Дүйнөлүк атактуулукка жеткен адамдардын балдары “чыгармачылыкта өз ордуңду табуу кыйын, эмне кылсаң да ата-энесинин аркасы менен жеткен деген сөз айтылат” деп калышат. Макалабызда ата-энесинин салымы бар, бирок өз таланты менен да алардан ашып түшүүгө аракет кылган белгилүү адамдар тууралуу сөз кылабыз.
Жонни Депптин кызы Лили-Роуз Депп
Жонни Деппти ким тааныбайт, улуу-кичүү дебей баары билет. Депп менен француз актрисасы жана ырчысы Ванесса Парадинин Лили-Роуз аттуу татынакай кызы бар экени көпчүлүктүн эсинде. Лили кичинекей кезинде апасындай ырчы болом деп ойлочу. Бирок бир жолу мода көргөзмөсүнө катышып калып, ошондон кийин келечеги мода дүйнөсүнө байланган. 16 жаштагы кыз Chanel’дин көргөзмөсүнө катышып, атактуу дизайнер Карл Лагерфельддин музасына айланган экен. Ошондон бери бул бренддин сүйүктүү модели. Интернет желесинде Лилиге карата хейттер көп “ата-энесинин аркасы менен подиумда жүрөт” деген. Бир ирет сулуу “ата-эненин атагы мүмкүнчүлүктүн эшигин ачышы ыктымал, бирок андан аркы кадамды өзүң ташташың керек, колуңдан келбесе бат эле эшикти жаап коюшат” деп жооп берген хейтерлерге.
Учурда Лили-Роуз мода, кино дүйнөсүндө ийгиликтүү карьера жаратып келе жатат, социалдык тармакта 8 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Мунун баары ата-энесинин эле аты менен түптөлдү деген катачылык болуп калат.
Уилл Смиттин династиясы
Америкалык актёр, “Оскар” ээси Уилл Смиттин үй-бүлөсүн шоу-бизнес дүйнөсүндөгү династияларга кошобуз. Жубайы Жада Пинкетт-Смит күйөөсүндөй популярдуулукка жетпесе да, өз күйөрманы бар актриса, ырчы, режиссёр.
Биринчи жубайынан уулу Трей Смит актёр, ырчы катары күн көрүп келет. Музыкалык фестивалдарда жана башка жайларда диджейлик кызматты да аркалайт.
Балдарынын арасынан эң популярдуусу – Жейден Смит. Жейден да музыкант, актёр жана Christian Louboutin мода үйүнүн мырзалардын бут кийим чыгарган бөлүмүнүн креативдүү директору. 8 жашынан киного тартылып баштаган. Атасы менен тең тайлаша акча табуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кызы Уиллоу Смитти ырчы катары баалагандар көп. Өзүнүн музыкасын жаратканды жакшы көрөт. Киного да аралашкан. Үй-бүлөсүнүн популярдуулугу менен сыймыктанарын айтат.
Ата-энесинен “ашкан” Майли Сайрус
Азыр ырчы Майли Сайрустун ата-энесин эстегендер аз же болбосо улуу муундун өкүлдөрү билет десек жарашат. Атасы Билли Рэй Сайрус 90-жылдары популярдуу кантри-музыкант болчу. Шоу-бизнес чөйрөсүндө чоңойгон кыз 9 жашында атасы катышкан тасмада эпизоддук ролго тартылган. Камера алдында иштөө ушунчалык жаккандыктан ал атасына “мен ким болорумду билдим, актрисалык окууга окуйм” деген. 13 жашында Disney Channel телеканалы тартып жаткан “Ханна Монтана” сериалына башкы каармандын курбусунун ролуна кастингге барган. Бирок анын чукугандай сөз тапкычтыгы, тамашакөйлүгү, анан да вокалдык талантын жогору баалап, башкы персонаждын ролуна бекитишкен. Сериал экранга чыккандан кийин Disney Channel’дин эң ийгиликтүү долбоорлорунун катарына кирип, дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Атактуулук келгени менен, өспүрүм кыздын амплуасынан чыгуу Майли үчүн оор болгон. Бир мезгилдерде эпатаждуу образдар, келбетиндеги, чач жасалгаларындагы кескин өзгөрүүлөр, “ачылып-чачылуулар” дал ошол өспүрүмдөн чоң адамдын амплуасына кирүү аракети болгонун өзү айтат.
Учурда Майли ырчы, көптөгөн чыгармалардын автору, музыкант. Музыка дүйнөсүндө эң абройлуу делген “Грэмми” сыйлыгынын ээси. Мурда “Билли Рэй Сайрустун кызы” делсе, азыр “Майли Сайрустун атасы” болуп өзгөргөн. Атасынан тапкан каражаты он эселеп жогору турат.
Николь Флендердин баласы Тимоти Шаламе
Николь Флендерди тааныйсызбы? Ал эми Тимоти Шаламеничи? Экинчи инсанды тааныгандар көпчүлүк болот болуш керек. Николь Флендер да 90-жылдары карьерасын түптөгөн актриса, бийчи. Актрисанын атасы белгилүү жазуучу жана сценарист Гарольд Флендер болгон. Николь чыгармачылык дүйнөсүндө шумдук атактуулукка жеткен эмес. Ал эми уулу Тимоти Шаламе бүгүнкү күндө Голливуддагы эң көп гонорар алган популярдуу актёрлордун катарында.
Дензел Вашингтондун көчүрмөсү
Голливуддун кыймылдабай бир калыпта жүргөн, картайбас актёрлорунун бири – Дензел Вашингтон. Анын жолун жолдогон уулу бар, Жон Дэвид Вашингтон деген. Жон чыгармачылыкка келмек эмес, кичинесинен спортко жакын болчу. Америкалык футбол түрүндө ийгиликтүү карьера түптөп келе жаткан. Бирок бутунан оор жаракат алып, спортту жыйыштырууга аргасыз эле. Спорттон кийин киного аралашып, окуп, тажрыйба топтоп баштаган. Учурда ондон ашык картинага тартылды. Арасынан эң ийгиликтүүсү деп “Довод” аттуу тасманы айтсак болот.
Атасынын “көлөкөсүнөн” эптеп чыккан Скотт Иствуд
90-жылдары шляпа кийген рейнджерлер тууралуу тасмалар көп тартылчу эле. Ошол мезгилден азыркы мезгилге чейин актёр Клинт Иствуд карьерасын токтоткон жок. Убагында канчалаган сулууларды артынан чуркаткан, краш болгон актёрдун да "красавчик" мураскери бар, Скотт Иствуд аттуу. Скотт кино дүйнөсүнө атасынын арты менен келгенин жашырбайт. Алгачкы жолу 2006-жылы атасы тарткан “Биздин аталардын желектери” аттуу аскер тематикасындагы тасмага тартылган. Андан кийин да атасынын жанында жүрдү, актёрлуктагы негизги тажрыйбаны атасынан алды, үйрөндү. Бара-бара Скоттко “атасынын баласы” деген сөздөр жакпай баштаган, анын “көлөкөсүнөн” чыккысы келген. Мындай мүмкүнчүлүк 2010-жылы колго тийип, режиссёр Жек Хеллердин “Эч жакка кирүү” тасмасына чакыруу алат. Дал ушул тасмадан кийин Скотт Иствудду атасынын эле уулу эмес, чыныгы актёр катары баалай башташкан.
Асыл Орозбекова