Биз социалдык тармакта

Жардам сураган эне: “ҮЙҮБҮЗ ӨРТТӨНҮП, КЫЗЫМ КҮЙҮККӨ КАБЫЛДЫ. УУЛУМ БОЛСО БАСПАЙТ”  

Өзүн Мээрим деп тааныштырган каарманыбыз “баспаган уулубузду текшертип чуркап жүрсөк, үйүбүз өрттөнүп, кызым күйүп, чоң кайгыга кабылдык. Элдин жардамы болбосо, экөөнү толук кандуу дарылатуубуз кыйын” деп көзүнө жаш алды.

 

“Баспай калган 1 уулум  пандемияда кайтыш болду”

– Менин аты-жөнүм Солтонбек кызы Мээрим. 43 жаштамын. Кичи мекеним Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылы. Билимим орто. Мектепти бүткөндөн кийин чач тарачтын курсунан окугам. Турмушка өзүбүздүн айылга чыккам. 2 уул, 2 кыздуу болгондон кийин жолдошум каза болуп калды. Кийин 2015-жылы азыркы жолдошума  баш коштум. Мындан 1 уул, 1 кызым бар. Жолдошум балдарга абдан жакшы карайт, камкор адам. 

Уулум Кубанычбек 2005-жылы туулган. 4-класска чейин башка балдардай эле мектепте окуп жүрдү. Анан акырындап буттары ооруп, 10 жашынан такыр баспай калды. 2003-жылы туулган Изат деген баламдын да оорусу Кубанычбектикиндей эле. Ал да баспай калган болчу. Экөөнү Жети-Өгүздөгү врачтарга алып бардык. Врач текшерип, узак ойлонуп “кандай диагноз коёрумду да билбей жатам. Экөөнү Бишкекке алып барып текшертүүңөр керек” деди. Бишкекке, балдар ооруканасына алып барсак текшерип, экөөнө тең “миодистрофия Дюшенна” деген диагноз коюп, 1 курс дарылашты. Көрсө, оору гендик мутациядан жаралат экен. Дарылоодон оорулары жеңилдегени менен, басып кетишкен жок. Майыптыкка чыгарып, пенсия чегерттик.

Изат балам  пандемия маалында коронавирустан жакшы болбой кайтыш болуп кетти. Кубанычбек баспай калгандан бери үйдө бир орунда жылбай отурганга мажбур. Омурткасы бир жакка кыйшайып, өпкөсү, жүрөгү, ички органдары кысылып, абалы оорлоп, операция керек болуп жатат.    

“Уулумдун операциясына акча издеп жүрсөк, үйүбүз өрттөндү”

–  Кубанычбекке операция жасаталы деп Түркиянын врачтары менен сүйлөшсөк, 25 миң доллар керек дешти. Ошого 2026-жылдын мартында жолдошум экөөбүз Кубанычбекти Бишкекте компьютердик томографияга тарттырып, операцияга каражат чогултканга эсеп ачтырып жүрсөк, айылдагы үйүбүз  өрттөнүп, апам менен кызым Айдай катуу күйүккө кабылышты. Апам 76да эле,   реанимацияда 4 күн жатып, каза болуп калды. Айдайдын денесинин 35 пайызы күйгөн. Азыр ага кыймылдоо да азап болуп жатат. Олуттуу дарылатуубуз керек.

Өрттөнгөн үй ата-энемдики болчу, эжеме катталган эле. Атам каза болгондон кийин апам жалгыз калганга биз аны карап, чогуу жашаганга Кызыл-Суудан Ак-Терекке көчүп келгенбиз. Ошентип жашаган үйүбүз да жок калдык. Эми Кубанычбектен тышкары Айдайды да дарылатышыбыз керек. Бул үчүн ушул апта ичи Бишкекке көчүп барып, батирде жашаганга аргасыз болуп турабыз. Абалыбыз оор. Ошого жардам сурап чыгып жатабыз. Балам, кызым да оорулары тууралуу өздөрү кененирээк сүйлөп беребиз деп жатышат.

“Отурган жеримден жыла албайм, жатсам которула албайм”

– Менин аты-жөнүм Кубанычбек Сатиндиев, жашым 21де. 5-6 жашымда буттарым жакшы иштебей жүрүп,  10 жашымда баспай калдым. Кызыл-Суу айылындагы мектепте 4-класска чейин окудум. 9-класска чейин мугалимдер үйгө келип окутуп турушту. Анан айылда таенем жалгыз калганга Ак-Терекке көчүп кетип, окубай калдым.

Ата-энем 2021-жылы мени дарылатканы Москвага алып барышты. Бирок апам ооруп калып, кайра келе бедик. Кайра мени алып барганга каражат жок убакыт өтө берди.

2024-жылдан баштап оорум күчөдү. Көрсө, баса албай, бир орунда кечке отурганга омурткам сол жакка кыйшайып кетип, сколиоз дарты пайда болгон экен. Оорум 3-стадияда.  Омуртка менен кошо ички органдарым да бир жакка жылып кетип, кысылгандан ооруй баштады. Заарам чыкпай кататер менен жашап жатам. Отурган жеримден жыла албайм, жаткан жеримден ары-бери которула албайм. Атам түнү менен ары-бери которуп жаткызып турат. Дем алышым да кыйындап баратат. Унаа менен жол жүргөндө катуу кыйналам, заара аралаш кан чыгып кетет.

  2025-жылы Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жаттым. Ал жактан “операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барышың керек. Бизде керектүү аппарат, шаймандар жок” дешти. Атам көбүнчө мени караганга туруктуу бир иште иштей албай келет. Бул аз келгенсип үйүбүз күйүп кетти. Карындашымды да дарылатуу керек.

Мектепте математика, кыргыз тили сабактарын жакшы окудум. Футболду жакшы ойночумун, ошого келечекте футболчу болом деген кыялым бар эле. Эми болсо операциядан кийин басып кетсем, кайрымдуулук фонд ачсам деп ойлоном.

Абалыбызды туура түшүнүп, өкмөт бизге ипотекалык үй бердирсе жакшы болот эле. Мен өткөн жылы бул жаатта президентке кайрылып кат жазгам, бирок жыйынтык жок. 

“Таенемди алып чыгам деп денемдин 35 пайызы күйдү”

– Менин аты-жөнүм Айдай Сатиндиева, 19 жаштамын. Өрт 2026-жылдын 27-мартында таңга маал болду. Атам, апам, агам Бишкекке кетип, үйдө таенем, мен, менин 7 айлык кызым калганбыз. Таңкы 6да кошунабыз сыртка чыгып, биздин үйдүн чатыры өрттөнүп жатканын көрөт. Терезени тыкылдатып таенемди ойготот. Таенем мени ойготту. Сыртка чыксак чатыр алоолонуп күйүп жатыптыр. Өрт өчүрүү кызматына чалып, үйгө кирип баламды төшөккө ородум. Таенеме “болуңуз, чыгалы!” десем, “азыр, документтерди алып алайын, сен чыга бер” деп койду. Баламды кошунаныкына алып барып, чуркап кайра келсем таенем үйдөн дале чыга элек экен. Өрттөнгөн шып кулап, өрт жүк жыйылган бөлмөгө өтүп кетиптир. Үйдүн кире беришинде күйүп жаткан  төшөлмөнү басып алып таманым күйдү. Ага карабай ичкери кирсем кара түтүн толуп калыптыр. Таенем бир колуна сумка, 1 колуна кийимдерди кармап алыптыр.  Шаштырып жетелесем буту ооручу эле, ошого кыбырап зорго басат. Чыгалы десек кире бериш жак чатырап катуу күйүп жатат. Таенеме токтой туруңуз дегиче шок абалда мени укпай жүгүрүп кетти да, кире беришке жеткенде жыгылып түштү.  Көтөрөйүн десем алым жетпей койду. Кийиминен тартып сыртты көздөй сүйрөп баштадым. Ошондо таенемдин синтетикалык халаты курсагына чейин өрттөнүп, колдорума, ийиндериме жабышып жатты. Ага карабадым. Сыртка чыгып калганда эсимди жоготтум. Таенемдин кыйкырыгынан эсиме келдим. Өрт өчүрүүчүлөр 2 саат дегенде келишти, алар келгичекти үй толук өрттөнүп кетти. "Тез жардам" кызматы 1,5 саатта келди.

Денемдин 35 пайызы күйүп калды. Өзгөчө 2 колум менен ийиндерим, аркам катуу күйүптүр. Мени алгач Кызыл-Суудагы ооруканада дарылашты. Бирок күйгөн жерлер ириңдеп, абалым оорлогондо Бишкекке жиберишти. Бишкекте ооруканада 20 күндөн ашык жаттым. Санымдын терисинен алып, 2 колумдун күйгөн жерлерине чаптап операция жасашты. Азыр да абалым оор. Кыймылдасам күйгөн жерлеримдин терилери тартылып катуу оорутат. Жата албай кыйналам. Күндө дары ичип, күйгөн жерлерге дары сүйкөмөй. Ооруткандан ыйлайм. Күнгө, шамалга чыкканга болбойт. Кокус чыксам терим тырышып ооруйт. Алдыда мени бир нече пластикалык операция күтүп жатат.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0703 29 79 19,
ОБанк: 0703 2979 19

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан