорку жылкылар 2400 метр аралыкка чуркашат.
“Жылдын мыкты бышты жоргосу” аталган Флагман
– Флагман 4 жашта. 2025-жылы январда Америкадан 29 миң долларга сатып алынып, Кыргызстанга келиши менен 40 миң долларга түшкөн. Америкада чабылган эмес. Ээси – Өмүрбек Бабанов. Былтыр майдан тартып чабылып, жыл ичи 6 жолу чуркап, 6 жолу тең биринчи келген. Былтыр бышты жоргого түшсө, быйыл чоң жорго салышка катышат. Бул жылы чабыла элек, табында турган жорго алдыдагы туристтик мезгилдин ачылышында чабылат. Жолдомо утса Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышабыз. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты бышты жорго” аталган.
Эскерте кетсек, быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өлкөбүздө 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ат чабыш түрлөрүнө жолдомо берүүчү жарыштар июлдун аягына чейин болору айтылууда. Автоунаа сыяктуу чоң байгелер чоң жоргого коюлуп келет. Ошондуктан Флагман былтыр жалаң акчалай байгелердин ээси болгон.
Мүнөзү
– Жорго салышта марага келген мүнөт-секундуна карап рекорд коюшат. Флагмандын атасы менен энеси да Америкада көп жолу чемпион болгон рекордчулардан. Атасы – Талдарг. Энесинин атын так билбейт экенмин. Аябай жоош жылкы, алдыга көп умтула бербейт, айдатма жүрөт. Бирок чыдамкай, теминсең башынан аягына чейин алдыда чуркайт. Ичкен-жегени да жакшы. Кээ бир жылкылар жарыштан кийинки калыбына келүү процессинде тамак жебей, арыктап кетишет, бул андай эмес. Ошондуктан кайра бат даярдыкка келет. Быйыл Императрица менен чогуу чоң жорго салышка катышат.
Келечектүү Коттонвуд
– Бул дагы Флагман менен чогуу Америкадан алып келинген Өмүрбек байкенин жылкысы. Баасы жана жол чыгымы менен 30 миң долларга турду. 3 жашта, ата-энесинин аттарын билбейм, бирок Америкада чемпион болуп жүргөндөр. Мындан башка балдары да алдынкы орундарды ээлеп жүргөн жорголор экен.
Коттонвуд былтыр кунан жоргого эки жолу гана катышты – биринчисинде экинчи келсе, 31-августта биринчи келди. Ошол бойдон чабылган жок. Быйыл Ноорузда жана 9-майда өткөн спринт жоргого катышып, экөөндө тең биринчи келди. Эки жылда тең акчалай сыйлыктарга ээ болду.
Мүнөзү
– Коттонвуддун келечеги чоң, азыр эле чоң жоргодогулар менен тең тайлаша алат. Анткени машыгуу маалында күчтүү деп жаткан Императрицаны утуп койгон учурлары бар. Өзгөчө ылдамдыгы бар, жорго эле эмес, анча-мынча күлүктөрдү да басып өтө алат.
Мүнөзү болсо эрке, ойноок. Эч нерседен жалтанбайт, коркпойт. Машыгууда ала качып турса, ат чабышты сезип адамдын ою менен жүрөт – ортосуна кармасаң ортосунда, аягына кармасаң аягында. Ал эми сарайда жүргөндө жанында жүргөн жылкыларга атамандык кылып кыр көрсөтүп, качырып турат. Кийинки жылы чоң жоргого салынат. Келечекте мурунку Чиксон лок, Патрон, Вулкан деген сыяктуу жылкылардын ордун басуучу жорго болот деп турабыз.
“59 жолу чабылып, 41 жолу биринчи келди”
Императрица Өмүрбек Бабановдун өзүнүн сарайында туулган жылкы. Атасы Идеал – Америкадан келген айгыр, энеси Ариет – Франциядан келген. Саяпкер Чубак Жайлообеков атасын да, энесин да таптаптыр. Энеси карьерасында 80 жолу чабылса, ошонун 70ке жакынында биринчи келген рекордчу экен.
– Идеал менен Ариеттин ортосундагы эң ийгиликтүү жылкы Императрица болду. Идеал өлүп калган, бирок энеси дагы деле тууп жатат, бирок мындай бышык жылкылар чыккан жок. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алды, ал жакта чуркоочу, намыс талашкан алдынкы жорголордун бири болот.
Карьерасында 59 жолу чабылып, 41 ирет биринчи, 10 ирет экинчи, 6 ирет үчүнчү келсе, 2 жолу гана байге албай калган. Аябай бышык жылкы, мындайлар аз кездешет. Өзүн кыйнабайт, даярдыкка тез келет, ат чабыштан кийин да калыпка келүүсү 1-2 күн эле. Кээ бир жылкыларга 1-2 айга чейин убакыт керектелет. Ошон үчүн да бир жылда 13-14 жарышка катышат. Ичкен-жегени жакшы, жем-чөптөн баш тартпайт.
Асел Ишенбай кызы