Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды. Өлкө башчынын айтымында, өкмөт калк үчүн 17 пайыз менен облигацияларды жайгаштырды. Аны “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режимде алса болот.
– Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды онлайн режимде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат. Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен, эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат,- деди өлкө башчысы.