Социалдык тармактарга тараган Камчыбек Ташиевдин тергөө маалында тартылган видеосу боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макиловдун айтымында, алгач “75 адамдын каты” боюнча соттук процесс жабык режимде өтүп келген. Мындай чечим тергөөнүн кызыкчылыгын камсыздоо жана күбөлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынган. Кийинчерээк соттолуучулар, анын ичинде Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушев соттук процессти ачык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Натыйжада сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, иш боюнча купуялуулук режими алынган.
Макилов тергөө учурунда тартылган видеолордун интернетке тарап кетишин атайын уюштурулган аракет же саясий максатты көздөгөн кампания катары кароого негиз жок экенин билдирди.
– Тергөө маалында тергөөчүнүн чечими менен видео материалдар тартылышы мүмкүн. Бирок алардын социалдык тармактарга кандай жол менен чыгып кеткенин билбейм,- деди ал.
Эске салсак, интернетке тараган видеодон Камчыбек Ташиев “камакка алынган учурда анын тарапташтары жол тосуп, баш аламандык чыгарышы мүмкүн экенин” айтып жатканын көрүүгө болот.
Камчыбек Ташиев сот жыйынына келген учурда аталган видео боюнча журналисттер узаткан суроолорду жоопсуз калтырды.