Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КЫЛГАН 10 ӨЗГӨЧӨЛҮК  

Кыргыз эли – тарыхтын бороон-чапкынына моюн бербей, өзүнүн тилин, дилин, динин жана наркын сактап келген байыркы элдердин бири. Элдин күчү куралында эмес, рухунда болгон. Кыргызды кыргыз кылып турган нерсе – анын улуттук өзгөчөлүктөрү, ошону тарыхый мисал менен кошо айтып берели дедик.

 

1. Эркиндик

Кыргыз үчүн эркиндик – бул жөн гана укук эмес, жашоонун маңызы. Кылымдар бою кыргыз эли өзүнүн жерин, элин жана намысын бекем коргоп келген. Ата-бабаларыбыз эркиндик үчүн күрөшүп, керек болсо жанын берген, бирок рухун сындырган эмес. Кыргыздын канында эркиндикке умтулуу бар. Ошондуктан бул эл эч качан кулдукка көнгөн эмес.

Тарыхый мисал: XVIII кылымда жунгар баскынчылыгы күчөгөндө кыргыз уруулары толук жок болуп кетүү коркунучуна туш болгон. Моңгол баскынчылыгына туш болгондо аны кырылып кетүүдөн көрө алардын салыгын төлөп, бирок улут катары эркин калууну элчилик аркылуу сүйлөшүшкөн. Оор убак болгондо душманга багынып бербей тоолорго чегинип, кайрадан күч топтоп күрөшүн улантышканы тарыхтан жакшы белгилүү. 

2. Намыс

Кыргыз тарыхында намыс эң бийик баалуулук болуп эсептелген. Байлык жоголушу мүмкүн, бийлик өзгөрүшү мүмкүн, бирок намыс жоголбошу керек деп билишкен. Намыстуу адам өзүнүн гана эмес, бүтүндөй элинин аброюн ойлойт.

Тарыхый мисал: 1916-жылдагы Үркүн маалында миңдеген кыргыздар падышалык бийликке баш ийгенден көрө деп, катаал ашуулар аркылуу Кытайга өтүүнү тандаган. Өмүрүн тобокелге салса да, намысын сактоону артык көрүшкөн.

3. Мыкты эс-тутум

Кыргыздар тарыхын ташка эмес, жүрөккө жазган. Анткени жазууну билбегени менен, ооздон оозго өтүп эпостор, дастандар урпакка берилип келген. Оймо-чиймелер, тарых, санжыра сөз менен кылымдар бою сакталып азыркы убакка чейин жеткен.

Тарыхый мисал: "Манас" кылымдар бою кагазсыз эле муундан муунга өтүп келген. Миллиондогон саптарды жатка айтып берген манасчылар дүйнөлүк маданияттагы сейрек көрүнүш болуп саналат.

4. Сөз багуучулук 

Кыргыз – сөз өнөрүн төбөсүнө бийик көтөргөн эл. Бир ооз таамай сөз кээде шилтенген кылычтан да күчтүү болгон. Ошондуктан чечендер, акындар, манасчылар эл ичинде өзгөчө кадыр-баркка ээ болушкан.

Тарыхый мисал: Көптөгөн уруулардын ортосундагы чырларды бийлер кылычтын күчү менен эмес, жөндүү сөз менен чечишкен. Буга мисал, Алымбек датка менен Жангарач бийдин элдин ынтымагын бекемдөө тандемин айтсак болот.

5. Улууну урматтоо

Кыргыз коомунда аксакалдардын орду өзгөчө болгон. Эл башына күн түшкөндө акылман адамдардын сөзү жол көрсөткөн. Батаны кыргыз жөн сөз эмес, руханий күч катары кабыл алган. Улууга урмат көрсөтүү аркылуу кыргыз өзүнүн тарыхына жана тамырына таазим кылат.

Тарыхый мисал: Ормон хан учурунда дайыма Калыгул олуядан акыл сурап, кеңешкени айтылат. Ал эми сөздүн касиетин билген Жантай хан уулу Шабдан баатырга бата сураган. Манас баатыр канчалык күчтүү болбосун, Бакай абасынын жолун эч качан кыя өтпөгөн деп айтылат.

6. Меймандостук

Кыргыздын боз үйүнүн эшиги ар дайым ачык болгон. Конок тосуу кыргыз үчүн салт эле эмес, адамгерчиликтин белгиси. Колунда аз болсо да бөлүшүп жеген, алыстан келген адамды төрүнө чыгарган элдин кеңдиги анын руханий байлыгын көрсөтөт.

Тарыхый мисал: 1930-1933-жылдардагы Казакстандагы чоң ачарчылыкта миллиондогон казактар ачарчылыктан качып, коңшу республикаларга, анын ичинде Кыргызстанга өтүшкөн. Аларды кыргыз айылдары кабыл алып, мүмкүнчүлүгүнө жараша тамак-аш, баш паанек берип жардам көрсөтүшкөн. Изилдөөлөрдө Кыргызстанга он миңдеген, айрым маалыматтар боюнча, жүз миңден ашуун казак качкындары келгендиги айтылат.

7. Табиятка жакындык

Кыргыз эли жаратылышты эне катары көргөн. Тоолордон күч алган, жайлоодон дем алган, сууну ыйык көргөн. Табият менен болгон бул байланыш кыргыздын дүйнө таанымын калыптандырып, аны сабырдуулукка жана каниеттүүлүккө үйрөткөн.

Тарыхый мисал: Аба ырайын билген көчүн бузбайт, табиятты билген жолун жоготпойт деген түшүнүк кыргыздын жашоо философиясынын бир бөлүгү болгон. Көп учурда алардын байкоолору азыркы метеорологиялык мыйзам ченемдер менен да дал келип турат, анткени алар кылымдар бою жаратылышты тынымсыз байкап жашашкан. Айга карап, жылдызга карап жыл кандай болорун жоромолдоп турушкан.

 8. Минимализм философиясы

Бүгүн дүйнөдө “минимализм” деген түшүнүк популярдуу болуп жатат. Бирок кыргыз эли бул философияны китептен окуп эмес, кылымдар бою жашоо образы катары колдонуп келген. Көчмөн кыргыз өзүнө керексиз нерсени жыйнаган эмес. Анткени ар бир буюм көчкөндө жүк болот.

Тарыхый мисал: Боз үйдүн ичиндеги ар бир буюмдун өз орду жана өз милдети болгон. Керексиз буюм сакталбаган. Ата-бабаларыбыз таштан сарай курган эмес. Бир күндө тигилип, бир күндө жыйналган боз үйдө жашаган. Анткени алар үчүн кыймылсыз мүлктөн да эркиндик баалуу эле.

9. Аялзатка урмат

Кыргыз тарыхында аялдар үй-бүлөнүн гана эмес, мамлекеттин тагдырына таасир эткен инсандар болгон. Аялдар унчукпай, оюн айтпай отура берген деген түшүнүк талаш маселе. Жоого аттанса гүлазык, ок-дарысын белендеп, керек болсо согушта үзөңгүлөш да болушкан.

Тарыхый мисал: Курманжан датка оор мезгилде бүтүндөй Алай аймагын башкарган. Анын саясий даанышмандыгы миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган. Жаңыл мырза бүтүндөй бир урууну башкарган.

 10. Руханий тазалык

   Кыргыздын чыныгы байлыгы анын руханий дүйнөсүндө. Ыйман, адеп, уят, абийир, каниет жана боорукерлик сыяктуу түшүнүктөр элдин жашоосунун негизи болгон. Ата-бабаларыбыз адамдын улуулугу байлыгында эмес, жүрөгүндө деп эсептешкен.

Тарыхый мисал: “Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа” деген накыл кептин өзүндө эле эмне деген маани жатат. Жыйынтыктап айтканда, кыргыз элинин күчү анын санында эмес, рухунун таза жана бийиктигинде. Бул элди кылымдар бою сактап келген нерсе – эркиндикке болгон сүйүү, мекенге болгон берилгендик, намыс, биримдик жана ыйман.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1224, 5-11-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан