Биз социалдык тармакта

Мирлан Баеков, ырчы: “МЫНДАЙ УНАА БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМ БОЛЧУ”

“Бул автоунаамды бала кезимдеги кыялымды ишке ашыруу үчүн бир көргөндө жактырып, сатып алдым” дейт ырчы Мирлан Баеков. Айтымында, айдап жүргөнүнө 1 жылдан ашты, жолго таштай элек. Кептин нугу ырчы мырзанын темир тулпары жаатында уланат. 

Үлгүсү – Mercedes Benz Sprinter. Жүргүнчү жана жүк ташууга ылайыкташкан микроавтобус, 7 орундуу

Чыгарылган жылы – 2005-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2700 сантиметр куб 

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 180 чакырым

Баасы – 18 миң 500 доллар 

 

“Ичинде телевизору, муздаткычы бар”                

 – Бул унаамды ыңгайлуулугуна жана гастролго чыкканда ичине көп нерсе бата турганына карап, анан бала кездеги жер кыдырып саякаттоо кыялымды ишке ашыруу максатында сатып алганыма 1 жылдан ашты. Ичине 7 адам батат. Мурдагы ээси туристтерди ташууга ылайыктап салонун жакшы жасалгалаптыр. Ичинде телевизору, муздаткычы, алтургай чай кайнатуучу электр чайнеги да бар. Бала кезде дал ушундай ыңгайлуулуктары бар унааны самачу элем. 

Бала кездеги кыялымдын пайда болушун айтсам мындай: 3-классымда атам бүктөлө турган, кызыл түстүү Кама велосипедин сатып берди. Аны 11-классты бүткөндөн кийин да 5 жыл тептим. Бишкектен айылга барганда тээп, кайра бүктөп, эч ким колдонбосун деп тамдын чатырына асып коюп кетчүмүн. 7-8-классымда велосипедчен туристтерди көрүп, суктанып, аларды туурачумун. Алар чарчаганда токтоп, тамактанып, эс алып, анан кайра жолдорун улап кетишет эмеспи. Мен да баштыкка салынган нан, жармамды велосипедиме артып алып, бизден 30 чакырым алыста жашаган таенемдикине барчумун. Өр жерден өтүп чарчаганда токтоп, жармамды ичип, нанымды жеп эс алганыма куштар болчу элем (жылмайып). Ошол кезде кийин узак жолго ыңгайлуу, ичине керектүү нерселердин баары бата турган унаа алып жер кыдырсам дечүмүн. Дос балдар болуп коңшу айылдарды да далай кыдырдым велосипедим менен. Ошого бул унаамды көргөндө эле ойлонбой туруп “алам” дедим. Өңү да жакшы көргөн кызыл велосипедиме окшош.

 

“Бир жери чийилип калса дароо оңдотпосом кыжалат боло берем”

– Мурун Кама велосипедим менен Токтогулду кыдырсам, бул унаам менен Кыргызстанды, алтургай дүйнө кыдырсаң болот. Мен муну алганы тойго чакыруу, гастроль менен Кыргызстандын ар бурчуна барып жатам. Ичинде аккордеонум, тойго кийчү кийимдерим дайым жүрөт. Буюрса, убакыт болгондо үй-бүлөм менен биз бара элек Кыргызстандын кооз жерлерин кыдыруу пландарым бар. Бишкектин ичиндеги  тойлорго келинчегимдин унаасын айдайм. Дизелдик май менен жүрө тургандыктан 2000-3000 сомго бир куюп койсом, берекелүү болуп бир нече күнгө жетет. Кылдат карап, таза кармайм. Менин ушундай бир сапатым бар, унаамдын бир жери чийилип же кичине урулуп, же “чырдай” баштаса дароо оңдотуп, калыбына келтирем. Болбосо кыжалат боло берем. Келинчегим мурунку унааларымды кээде айдап калчу. Азыр  өзүнүкү бар. Айдоочулук күбөлүктү окуп алган. Уулум болсо 7-класста окуйт, унаа айдаганга азырынча кызыга элек.    

 

“Унаама элдин назары өттү окшойт деп калдым”                                 

– Бул унаам мени жолго таштай элек, таштабай эле койсун. Бирок “жол азабы – көр азабы” дегендей, жакында Токтогулдан келе жатканыбызда суусу кайнап кетти. Ичинде мени менен кошо тойго барган бир нече артист бар болчу. Бишкектеги шеринеге жетип келиш керек эле. Ошого катуу айдап кыйнап койдум окшойт. Дөңгөлөгүнүн жели да чыгып калыптыр. Ошентип жолдо токтоп турсак, өтүп бараткандар токтоп сурап, бирөөлөр насосу менен дөңгөлөгүбүздүн желин толтуруп берди. Радиаторду муздатып, сайдан муздак суу алып чыгып куюп айдап көрсөм, шыр эле кетти. Төө-Ашуудан да ойдогудай аштык. Элдин назары өттү окшойт унаама деп калдым. Анткени ким түшсө эле таң калып “өзгөчө экен, ээ?” деп жатышкан.

 

“Таякемдин Москвичин жүргүзүп жиберип баарын коркуткам”                      

– Кичине кезимде атам совхоздун борту бар УАЗ машинасын айдачу. Атам үйгө келип токтотуп койгондо ичине түшүп алып рулун бурагылап, сигналын баскылап ойночубуз. Кийин ойлосом, ошол кичине кезимде эле унаа айдоо кыялым ойгонуптур. Кийин 6-7-класс кезибизде Ауди унаасы мода болду. Аны айдагандарды көрүп, кийин мындайга мен да жетсем деп тилечүмүн. Таятамдын көк Москвичи бар эле, аны кийин уулуна берген. Майрамдарда, туулган күндөрдө таякемдер аны айдап үйгө келишчү. Андайда Москвичти тегеректеп, бир айдасак деп калар элек. 7-классымда таякемдер дагы бир келгенде карасам, унаасынын эшиги ачык, ачкычы ичинде экен. Түн болчу. Ичине отуруп ачкычты бурасам, унаа алдыга булкунду. Сцеплениени бассам токтоду. Анан эми эмне кылыш керек эле деп газды басып жиберсем уңулдап жиберди. Үйдөгүлөр сыртка атып эле чыгышты. Таякем акырын эле урушуп, ачкычты алып койду. Ошондон кийин айдагандан тартынып калдым. Бирок кызыгуу өчпөгөндүктөн кантип айдаса болорун үйрөнө бердим. Кийин студент кезде 2 агайыбыздын Мазда унааларын жууганга айдап барып жүрүп айдаганды жакшы үйрөнүп кеттим.

 

“Азыркы кыялымдагы унаа – чиркегичи бар жол тандабас”

– Айдоочулук күбөлүккө 2011-жылы ээ болдум. Ал кезде ырдап чыгып, элге таанылып калган убагым болчу. Маршруттук таксилерге түшсөм мени таанып, колдору менен көрсөтүшүп, саламдашчу болду. Бул мага ыңгайсыздык жаратчу. Мунумду угуп, иним өзү айдап жүргөн Мазда унаасын берип, “кийин ордуна башкасын алып бересиң да” деп койду. Кийин Тойота үлгүсүндөгү унааларды айдадым. Трассада саатына 120-140 чакырым ылдамдыктан ашырбайм. Азыр бардык жерлерге эле камералар коюлуп калбадыбы, ошого эрежелерди сактаганга аракет кылам. Бирок баары бир шашканда эреже бузуп, айып төлөгөн учурларым болот. Азыркы кыялымдагы унаа – чиркегичи бар жол тандабас. Акча болсо жеңил унаа алып койсом деле жакшы болмок. Ал эми рулдагы айымдарга көз карашым түз эле. Айдоочулук күбөлүктү мурункудай акчага сатып алуу жок. Окуп алышат, ушул жагы жакшы болду. Мага жакпаган жери – жол чыракка токтогондо эле күзгүгө карана беришет.  

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан