Гүлзада Рыскулова — кыргыз музыка өнөрүндө өзүнүн орду бар, үнү жана аткаруусу аркылуу элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылардын бири. Анын чыгармачылыгы улуттук музыкалык мурастарды сактоо жана аларды жаңы муунга жеткирүү менен өзгөчөлөнөт. Бул жолу ырчынын жан дүйнөсү, чыгармачылыгы, энелиги тууралуу маек кылдык.
– Саламатсызбы, Гүлзада айым.Акыркы жылдары сиз чыгармачылык өргүүдө жүргөндөйсүз...
– Саламатсыз, сөздү дароо олуттуу баштадыңыз го(күлүп).Ооба, балдарым кичине эле да, чоңойгончо алысыраак болдум, ошентсе да чет жерлерге барып фестивалдарга катышып жаттым. Болгону мурункудай активдүү иштебедим. Эми, буюрса, чоңоюп калышты.
– Ар бир ырчыда ырдоо стили болот эмеспи, сиз кантип бул өзгөчөлүгүңүздү таба алдыңыз?
– Кичине кезибизде Жолболду Алыбаев агабыздын ырларын үй-бүлөбүз менен жакшы көрүп укчу элек. Анткени атам анын "Чолпонум", “Балам жок” жана башка комуз менен ырдаган ырларын жакшы көрчү. Негизи эле дастандарды көп угуп чоңойдум. Көрсө, менин жан дүйнөмө ошол убакта эле үрөн себилип калган экен. Атам акындардын ырларын да жакшы окуп берер эле, сөзгө маани берген жагым атамды тартып калган экен. Ал эми ырдаган жагым апамды тартыптыр. Апам жакшы ырдайт, эки тараптан тең таасир болду. Кийин мен музыкалык окуу жайда окуп калдым, устаттарым болду. Ушунун баары табитти пайда кылат экен. Ырларымдагы өзгөчөлүк даярдануудан эмес, бул кичинемде себилген үрөндөн улам болуш керек.
– Музыкалык окуу жайды бүткөндөн кийин “таанымал ырчы болуудан качкам” деген экенсиз мурун...
– Кичине кезимде апам “эмне тилек тилесеңер, ошондой болосуңар, мен кичинемде эмне кааласам ошого жеттим, силер да тилегиле” дечү эле. Мен да апамдын таасири менен “ырчы болсом экен” деп тилеп койсом керек. Бирок окуу жайды бүткөндө карасам ырчы болуунун аябай эле машакаты көп экен. Эмгек, каражат, убакыт, айтор, көп нерсе керек экен. Дагы бир себеби, белгилүү болгондон корктум, анткени эркиндигим чектелип калат деп ойлогом. Ошентип мен ырчы болом деген кыялымдан кайткам. Кийин турмушка чыктым, ал болду, бул болду. Жашоонун ачуу-таттуусун таттык. Анализдеп көрсөм, мен ырдагандан, чыгармачылыкта изденгенден гана чарчабайт экем. Бул нерсе меники экенин билгенимде кайра бул жолго түштүм, ошентип чыгармачылыктын өрүшүндө жүрөбүз. 2007-жылы республикалык эл аралык сынакка катышып, баш байгени жеңип алгам, шыктанып ырчылыкка киришип кеттим.
– Этно стилдеги образыңыз ар бири кызыктуу, кантип жаралат?
– Мен ошол ырларды ырдап жаткан убакта өтө патриоттук духум ашынып турган учурлар эле. “Мен кыргызмын” деп сыймыктанып, кээде ыйлап алчу элем. “Кыргыз деген бул ким, кандай өзгөчөлүгү бар?” деп көп изденип келем. Албетте, алгач ыр жаралат, анан ага шайкеш келе турган образды ойлоном. Мисалы, "Курманбек" эпосун ырдап чыкканымда образымды рок стили менен айкалыштырганга аракет кылдым. Эски менен жаңынын жалгашуусу кандай болот экен деген да кызыгуу болду. Кыргызча кийинип чыгып ырдасам жарашпай калчудай, ошентип заманбап кийинип чыккам. “Мен кыргыздын кызымын” ырында жөнөкөй эле айылдык эненин образын алып чыктым. Ошентип эле изденүү менен жаралып калат.
– Мамлекеттик иш-чараларга көп катышасыз, тойлордон гонорары азыраак болсо керек. Айтайын дегеним, чыгармачылыктан келген каражат жетеби стилиңизди жаңылап турууга?
– Жалгыз эле мамлекеттик иш-чараларга ырдоо менен чектелсем жетпейт. Мен эч бир жерде расмий иштебейм, жеке ырчымын. Мамлекеттик иш-чараларга байма-бай катышам. Ачыгын айтсам, аз гонорар болгону чарчатып жиберет. Бирок мамлекет чакырганда барып кызмат кылуу – бул жарандык милдетим деп билем. Элден айланса болот, бизди эл багып жатат. Ошентип баланс болот, бир жактан азыраак болсо, бир жактан көбүрөөк алып дегендей... Жакынкы эле казак элин айтсам, аларда өнөр адамдарына жакшы шарттар каралган. Мен андайдын бирин көрө элекмин.
– Коомдо кордолгон аялзатын чагылдырган ролигиңизди көзүм чалды. Сиздин башыңыздан да өткөнбү?
– Мындай нерселер жашообузда болуп эле жатпайбы. Ажырашкан учурда аялдар жалгыз калат. Менин деле башымдан өткөн, биринчи турмушумдан бир уулум бар, атасы такыр кабар алган жок. Эркектер аял менен ажырашкандан кийин балдары менен да ажырашкандай сезилет. Балада эмне күнөө? Бала ата-эненин мээримине канып чоңойбосо өмүр бою өксүк болуп калат.
– Ал өксүктү кантип толтурса болот?
– Аны эч ким, эч нерсе толтура албайт, таарыныч кала берет.
– Балдар тууралуу сөз болуп калды, кандай энесиз?
– Мен биринчи баламды төрөгөндө өзүм бала элем. Ошондуктан көп катачылыктарды кетирдим. Кийинки балдарымды 35 жаштан кийин төрөдүм. Алар менен кошо бала болуп, тилин таап жакшы эле эне болдум го деп ойлойм. Балдарымдын сырткы жүрүш-турушуна караганда ички дүйнөсүнө көп көңүл бурам. Эмне каалайт, эмнеге кыжалат, ошону сурап турам. Кээде иш-чараларга алып алам, көрүп көзү каныксын деп ойлойм. Балдарым менен анан иш-чараны чоң адамдардай талкуулап сүйлөшөм. Акчаны кантип колдонууну да үйрөтүүгө аракет кылам.
– Фонограмма боюнча пост жазыпсыз, кенен пикириңизди билсек...
– Фонограмма менен ырдоо – ар бир ырчынын өзүнүн тандоосу, мен эч нерсе дей албайм. Менин өзүмө келсек, тажрыйбам мол. Чет өлкөгө барганымда бир да жолу фонограмма колдонгон эмесмин. Концертим эки жарым саат болгон, жалаң музыкалык аспаптар менен жандуу ырдап бергем. Ооба, кээде бизде жандуу ырдаш үчүн аппаратуралар да алсыздык кылат деген жүйөгө кошулам. Бизде үн операторлору жок, техника күчтүү болгону менен, анын тилин билбесе эмне пайда? Биз, ырчылар жандуу ырдаганга көбүрөөк аракет кылсак болот, анткени баарынын колунан эле келет.
– “Мен бара жатам кайда?” деген ырыңыз өзүңүзгө берген соболбу?
– Ооба, мен ошондой абалдан өттүм. Катуу стресске кабылдым. Күлүп жүргөндүн баарынын эле жашоосу сонун деп ойлобош керек. Эми чыгып алып көйгөйүңдү айта албайсың. Өзүңдөн качасың же издейсиң. Учурда мындай абалда жүргөн айымдар болсо, мындай кеңеш берет элем. Кудайга эле таяныш керек, сырыңды, бугуңду, арманыңды уга турган, жардам берчү бир гана ал. Башкалар ошол абалдан пайдаланып да кетиши мүмкүн. Кээде жолдошуңа деле абалыңды түшүндүрө албайсың. Бирок ошол абалдан күчтүү Гүлзада жаралды. Мен психологго деле баргым келген жок, жан дүйнөмдү, денемди тыңшап жатып, алар менен иштедим. Ичимдеги кичинекей Гүлзада ыйлай берди, ыйлай берди...
– Кичинекей Гүлзада эмнеден ыйлап жатыптыр?
– Адамдар толуп жетилиши керек экен. Көп нерсеге толуш керек экен, руханий жактан өсүш керек экен. Өсүп жетилүү үчүн ыйлаган экен ал.
– Кандай ыкмалар менен өсүп жетилдиңиз?
– Жан дүйнө – өзүнчө бир аалам, аны ушинттим деп түшүндүрүү көп убакытты талап кылат. Бир сөз менен айтканда, жашоодо термелбеген адамдар болот го, ошолорго суктанчу элем. Бир аз болсо да менде ошондой ички нур пайда болду.
– Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева