Биз социалдык тармакта

Адилет Илиязов: “ШВЕЦИЯДА КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫН АЧТЫМ”

Швецияда 12 жылдан бери жашап-иштеп жаткан Адилет мырзага уулу Харис себепчи болуп байланышып калдым. Анткени 8 жаштагы Харис Швецияда күрөш боюнча турнирлерде калпак кийип, кыргыз желегин желбиретип жатыптыр. Кыргыздын намысын коргоо үчүн келечекке кадамды кенен таштаган ата-баланын ийгиликтери, Швециядагы жашоо, алдыдагы пландар тууралуу кызыктуу маек курдук. 

 

“Курулуш тармагында эң жогорку акы төлөнөт”

Адилет Илиязов 36 жашта, Бишкекте төрөлүп-өсүп, Президентке караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн. Окууну аяктаган соң 2014-жылы Стокгольм шаарына барып иштеп калган.

– Ал жылдары Кыргызстанда билимиң менен карьера куруп, үй-бүлө багуу күмөн эле. Анткени өлкөдө туруктуулук жок, тааныш-билиштик, коррупция күчөп турган. Анан Швецияга барып калдым. Ал жакта курулушта гипсте, маляр, жыгач уста, чатырын чыгаруучу болуп көп жыл иштедим.

Үй салууда сапатка аябай маани берилет – бир нерсени майын чыгарып кыласың, кылган ишиңе жоопкерсиң. Анан эң жогорку акы төлөнөт. Салыштырсак, Кыргызстанда мэрияда же прокуратурада иштегендей эле айлыгы жогору. Стокгольмдо кеңседе отуруп иштегендер алардан 30 пайызга аз алат. Ошол себептүү жана тилди билбей келгениме, адамдар менен сүйлөшө бербеген мүнөзүмө карап да курулуш тармагы мага ыңгайлуу болду.

Швеция – Балтика деңизинин жээгинде жайгашып жана Жер шарынын түндүк уюлуна жакын болгондуктан көпчүлүк убакта кышы катуу, жайкысын салкын мамлекет. Ошондуктан курулуштарда климатына чыдаган экологиялык жактан таза жыгач-таштарды, жылуулукту сактаган айнектерди, технологияларды колдонушат. Үйлөр орточо 100 жылга чейин чыдайт, 19-кылымдагы да үйлөр азыркыга чейин колдонулуп келгени интернет булактарында жазылган.

“Бишкектеги үйдү Европада 10 жылдап иштеп ала албайсың”

Адилет мырза курулушта иштеп Стокгольмдон 5 жыл аралыгында квартира алган. Бишкекке көчүп келүү максатында шарт түзүп жатканын айтып, үйгө болгон баанын көтөрүлүшү жашоо шартка такыр дал келбеген көрүнүш дейт:

– Европада 10 жылдап иштеп да Бишкектеги үйдү ала албайсың. Ошол баага Европадан квартира, чоң үй алса болот. Кыймылсыз мүлктүн баасы жашоо деңгээлге жараша коюлат да. Мисалы, Стокгольмдо квартиралардын чарчы метри доллар менен алсак 2500дүн тегереги. Бирок ошого татыктуу, мисалы, Стокгольмдун кайсы жагынан проба албасын карагайлуу токойдой абасы таза, коомдук транспорттор, таксилер майдан жасалган биогаз менен жүрөт. Орточо күнүмдүк киреше 100-200 доллар (9-17 миң сом). Эми Бишкектики менен салыштырып көрүңүз. 

“Депутат, министрлер да велосипед менен жүрүшөт”

Каарманым менен сүйлөшүп отуруп кыргыз деп күйгөн чыныгы мырзалыгына баа бердим. “Бул жактан канчалаган улуттарды көрдүм, кыргыздар башкача тың болушат, өз оюн тайманбай айткан, жемин жедирбеген улутпуз” дейт. Ал эми швед эли тууралуу буларга токтолду: 

– Шведдер убакытты колдонгонду билишет, көчөдө бош адам, балдар болбойт. Балдарын сөзсүз спорттук секцияларга беришет. Ушак-айыңга, семичке чакканга убакыт жок. Бирөөлөрдүн жашоосу менен иши жок, анткени жашоо аз экенин жакшы түшүнүшөт. Байы деле жыртык шым менен метродо кете берет. Экологияны таза сактоо үчүн көпчүлүк адамдар велосипед менен жүрүшөт. Жадакалса депутат, министрлер велосипед тебишет. Риксдагдын (ред.: Швециянын Жогорку Кеңеши) автопаркында эки эле кызматтык машина бар, жолдо автоунаа аз. 

“Чет өлкөдөн келген бирөө баш көтөрүп жатса жакпайт”

Мекендешибиз 2022-жылдан бери жеке курулуш компаниясын иштетип келе жатыптыр. Ачууда кандай кыйынчылыктар, бут тосуулар болду деген суроо салдык:

– Компания ачуу, иштетүүдө бут тосуулар болгон жок. Мыйзамсыз иштерди жасабасаң, алдамчылык кылбасаң эле кыйынчылыгы болбойт. Болгону документ иштеринде оорчулуктар болуп калат. Бирок булардын ички жазылбаган мыйзамдары бар, албетте, шведдер менен иштешкилери келет. Чет өлкөдөн келген бирөө баш көтөрүп жатса жакпайт. Бирок ага карабай көп жылдык тажрыйба жана Жараткандын жардамы менен компанияны ачып, иштетип келем. 

“Жубайым менен Швецияда баш коштум”

“Балдарым кыргыздын нукура жөнөкөй жашоосун көрүп, билип, ат үстүндө чоңойсо, жайлоодо жүрүп кымыз ичсе деп ойлойм” деген каарманым үй-бүлөсү, алдыдагы пландары тууралуу кеп кылды:

– Келинчегим менен Швецияга келгенден кийин баш коштук. Ал менин артымдан келген. Бул жакка келгенде жаңы төрөлгөн баладай эле болдук. Эл-жерин, тилин билбегенге баарын жаңыдан үйрөндүк. Мен иштеп жүрдүм, ал швед тилин окуп, үйрөндү. Кийин гана бухгалтер болуп ишке орношту. Анткени аялдарга жумуш көбүнчө тейлөө тармагында болчу, ал жактын чөйрөсү жакшы болбогондуктан иштеткен жокмун. Учурда 3 баланын ата-энесибиз, төртүнчүсүн күтүп жатабыз. Улуу кызым муз үстүндө бийлөө менен профессионалдуу алектенет. Кичүүсү 2 жашта.

Акыркы убактарда мекенибиздин ар тармактуу өнүгүп жатканын көрүп кубанып жатабыз. Балдарым Кыргызстанда чоңойсо деп ойлоп, алдынкы жылдары биротоло келүүнү пландаштыруудабыз. Чет өлкөдө канчалык чоң ийгилик жаратып, жарандыгын алып жатсаң да ал жакта чоочунсуң. Баары бир түпкүлүгүң тартып турат экен. 

“Пьедесталга сөзсүз калпак кийип, желегибизди жамынып чыгабыз”

Баласын балбан кылып тарбиялап жаткан атанын өзү да эркин күрөш менен бала кезинен, студент учурунда машыгыптыр. Бирок жашоо шартка, мүмкүнчүлүктүн жоктугуна байланыштуу толук кандуу уланта алган эмес. Учурда өзү кыялданган пьедесталга уулу көтөрүлүп, сыймыктанып турган маалы. Баскандан тартып эле көнүгүү-машыгуулар менен келе жаткан Харистин ийгиликтери тууралуу кеп болсун:

– 2025-жылдан тартып эркин күрөш боюнча турнирлерге катыша баштадык, кайсынысына катышпасын биринчиликти берген жок. Эркин күрөштөн өзүнөн 2 жаш улуулар менен күрөшүп жүрдү, атаандашы жок болуп калгандыктан грек-рим күрөшүнө өттүк. 3 ай болду, 3 айда эки чоң турнирди утту. Булардын баары эмгек, талбай машыгуу, көзөмөл менен келди. Мектептен келери менен күч топтоочу көнүгүү-машыгуулары бар, ошолорду жасап бүтүп гана башка нерсеге өтөт. Телефон такыр көрбөйт.

Пьедесталга сөзсүз калпак кийип, желегибизди жамынып чыгабыз. Акыркы беттеши эл аралык турнир болду, АКШ, Германия сыяктуу мамлекеттерден жаш балбандар келишти. Мында желек көтөргөнгө уруксат жок болчу, бирок калпагыбызды кийип, машыгып жаткан клубдун атынан чыктык. Алдыда Кыргызстандан машыгып, өзү кумир туткан Акжол, Жоламандай далай кыргыз желегин желбиретсек деп максат кылабыз.

Учурда уулум Харис экөөбүз Бишкекке келдик. Бул жактан грек-рим күрөшү боюнча сборго жана турнирлерге катышып кетебиз. Баламды өз мекенинде машыктырып, жергиликтүү балдар менен күрөштүрүп сынап көрөлү деп жатабыз.

 

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1226, 19-25-июнь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан