Биз социалдык тармакта

ХОЛЛИ БЕРРИ: “КҮЙӨӨЛӨРҮН КАРМАП КАЛА АЛБАГАН КАНДАЙ АЯЛ ДЕШЧҮ...”

“Кара терилүү актриса, аны тартсак тасмабыз эл аралык рынокко чыкпай калат” деп көп режиссёрлор чакырышпайт” дейт америкалык актриса Холли Берри. Ошентсе да Голливуд дүйнөсүндө өз орду, өз күйөрманы бар экени талашсыз. Кара терилүү актрисалардын арасынан биринчи жолу “Оскардагы” башкы номинация – “Мыкты актрисаны” дал ушул Холли Берри алган. Бүгүнкү күндө А классындагы актриса статусунда, ага кошо режиссёрлукта өзүн сынап жүрөт. Тасмадагы ролу үчүн “аял-мышык” атка конгон атактуу айымдын өмүр баянынан сүртүмдөр. 

 

Ысымы – дүкөндүн аталышы

Апасы Жудит Энн ак жуумал аял, атасы Жером Жесси Берри кара терилүү афроамерикалык. Экөө Кливленд шаарындагы психиатриялык клиникадан таанышкан. Жудит медайым, ал эми Жером айдоочу болуп эмгектенчү. Холлинин өзүнөн 2 жаш улуу Хейди деген эжеси бар, Холли ысымын ошол кезде шаардагы эң популярдуу делген Halle's Department Store супермаркетинин аталышынан алган экен. Тилекке каршы дейбизби же бактыга жараша десек болобу, Холли 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен, себеп – үй-бүлөлүк зомбулук. Ошондон кийин кыздардын жашоосу, тарбиясы, жоопкерчилиги жалгыз апасынын моюнуна жүктөлгөн. Ал эми атасы ажырашкандан кийин биротоло алыстап, экинчи кыздарынан кабар алган эмес.

Расизм

Холли 3-класска чейин кара терилүү окуучулар окуган мектепке барчу. Анда анын апасын көргөн мугалимдер, окуучулар “Холлини багып алса керек” деп ойлошчу экен. 4-класстан баштап башка мектепке которулуп, ак терилүү балдардын арасында калган кыз биринчи жолу расизмге кабылганын, бир топ эле кыйналганын айтат. Адилетсиздикке кичинесинен эле бүт дити менен каршы тургусу келчү. Андыктан өзүнүн мыкты экенин далилдөөгө өткөн. Жогорку класстарда мектеп чыгарган гезиттин редактору болгон, андан сырткары футбол командасын колдоочу топтун жетекчилик кызматын да аркалаган.

“АКШ сулуусу – 1986”

Активдүү, татынакай кыз сүйлөшкөн жигитинин сунушу менен сулуулук сынактарына катышып көрөйүн дейт. 1985-жылы «Америка тинейджер сулуусу» сынагын утса, кийинки эле жылы “Огайо сулуусу” болгон. 1 жыл өтпөй “АКШ сулуусу – 1986” сынагынын таажысын кийген. Бул сынактан кийин АКШнын атынан “Дүйнө сулуусу” сынагына катышып, 6-орунду багынткан. Мындай ийгиликтер Беррини шыктандырып, колледждеги окуусун таштап салып, моделдикке өтүүгө алып келген. Бирок профессионал модель болууга 165 сантиметрлик бою тоскоол болгон. Ошентсе да сулуу бир канча соода бренддеринин көзүнө түшүп, жарнамалык келишимдер түзүлгөн.

1-типтеги кант диабети

Кийимдерди, косметикалык каражаттарды жарнамалоо Холли үчүн жетишсиз эле. Анын үстүнө шоу-бизнес дүйнөсүндө аз да болсо жүзү, аты таанылып калган. Андыктан өзүн актрисалыктан сынап көрүүнү чечет. Дебюттук ролу менен телеэкранга 1989-жылы “Тирүү куурчактар” мини-сериалында чыккан. Бул сериалга тартылуу учурунда кыз эс-учун жоготуп, ооруканага барганда комага түшүп калат. Дарыгерлер ага 1-типтеги кант диабети диагнозун коюшкан. Ошол күндөн азыркыга чейин аталган дарт менен күрөшүп келет.

Кино сыйлыктар

“Дороти Дендриж менен таанышып алыңыз” тасмасы үчүн “Алтын глобус”, “Эмми” сыйлыктарын алган. “Желмогуздардын балы” фильми үчүн “Оскар” статуэткасы берилген. Актриса тартылган белгилүү тасмалар көп эле, арасында “Икс-адамдар” бар, бул франшизада ал Шторм деген фантастикалык каармандын ролунда. 

Карьерасында эң көп гонорар – 12,5 миллион доллар алган “Аял-мышык” тасмасы болгон. Боевик тартуучу топко жана актёрдук курамга популярдуулук жана жакшы каражат алып келгени менен, “эң жамандарга” берилүүчү “Алтын малина” сыйлыгы Холли Берриге ыйгарылган. Башкалар бул аземге барбай деле коюшат, Холли бул “соккуну” татыктуу көтөрүп, атайын бир колуна “Оскардын” статуэткасын көтөрүп барып “Алтын малинаны” сахнадан көтөрүп кеткен.

Актрисанын дагы да көрүнүктүү ролдорун: “Алардын көзү Кудайды көргөн”, “Жон Уик-3”, “Айдын кулашы” тасмаларынан байкасаңыз болот.

Жаракаттар

Экшн, боевик жанрындагы тасмаларда көп трюктарды, уруш сценаларын дублёрсуз өзү аткарганга аракет кылат. Демек, жаракаттардан куру эмес. Мисалы, “Готика” тасмасына тартылуу учурунда колу сынып, 2 ай жумуштан тыныгуу алууга туура келген. “Жон Уикке” даярдык көрүү учурунда 3 кабыргасы сынган, бирок актриса иш процессин токтоткон эмес. Мындан сырткары да колу-бутунун манжалары, кабыргалары сынган учурлар болгон.

Валентина Шевченко менен мушташкан

2014-жылы Холли өзүнүн 606 FILMS аталышындагы продюсердик компаниясын ачкан. Негизги максат – аялдардын эл көрбөгөн окуяларын, арманын чагылдыруу, айрыкча афроамерикалык аялдар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу тасмаларды тартуу болгонун актриса жашырбайт. Режиссёрдук дебюттук тасмасы “Соккулар” деп аталат. Өзү ММА мушкер айымдын башкы ролун жараткан. Бул тасмага актриса 1 жыл даярдык көргөн, ал эми тасмадагы башкы атаандашы – мекендешибиз Валентина Шевченко.

Маек бергиси келбейт

Акыркы 10 жыл аралыгында журналисттерге такыр маек бергиси келбей жүргөнүн айтат актриса. “Жашоомдун үтүр-чекитине чейин ачылып калды. Менин ажырашкан трагедиямды эл “жаңы тамак” катары көрүп, “дагы күйөөгө чыктыбы”, “дагы ажыраштыбы”, “буга күйөө турбайт, демек, мандеми бар”, “күйөөлөрүн кармап кала албаган кандай аял” деген сыяктуу ачуу сөздөрү мени ого бетер депрессияга салып, өзүмө кол салуу аракети да болгон” дейт оор күндөрүн эске салып. Актриса буга чейин 3 ирет турмушка чыгып, ажырашкан. Бир кыз, бир уулдун апасы.

Учурда музыкант, ырчы Ван Хант менен сүйүү мамилесинде. 2026-жылы жигити колун сураганын актриса өзү маалымдап, колундагы шакегин көрсөттү.

Сулуулук иконасы

Холли Берри – сулуулук иконасы деп эсептелинет. Бул статуска жетүү үчүн көп күч, тартип керек дейт өзү. Спорт, туура тамактануу (кетодиета кармайт), ден соолукка убагында кам көрүү. Кызыгы, Холлинин бир бутунда 6 манжа бар, тубаса бул патологияны ата-энеси төрөлгөндө операция ыкмасы менен алып салбаптыр.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1223, 29-май-4-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан