Биз социалдык тармакта

Самат Эркинбеков, актёр: “УНУТУЛУП КАЛУУДАН КОРКОМ”  

Белгилүү актёр Самат Эркинбековду шайыр, тамашакөй мырза катары билебиз. Кесиби боюнча тиш техниги болсо да, эмгек жолу сахнага, маданият тармагына байланып калды. Самат мырза менен бүгүнкү күндүн тренддери, кесиптештеринин юмору жана келечек пландары тууралуу кенен баарлаштык.

– Самат мырза, жакында өзүңүз окуган мектептин 30 жылдык мааракесине “Мектебимдин дептери” деген сонун ыр арнадыңыз. Бул идея кайдан келди жана мектепке барганда өзүңүздү кандай сездиңиз?

– Ооба, жакында ошол “Мектебим” деген ырды жазып, ага клип тарттыргам. Мектепке өзүмдү баягы “Акыркы көчөдөгү” кичинекей Самат сыяктуу эле сезип баргам. Бирок мектептегилер аябай катуу кол чаап, мугалимдерден бери жакшы сөздөрүн арнап, менин атымды айтып чакырганда ошол жерден ойлондум “аа, мектептин сыймыгына айланган жигит турбаймынбы, көрсө” деп. Өзүмдү баягы кичинекей Самат сезип баратып, кайра өзүмө келдим (күлүп).

– Тасма талаасында актёр да, режиссёр да, продюсер да болуп иштеп жатасыз. Сизге азыр кайсынысы жакыныраак: камера алдында ойнообу же кадр артындагы процессти башкаруубу?

– Негизинен, азыр көбүнчө кадрдын ичинде, камера алдында болгонго көбүрөөк аракет кылып жатам. Акыркы бир-эки жылдан бери өзүмдүн жеке чыгармачылыгыма өзгөчө басым жасап, көбүрөөк иштеп жаткан убагым. Анткени, орустар айткандай, ар бир адамга “личный бренд” сөзсүз керек. Биринчи кезекте өз атыңды таанытып, атың үчүн жакшылап иштешиң шарт. Ал эми экинчиден, анда-санда кадр сыртында режиссёрлук кылып жатканым – бул келечекке болгон даярдык. Баарыбыздын убактыбыз өтөт да. Дайыма эле хиттер чыга бербейт, бизден кийинки жаштар келет дегендей... Убакыт өтүп, белгилүү бир жаш куракка келип калганда биз дагы кадр артына өтөбүз. Ошондуктан кадр сыртындагы иштеримди мен келечекке кам көрүү жана азыртадан башталган даярдык деп айта алам.

– Юмор трансформацияланууда, ТикТок, Reels сыяктуу кыска видеолордун заманы... Ушул жаңы тренддерге кандай карап жатасыз? Өзүңүздү интернеттеги жаш муундун жанында “аксакал” катары сезбейсизби?

– Чынын айтсам, өзүмдү улуу аксакалдардын же чоң артисттердин катарына кошо элекмин. Ошол эле учурда өспүрүм да эмесмин. Мен өзүмдү дал ушул эки муундун ортосундагы көпүрө катары көрөм. Байкасаңыз, менин социалдык тармактардагы кээ бир постторум же тарыхчаларым такшалып, жетилип калган адамдын көз карашы менен жазылат. Бирок ошол эле маалда жаштардын аудиториясын да жоготуп алгым келбейт. Ошондуктан заманбап тренддерди, жаштардын тамашаларын да кармаганга аракет кылам. Кыскасы, азыркы тапта улуу муундун каада-салты менен жаш муундун тренддеринин так ортосунда турам деп билем. Жаштардан калбай ТикТоктогу бийлерди "сатып" алып, бийлеп жатканым да ошондон (күлүп).

– Көп жылдан бери сахнадасыз, стендап тартуулап келесиз. Тажаганда микрофонду таштап, басып кеткиңиз келген учурлар болобу?

– Жоок, андай учурлар болгон эмес. Мен андан башка жумушта иштеп көргөн эмесмин да. Тескерисинче, “Тамашоудо” жүргөн күндөрүмдү сагынам, сахнага тартылып турам. Ошондуктан акча түшпөсө деле, хобби катары стендапты таштабай келе жатам. Спортчулар ар дайым машыгып турушат эмеспи, стендап деле мен үчүн өзүнчө бир машыгуу сыяктуу.

– Сиздин орус тили боюнча тамашаларыңыз өзгөчө. Ал эми реалдуу жашоодо тил барьерине кабылып көрдүңүз беле?

– Негизи мурда өкүнчүмүн, анткени “Тамашоу” менен чет жактарга чыкканда орус тилин жакшы билбегеним үчүн ролдор азыраак тийип калар эле. А бирок азыр орусчам жакшы. Эми түрк, анан англис тилин үйрөнгүм келип жүрөт.                    

– Көп иштейт экенсиз. Самат Эркинбеков качан жана эмнеден чарчайт?

– Самат Эркинбеков цемент куйганда эле чарчайт (күлүп).

– Башкаларды күлдүрүп келе жатасыз. Ал эми сизди акыркы жолу ким же эмне аябай күлдүрдү? Кесиптештериңиздин тамашаларына күлөсүзбү же сизди күлдүрүү кыйынбы?

– Чынында, көптөн бери мынчалык катуу күлө элек болчумун. Акыркы жолу “Эгемен Club'дын” “Жылдыз менен сынак” деген оюнунда абдан күлдүм. Мага Эмил Эсеналиев телефон чалып: “Дордой” командасы сени менен чогуу чыккысы келип жатат, чыгып берип койчу”,- дегенинен макул болгом. Сценарийди ошол күнү эле окуп, даярдандык. Негизи уюштуруучулар алдын ала баарын текшеришет го, бирок бизди көрүүгө жетишпей калышкан. “Самат өзү эле катырып коёт” дештиби, айтор, дароо сахнага чыктык. Ролумду ойноп жатып капталымды карасам, алып баруучу Эмил мени карап, күлкүсүн зорго тыйып туруптур. Анан экөөбүз бири-бирибизди тиктеп калып, сахнадан аябай күлдүк. Сахнадагы кесиптештеримдин ичинен Алмаз Аманбаевдин, Кубаныч Курманбековдун жана Эмил Эсеналиевдин юморун өзгөчө баалайм. Тамашаларына аябай күлөм.

– Самат Эркинбековдун жашоодогу эң чоң коркунучу эмне жана аны кантип жеңет?

– Менин эң чоң коркунучум – унутулуп калуу. Сахнадан алыстап, эл арасында “Самат эмнеге телевизордон же башка жерлерден көрүнбөй кетти?” деген сөздөрдүн чыгышынан абдан корком. Аркабыздан жаңы муун, жаштар чыгып келе жатат. Ошондуктан “эртең эле өчүп калбаймынбы, эл мени унутуп койбойбу?” деген кооптонуу менде дайыма бар. Бул менин эң чоң фобиям десем болот. Дал ушул коркунуч мени токтобой эмгектенүүгө мажбурлайт. Калып кетпейин, дайыма эл көзүндө болоюн деп вайндарды тартып, жаңы идеяларды тынымсыз таап келем. Жанымдагы досторум деле таң калып, “шашпай, кичине эс алсаңчы. Мынча идея кайдан келет?” деп айта беришет.

– Азыркы жаш муун менен улуу муундун ортосундагы көз караштар кагылышына кандай карайсыз?

– Жогоруда айткандай, менин бир бутум тренддерде, заманбап жаштардын чөйрөсүндө: Инстаграмда миллиондон ашык катталуучум бар, видеолорум жүз миңдеген көрүүлөрдү топтоп жатат, музыкада рэп багытын улантып, жаңы тренддерди жаратууга умтулуп келем. Ал эми бир бутум салттуу менталитетте. Менде улуу муунга мүнөздүү токтоолук, жоопкерчилик бар. Мени өзгөчө кубанткан нерсе – көчөдөн мени өзүм теңдүүлөр же жаштар эле эмес, менден курагы улуу, аксакал аталарыбыз, апаларыбыз да таанып, жылуу учурашып, өздөрүнүн батасын, жакшы сөздөрүн арнап турганы. Мына ушул эки тараптын тең сыйына татыктуу болуп турган учур – менин жашоомдогу эң сонун кез.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1225, 12-18-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан