Биз социалдык тармакта

Роза Шакирова, ырчы: “ЭСТРАДАНЫ ТАНДАП ТУУРА КЫЛЫПТЫРМЫН”

Бул ирет биз белгилүү ырчы Роза Шакирова менен маектештик. Чыгармачылыктагы жаңылыктары, үй-бүлө, бакыт жана жашоодон алган сабактары тууралуу ачык-айкын пикир алышып, окурмандарды кызыктырган суроолорго жооптор айтылды. 

– Саламатсызбы, Роза айым, көптөн бери маек бербей жүрдүңүз. Жакшы жүрөсүзбү?

– Саламатсыздарбы. Ооба, көптөн бери маек бере элекмин. Жакшы жүрөм. “Жашоо бар, жашаш керек” деген сөз трендде эмеспи, ошону айтып коюп жүрөм (күлүп).

– Азан чакырылып коюлган атыңыз Орозкүл экен. Кийин элге Роза деп таанылдыңыз, ысымдын адам тагдырына таасири тиет деп ойлойсузбу? 

– Жок, тагдырга тиешеси бар деп деле ойлобойм. Ата-энем “Розанда, Роза” дешчү мени, анткени Орозкүл деген тууганыбыз бар эле. Тагдырга таасири тиет деп атымды өзгөрткөн жокмун.  Бирок бир кызык нерсе бар: азыр расмий жумушта иштейм. Ал жактагылар “Орозкүл Кенжеевна” дешсе, “кимди айтып жатышат?” деп эки жагымды карап алып, анан мен экенимди байкап калам (күлүп). Менимче, ат койгондо ойлонуп, бала чоңойгондо ошол ат ага жагабы, ийгилик алып келеби деп коюш керек. Мисалы, Роза деген ысым мага чоң ийгилик алып келди.

– Расмий жумушта иштейм деп калдыңыз, кайсы жерде сыр болбосо?

– Сокулуктагы “Ак саамай” ансамблинде солисткамын. Анан Беловодскийдеги маданият үйүндө ырчы болуп иштейм.

– Негизи опера ырчысысыз. Кийин эстрада тармагына өтүшүңүз тез таанымал болуу үчүн жасалган кадам беле?

– Эстрада тармагын жалпысынан кирешелүү деп айтса болот. Бирок ага деле аракет керек. Мен Бишкекке “окуйм” деп дегдеп келгенде музыкалык окуу жайда ырчылык бөлүм толуп калыптыр. Аргасыз үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшыргам. Кларнет чертчү элем. Алты айдан кийин мени ырчылык бөлүмгө которушту. Биринчи күндөрдө эле ыйлап калдым, анткени операда ырдоону жакшы түшүнбөйт элем, жөн эле ырдасам болмок деп капа болдум. Бирок кийин операны сүйүп калдым. Кийин окуумду уланттым, операны сүйгөнүм менен, жолумду ал жаатта уланткан жокмун. Анткени жан дүйнөм комузга, фольклорго, эстрадага жакын эле. Көп жерден комуз менен ырдасам эл катуу сүрөшчү, азыр ырас эле эстрадага кетип калыптырмын деп ойлойм.

– Сиздин үнүңүз ырчы Гүлнур Сатылганованын үнүнө окшошуп кеткендей сезилет...

– Жок, үнүм окшош эмес, мен аны атайылап туурайм да (күлүп). Гүлнур эженин үнү өзгөчө сонун үн эмеспи. Бишкекке келгенимде анын үнүн башкаларга туурап берип койчу элем. Азыр деле кээде өзүнө телефон чалып, үнүн туурап ырдап берип коём (күлүп). Бир окуя болгон, биз студент кезде азыркыдай жумуштар жок эле. Официант болоюн десем, кыйраткан “орусчам” жок, анын үстүнө жумушка фигурасына карап алышчу. Анан курбум аркылуу жумуш таптым, ал көп кабаттуу үйлөрдүн подъездин жууп иштемей эле. Ошол үйдө Гүлнур Сатылганова да жашайт экен, кийин башка жерден жумуш табылып калды беле, айтор, ал жумуштан кетип калгам (күлүп).

– Адегенде “Туңгуч” театрында солист болгон экенсиз...

– Ал кезде курбум менен батирде жашачумун. Ырчылардын жашоосу эми белгилүү да, кошунабыз той берип, мен барып ырдап калдым. Ырдап жатсам, отургандар дүрбүп “бирөө келди” деп калышты. Мен ырымды токтотпой аягына чейин ырдап бүттүм. Келген коноктор Асылбек Өзүбеков жубайы экөө экен. Ага үнүм жагыптыр, “ырыңды тээ алыстан угуп жактырып, ырдап бүтсүн деп ичкери кирбей турдум” деди. Ошентип агай аркылуу “Туңгуч” театрына кирип калгам. Ишке орношкондон 2-3 күн өткөндөн кийин эле Таласка гастролго кеттик, эки-үч номер тартуулангандан соң мини-диск иштебей калды. Мен комуз менен баргам, анда менин фонограммага жазылган ырым жок эле. Диск иштебей калганда “чык, Роза” дешти. Төрт-беш  ырды катар ырдадым. Ал кезде беш миң сомдук купюра жаңы чыгып жатса керек эле, ошондон бир топ кыстарышты. Мен  тим эле болбой калдым, асманда калкып (күлүп).

– Жаш кезде кыялдар чексиз болот эмеспи. Мурдагы кыялдардын канчасына жеттиңиз?

– Чыгармачылык жактан Кудайга шүгүр, көп нерсеге жетиштим. Дагы жасай турган иштерим болот, буюрса. Ал эми жеке жашоомдон айтсам, бир эле бала төрөдүм. Кыялдарымдын бири – көп балалуу болуу эле. Эми азыр деле кеч деп айтпайм, Кудайым берерин унутпасын. Балама шерик төрөп алайын деп аракет кылдым, бул да буйрук экен. Эмнегедир эми төрөп каламбы деп ойлоп жүрөм. Ооба, кыялдарымдын көбүнө жетиштим. Айтмакчы, жаш кезимде опера ырчысы болуп Италияга кетем деп кыялданчумун. Апам “кетсең топурагымды түйүп берем” деп туруп алган. Ошондо апам туура эле токтотуп коюптур. Ал жакка барып эмне кылмакмын?

– Балаңыз канчага чыгып калды?

– 18 жашка чыкты, быйыл мектепти бүттү. Атасы уулун аскерге барып кызмат кылсын дейт, мен окусун дейм. Балам өзү да    дей берет. Антсе мен “кайсы жакка аскерге барсаң, ошол жерге кызматка кирип алам” деп калам. Азыр ойлосом, мурун балама деген тарбиям бир аз туура эмес болгон экен. Бир күндө жүз жолу телефон чалчумун. Бир жыл болуп калды, баламды Кудайга тапшырып, көзөмөлдү азайттым. Чоңойгондо өзү деле үйгө турбай калат экен. Мен жумшак болгонум менен, атасы катуу тарбиялайт.

– Кандай кайнене болом деп ойлойсуз. Балаңызды кызганбай оңой эле коё бере аласызбы?

– Менден мурун атасы кызганат окшойт деп ойлоп калдым. Анткени уулум жакында бир кыз менен сүйлөшүп калды. Мен “паркка алып бар, киного алып кир” деп акча берип жаттым. Атасы болсо “кечке эле ошол кыз менен жүрөбү?” деп жинденип жатты. Мен уулумдун бирөөнү сүйүп жатканын көрүп өзүнчө эле толкунданам десең. Эркек сүйүш керек, ошондо тажрыйба алат, чоңоёт деп ойлойм.

– Убакытты артка кайтаруу мүмкүн болсо, азыркы Роза Шакирова андагы жапжаш кыз Орозкүлгө эмне деп кеңеш айтмак? 

– Орозкүлгө “билим ал, көп оку, тарыхты изилде” деп айтмакмын. Азыр деле кеч эмес окуганга, бир нерсе кылууга эч качан кеч эмес деп ойлойм. Мени жакындарым “жарым жылдан бери өзгөрдүң” деп айтып калышты. Анткени ушул аралыкта аябай изилдеп жатам, кеч боло электе өзүмдү тапкым келет. Ошондой эле “баарына тегиз жагышым керек деп убара боло бербе” деп кеңеш айтат элем. Баары сени жактырганга милдеттүү эмес, сен да баарына жагууга милдеттүү эмессиң.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан