Биз социалдык тармакта

МАКАО – АЗИЯНЫН ЛАС-ВЕГАСЫ

Кытайдын атайын административдик райондорунун бири – Макао. Макао тууралуу буга чейин деле угуп жүрсөңүз керек. Биздин футбол боюнча курама командабыз “Ак шумкарлар” Азия Кубогуна тандоо оюндарында Макао курама командасы менен беттешкени да бар. Бул макалабызда “Азиядагы Лас-Вегас” атка конгон Макаого сиз менен бирге саякаттап келели, окурман. 

 

Жайгашкан жери: Кытай

Негизделген жылы: 1557-жыл (португалиялык колония)

Аянты: 119,3 чакырым2

Жашоочуларынын саны: 683 700 адам (2023-жылдын эсеби менен)

Тили: кытай жана португалия тили

Валютасы: патака

Португалиялык Макао

Макаодогу жашоо образы биздин заманга чейинки 4-2-кылымдардан бери эле келе жатат дешет тарыхчылар. 442 жыл Португалиянын колониясында болуп, бул аз эмес убакыт аралыгы аймактын маданиятына, архитектурасына түзмө-түз таасирин тийгизген. Кытай бул аймакты расмий түрдө 1999-жылы гана өз карамагына өткөргөн. Андыктан Макао өзүнө Европанын да, Азиянын да мурасын, тарыхын, маданиятын камтып, сактап турат.

 

Географиясы

Аянты жагынан анча чоң эмес аралда субтропикалык деңиз климаты өкүм сүрөт. Арал Түштүк-Кытай деңизинин жээгинен орун алган. Макао жарым аралдан ошондой эле Тайпа жана Колоан деп аталган эки аралдан турат. Бул аралдар бири-бири менен тоннел, көпүрөлөр аркылуу байланышат. Андыктан аралдарды аралоо ыңгайсыздык жаратпайт. Жай айлары ысык, нымдуу болсо, кыш мезгили анча суук эмес, жумшак өтөт. Токойлор, жайыт жерлери жок, жергиликтүү жашоочулар айыл чарбасы менен алектенип, жашылдандыруу иштеринин баарын кол менен жасашат.

 

Архитектурасы

Европаны элестеткен асман тиреген имараттарды, соода борборлорун кыдыргың келеби, Макаого кел! Азиянын эстетикасын, сулуулугун, ыйык жайларын көргүң келеби, Макаого кел! Деңиз бойлой сейилдегиң келеби, Макаого кел! Эл көп баспаган, тынч көчө, жергиликтүүлөрдүн жашоосун көргүң келеби, Макаого кел! Кытайдын көп түрдүү ашканасын, деңиз азыктарын сүйөсүңбү, анда Макаого кел! Казино жана башка кумар оюндарын ойноп көргүң келеби, Макао кучак жайып тосуп алат! Дал ушул сыяктуу чакырыктар менен туристтерди өз аймагына тартышат. Европадан келгендер Макаону “кадимки эле Лас-Вегас экен” деп кетишет. Азиянын Лас-Вегасына саякаттап келүү жакшы чечим.


Азиядагы оюндардын борбору

Акчалуу туристтер эмнеге Макаону жакшы көргөнүнүн дагы бир себеби бар. Анткени бул жер Азиядагы кумар оюндардын борбору деп эсептелинет. Казинодон түшкөн каражат аралдын экономикасынын өзөгү. Жергиликтүү калктын 80 пайызы казинодо иштейт. Маалыматтар боюнча, Макао Лас-Вегаска караганда казинодон көбүрөөк пайда табат делинет. Калкынын жашоо узактыгы орточо 80-85 жашты түзүп, статистика боюнча дүйнөдөгү көп жашаган адамдардын катарына киришет.

 

Тынч эс алуу

Казинодон алыс болгусу келгендер Колоан аралына барса болот. Ал аралда табигый ландшафт, жапыз үйлөрдүн түрүн көрөсүз. Макаодо Хак Са деп аталган пляж бар. Анын узундугу 1 чакырымга созулат, пляждын өзгөчөлүгү – жээктеги кум кара түстө. Деңиз түбүндөгү минералдар толкун менен жээкке сүрүлүп чыгып, ошол минералдардын таасири менен кум кара түскө ээ болот экен. Шаарда тынч эс алчу жайлар да көп. Таң атпай туруп кофейняга кирип кофе ичип, деңизге суктанасыз. Кечкисин жарыктардын курчоосунда кайрадан деңиз толкундарынын коштоосунда тамактанып, жээк бойлой сейилдеп же шаар кыдырсаңыз жарашат.

 

Ашканасы

Көп түрдүү. Европа ашканасы, кантон, түштүк азиялык ашкана тамактарынын баары бар. Деңиз азыктарын сүйүүчүлөргө көз алдында кармап, бышырып беришет. “Фирменный” тамактарынын катарына туздалган треска балыгынан жасалган бакалхау кирет. Андан сырткары түрдүү татымалдар кошулган африкаан чикенди, минчи деп аталган пирожкилерди, португалиялыктардын пастель-де-ната аттуу пирожноесин жеп көрүңүз. Шаардын көчөлөрүн бойлой бассаңыз, түрдүү көчө тамактарын саткандарга туш болосуз, аз-аздан жеп көрүү керек.

Экзотикалык тамак жеп көрөм дегендерге, баканын бутун кууруп беришет же акуланын кайсы бир дене бөлүгүнөн шорпо сунушташат. Айтор, табитке жараша баарын тапса болот.

 

Калкы

Макао эли эң жыш жашаган аймак делинет. Бул жерде 70тен ашык улуттун өкүлдөрү жашап, Азиядагы эң көп улуттуу райондордун катарына кирет. Кытай жана португалиялыктардан сырткары Индиянын өкүлдөрү көп, анан да Улуу Британия, Филиппин, Япония жана башка мамлекеттен көчүп келгендер бар. Көп улутка жараша шаардын маданияты, архитектурасы, ашканасы да түрдүү өзгөчөлүккө ээ.

 

Билим

Макао эл аралык стандартка жооп берген билим берүү системи менен таанымал. Мектептеринде жана жогорку окуу жайларында билим кытай, португалия жана англис тилдеринде берилет. Макаодогу университеттер Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарында.

Жакшы билим болгон жерде баары өнүгөт эмеспи. Макаодогу медицина да жогорку деңгээлде. Заманбап медициналык кызматтарды көрсөтүшөт. Коомдук транспорт коопсуз жана ыңгайлуу системдештирилген.

Тарыхый мурастары

Тарыхый мурас катары бузулбай, тескерисинче, коргоого алынган жайлары бар:

 Эски форт – бул жерден шаардын толук көрүнүшү көз алдында болот.

 Ыйык Павел соборунун урандылары – шаардын визиттик картасы жана анын колониянын курамында болгонунун белгиси.

 Сенаду аянты – португалиялык стилде салынган, тарыхый эски имараттар менен курчалган аянт.

 А-Ма ыйык жайы – А-Ма аттуу деңиз Кудайына сыйынган ыйык жер, Макао аталышынын тарыхы да А-Ма Кудайына байланыштуу.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан