Биз социалдык тармакта

АНКАРАДА КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БОЮНЧА ТҮРКИЯ ТАРАПКА КАТ ЖОЛДОНДУ 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы акыйкатчысы Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду. 

Белгилей кетсек, 34 жаштагы Сабыржанов 26-майда Анкарадагы “Эсенбога” аэропортунан кармалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип бара жаткан. Анын жакындары акыйкатчы менен жолугушуп, укугун коргоп берүүнү суранышкан.

Жаманбаева Түркиянын акыйкатчысы Акаржадан Кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

– Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес,- деп кайрылды акыйкатчы.

Ошондой эле Жаманбаева ТИМге жарандын жакындарына консулдук-укуктук жардам керектигин белгилеп кат жолдоду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан