Биз социалдык тармакта

ИРАНГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАРДЫ АЛЫП САЛУУНУ 35 ӨЛКӨ КОЛДОДУ

АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн меморандумдан кийин Иранга каршы санкцияларды алып салуу демилгесин 35 мамлекет колдоду. Бул мамлекеттердин тизмеси Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий резиденциясы болгон Даунинг-стрит тарабынан жарыяланды.

Франция, Германия, Италия жана Улуу Британия биргелешкен билдирүү жасап, Тегеран өзөктүк программасы боюнча так жана ишенимдүү кадамдарды жасаган учурда санкцияларды алып салууга даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле аталган өлкөлөр АКШ, Иран жана Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташып, Ирандын өзөктүк куралга ээ болбошун камсыздоого кызыкдар экенин белгилешти.

Билдирүүдө АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум кубатталып, анын аймактагы туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылган.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Иран макулдашуу шарттарын бузса, Иранга каршы соккулар кайра жанданышы мүмкүн экенин эскертти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан