Биз социалдык тармакта

Сурма Тургуналы кызы: “САХНАГА ЖАҢЫ ОБРАЗДА ЧЫГЫШЫМ МҮМКҮН”

Белгилүү ырчы Сурма Тургуналы кызы – бул аптанын каарманы. Маекте эмне үчүн жеке ырчы болууну кыялданарын, жолдошу менен кантип таанышканын жана эмне себептен өзүн күчтүү аялмын деп айта албасын ачыктады. Ошондой эле чыгармачылык кризис, сахнадагы образ, күйөрмандардын кызык сунуштары жана социалдык тармактардагы таң калычтуу билдирүүлөр тууралуу да кеп кылды.

 

– Сурма айым, кандайсыз? Көптөн бери дуэт ырдап келесиз, жеке ырчы болуп чыгуу тууралуу ойлонгон учурлар болобу?

– Жакшы. Албетте, болот. Себеби жеке ырчы болуунун дуэтке салыштырмалуу түйшүгү азыраак. Мисалы, дуэтте концерт, эфирлерге келе албай калсаң, жалпы команданы, кесиптешиңди артка тартасың. Жеке ырчы катары элге таанылсам деген тилегим бар азыр деле.

– Сиз тууралуу эл же күйөрмандар кайсы учурда көп жаңылат?

– Эл биздин дуэтти жубайлар деп ойлошот. Алтургай айрым жаш тамадалар да Тотомидин Жолдошов таякем экөөбүздү “мыкты жубайлар” деп ортого чакырган учурлар болот (күлүп).

– Ырдап жатып ыйлап жиберген учур болгонбу? Болсо, эмне үчүн?

– Дуэттин отчёттук концертинде апамды эл алдына алып чыгып, гүл берип, ыраазычылык айтып, анан “Апа” деген ырымды аткарып жатып ыйлап жибергем.

– Чыгармачыл адам улам изденип, өзгөрүп турушу керек дешет. Сизде өзгөрүү болушу мүмкүнбү?

– Балким, жакын арада сахнага жаңы образ менен чыгышым мүмкүн. Туура, сахна адамы ар дайым изденүүдө болуп, өзүн өнүктүрүп турушу керек. Анткени чыгармачылык бир орунда турбайт. Көрүүчүлөрдү жаңы эмгектер, жаңы идеялар менен таң калтырып туруу маанилүү.

– Чыгармачылык үчүн чоң тобокелге барат белеңиз?

– Тобокелчиликке барбайм. Анткени кандайдыр бир ишке киришкенде анын жыйынтыгы жакшы болсо, анда жакшы. Ал эми күткөндөй болбой калса өкүнүчтүү да. “Сөзсүз хит ыр чыгарам” деп ашыкча убада берип алып, кийин уят болуп калгым келбейт.

– Кээде “чарчап кеттим” деп баарына кол шилтеп басып кеткиңиз келеби?

– Болот. Кайра токтоп, ойлонуп көрөм. Эгер чарчап жатсаң, демек, аракет кылып жатасың. Жетишпей жатсаң, алдыга умтулуп жатасың. Жашоодо эч нерсе оңой келбейт да. Ийгиликтин артында көп эмгек, көп сыноо жана көп жоготуулар турат. Бүгүн ийгиликке жеткен адамдар дагы бир кезде кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Ошондуктан өзүмө дайыма “чарчасаң да токтобо, аракет кыла бер” деп айтып келем. Анткени биздин азыркы жашообуз башка бирөөнүн кыялы болушу мүмкүн. Андыктан колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү баалап, алдыга ишеним менен кадам таштоо керек.

– Дуэт ырдайлы деп сунуш айтышабы?

– Ырчы мырза, айымдардан андай сунуштар түшөт. Бирок “Таалай элеси” тобунда келишим бар. Ар ким менен эле дуэт ырдай берген болбой турганын туура түшүндүрөм.

– Жолдошуңуз сизди биринчи көргөндө эмне деп ойлогонун айтканбы?

– Айткан. “Сени биринчи көргөндө эле ушул кызды алам деп ойлогом” деп айтып калат. Биз таанышкан учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окучумун. Жолдошум курбумдун тууганы болот.

– Жолдошуңуз кызганабы?

– Жашоодо кызганыч ашыкча болбошу керек. Ар кимдин өз көз карашы, өз мүнөзү болот. Адамдын жакшы сапаттарын көрүп, түшүнүү маанилүү. Чыныгы сүйүү ишенимде эмеспи. Бирок кызганчу учурларда кызганат, мырза да. Жөнү жок кызганбайт.

– Сахнадагы ырчы эмес, үйдөгү аял Сурма кандай?

– Үйдө балдарым жана жакындарым менен болгонду жакшы көрөм. Балдарым жаш, мээримге жана көңүл бурууга муктаж, ошондуктан көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракет кылам. Алар менен ойноп, сүйлөшүп, маанайын көтөргөндү жакшы көрөм. Үй жумуштарын жасап, үй-бүлөмө кам көрүүдөн ырахат алам. Үйдө үй-бүлөсүн сүйгөн, камкор айыммын. Ии баса, кызым “Сурманын кызымын” деп күлдүрүп калат. Нарындын келини болгондуктан үйдө эт, камыр тамактарды көп жасайм.

– Сурманын кызы чыгармачылыкка кызыгат окшойт?

– Ырчы болууну кыялданат.Кызым Мукаш Абдраев атындагы Республикалык мектеп-интернатында 3-класста окуйт. Шыгы бар, тартынбайт, эл алдына чыкканды жакшы көрөт. Көңүл борборунда болгонду жактырат. Келечекте ырчылык кесипти тандаса колдойм.

– Апаңыздан уккан эң маанилүү кеңеш?

– Апамдын “көрбөсөң да көргөндөй бол” деген насааты дайыма эсимде. Мен жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Атам чабан болчу. Турмушта барды да, жокту да көрүп өстүк. Ошондуктан апам “көрбөсөңөр да көргөндөй болгула. Назарыңар ток болсун. Ар дайым чынчыл болгула. Колуң жетпеген нерсе болсо кейибе, бар нерсеге шүгүр кыл” деп кеңеш айтчу. Ушул сөздөрдүн өзү чоң тарбия болгон. Бүгүнкү күнгө чейин апамдын ушул насааттарын жашоодо карманууга аракет кылам.

– Эгиз уулдарыңыз чоңоюп калыштыбы? Мүнөздөрү кандай, алардын кайсы кылыктары көп күлдүрөт?

– Экөөнүн мүнөзү эки башка, бири тентек, экинчиси жоош. Кыйналган учурлар артта калып келе жатат, буюрса. Уйкусуз түндөр, бири ооруса, экинчиси да ооруйт. Ооруп калган учурда аябай эле кыйналасың. Эгиздерди чоңойтуш оңой эмес, миңден бир кишиге Кудайым сүйүп берет экен. Шүгүр, аман-эсен там-туң басып калышты. Бири жасаганды экинчиси кайталаганы, тентектиктери көп күлдүрөт. Мени талашышат. Мага экинчи болуп чуркап келгени сөзсүз ыйлайт, мен жеңилип калдым дегенсип.

– Эне катары өзүңүздү өзүңүз кандай учурда күнөөлөйсүз?

– Балдарыма жетиштүү убакыт бөлө албай, алардын жанында боло албай калганымда өзүмдү жаман сезем. Анткени жумуш, концерттер, той-топурлар көп убактымды алат. Балдар кичине кезде аларга тамак жасап берүү, сабактарына көңүл буруу, ар бир ийгилигине кубануу – чоң бакыт. Кээде тартуу иштери менен жүрүп алардан алыста болгондо өзүмдү күнөөлүү сезген учурлар болот. Бирок балдарым үчүн эмгектенип жатам деп өзүмдү сооротом.        

– Социалдык тармактарда кандай адамдар сизди таң калтырат?

– Эч нерсе билбей, көрбөй туруп эле мени менен чогуу жашап жаткандай болуп жашоомду талдап, баа берип койгондорго таң калам. “Бул таякесине тийип алган турбайбы” деген сыяктуу сөздөрдү укканда дагы таң калбай коё албайм. Ар кандай сөздөр айтылып, ар түрдүү кептер тарай берет. Бирок чындыкты мен жана жакын адамдарым гана билишет. Ошондуктан негизсиз ушак-айыңдарга көңүл бурбай, чыгармачылыгым менен алектенгенди туура көрөм.

– Өзүңүздү күчтүү аялмын деп эсептейсизби?

– Күчтүү аялмын деп айта албайм, бирок күчтүү аял болууга аракет кылам. Анткени күчтүү аял болуу үчүн чоң эмгек, сабырдуулук керек. Жашоодогу ар кандай тоскоолдуктарга моюн сунбай, аларды мүмкүнчүлүккө айланта билүү маанилүү. “Жашоо сага лимон берсе, андан лимонад жаса” деген сөз бар эмеспи. Мен дагы ар бир кырдаалдын жакшы жагын табууга аракет кылам. Артымдан кандай сөз айтылбасын, кандай тоскоолдук жаралбасын, ага даяр болуп, колдон келишинче туура чечим кабыл алууга умтулам.

– Концерт берүү боюнча пландар барбы?

– Учурда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, быйыл жана келерки жылы күйөрмандарыбызга концерт беребиз деген максаттар бар. Ырларыбыз куржунда. Кудай буюрса, жакынкы убактарда көрүшөбүз.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан