Кыргыз киносунда өзүнүн өзгөчө көз карашы, чыгармачыл изденүүсү жана коомдук темаларды көтөргөн эмгектери менен таанылган режиссёр Айбек Дайырбеков менен маектешебиз. Жакында Бишкек эл аралык кинофестивалы болуп өттү. Бүгүнкү маегибизде фестиваль тууралуу, кино дүйнөсүндөгү көз карашы, учурдагы кыргыз киносунун абалы, жаш режиссёрлордун мүмкүнчүлүктөрү жана жеке жашоосунан таасир берген окуялар тууралуу сөз кылабыз.
– Саламатсызбы, Айбек мырза, сизден талкуу болгон эл аралык кинофестиваль тууралуу сурайлы деп турабыз...
– Саламатсыздар, Бишкек эл аралык кинофестивалы элдин көңүлүн сырткы формасы менен буруп келатат. Былтыр Жанаранын (ред.: блогер Жанара Алиева) ич кийими өзүнө элдин көңүлүн бурдурган. Быйыл деле калың журттун талкуулаганы биринчи кезекте кийим болду. Чоң фестивалдарда эмне үчүн ырчылар, блогерлер, атагын чыгаргысы келгендер аккредитация сатып алып Кызыл килемге чыгууга умтулушат десе, элдин көңүлү биринчи кезекте ошого бурулат турбайбы. Атагын чыгарууга упай топтошот экен. Эмки жылы «Асман килемге» чыгуу аккредитациясын акылуу кылып, баасын коюп койсо болот окшойт.
– Талкууда «киночулардын эмес, блогерлердин фестивалы болуп калды» деген пикирлер айтылууда. Сиз бул сынга кандай карайсыз?
– Жаш журналисттерде чоң кемчилик бар. Көбү кыргыздын залкарларын жүзүнөн тааныбайт. Манас Мусаев, Артыкбай Сүйүндүков, Назира Мамбетова, Анаркүл Назаркулова, Эрнест Абдыжапаров, Тынай Ибраимов, Мурат Мамбетов, Замир Эралиев, Жамиля Сыдыкбаева жана башка кино ишмерлер, кино-сүрөтчүлөр, оператор, продюсер, композитор, монтажёр, сынчылар жүрдү. Ал эмес "Оскар", Канн сыйлыктарынын лауреаттары жүрдү. Анан эле жаш журналисттер Анжеликадан башкасын тааныбаса ким күнөөлүү? Ага кино ишмерлер күнөөлүү эмес да.
– Кино өнүгүү жолунда деп баары айтып жатышат, сиздин оюңуз...
– Албетте, кино өнүгүү жолунда экендигинен кабар берет. Жөн гана кино тартылбастан, бүгүнкү күндө эл аралык келишимдер түзүлүп жатат. Бишкек эл аралык кинофестивалынан жапжаңы идеялар, долбоорлор сунушталып, дүйнөлүк эң жогорку деңгээлдеги эксперттердин баасын алып, дүйнөлүк башка кино аянтчаларга сапар алып жатат. Акыркы 3 жылда эле 9 кино долбоор эл аралык өнөктөштөрдү таап, дүйнөлүк деңгээлде ишке ашканы турат. Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен дүйнөлүк деңгээлдеги чоң Бишкек эл аралык кинофестивалыбыз пайда болду. Актан Арым Кубат кесиптеш агабыз учурда Шанхай кинофестивалына калыстар тобунда кызмат өтөп жатат. Садык Шер-Нияз агабыз АКШда, Францияда кинофестивалдарды өткөрүп жатат. Мындан 5 жыл мурун анимация дээрлик жокко эсе эле, азыр биз Европалык компаниялар менен шериктеш болуп долбоор жасап баштадык. Кыргыз кинолору жыл сайын А класстардагы кинофестивалдарга катышып сыйлык алып жатат. Ички рынокто кыргыз тасмаларынын «Бокс-офиси» Голливуддун тасмаларынан ашып түштү. Кинотеатрларда жанрдык кенендик пайда болду. Кыргызстанга Фипресси, ФИАПФ сыяктуу эл аралык киносынчылар, кинопродюсерлер уюмдарынын өкүлдөрү келе башташты. Кыргызстандык «Алчы топ» сыяктуу дистрибьютордук компаниялар ачыла баштады. Булардын бардыгы өнүгүү жолунда баратканыбыздын далилдери.
– Социалдык тармактагы популярдуулук бүгүнкү күндө кино искусствосунун өзүнөн маанилүүрөөк болуп баратабы?
– Бул кино эле эмес, бардык чөйрөгө тийиштүү. Билими жок туруп соцтармактан өзүн устат, илимпоз, тарыхчы, коуч, көзү ачык, укмуш бизнесмен кылып тааныткандар аябай көбөйдү. Четинен соттолуп кетип жатышат. Бул кино ишмерлердин эмес, жалпы коомдун маселеси. Интернет булактарын кадимкидей иретке келтириш керек. Бул Кыргызстанда эле эмес, бардык жерде болуп жаткан көйгөй.
– Кинофестивалдын негизги максаты – кинону өнүктүрүүбү же кеңири аудиториянын көңүлүн буруубу?
– Кинофестивалдын максаты – жаңы таланттарды ачуу, кино индустрияны өнүктүрүү. Аудиториянын көңүлүн ар бир иш бургусу келет. Сиз деле ушул макаланы болушунча көп киши окуса экен дейсиз. Кээ бир фестивалдар сыйлык тапшыруу менен чектелет. Ал эми кээ бир фестивалдар андан терең, көйгөйлүү маселелерге багыт алып, чоң социалдык, маданий максаттарды көздөйт. Бул жагынан фестивалдын социалдык дизайн катары мааниси өтө чоң. Бир жагынан профессионалдуу индустрияны көтөрсө, экинчи жагынан туризм, өлкөнүн имидждик рейтингин, элдин аң сезимин көтөргөнгө өбөлгө түзөт.
– Жаш режиссёрлор жана сценаристтер фестивалдан жетиштүү деңгээлде колдоо жана көңүл ала алыштыбы?
– Албетте, Бишкек эл аралык кинофестивалындагы сыйлыктардын ичинен жетөөсүн дебюттук тасмалар алды. Питчингде дагы жеңүүчүлөрдүн арасында дебютанттар бар.Бул жагынан Бишкек эл аралык кинофестивалга Борбор Азиядагы бир дагы кинофестиваль жетпейт. Мисалы, казакстандык же өзбекстандык кайсы кинофестивалды билесиз, дебютант режиссёрду биринчи болуп чакырып, атагын алыска чыгарган? Азыркы аты аталып калган бир дагы кыргыз режиссёрун чыгара алышкан эмес. Бүтүндөй бир муун киночулар өсүп чыкты. Баары алыскы кинофестивалдарда бет ачары болгон.
– Эми сиздин чыгармачылык боюнча кептин нугун бурсак, сиз тарткан тасмалардын ичинен өзүңүздү эң көп чагылдырган каарман ким жана эмне үчүн?
– «Дарак ырындагы» Эсен, жаш кезде баарыбыз эле жеңил ойлуу болобуз да. Эр жетилгенде, колго жоопкерчилик ала турган учур келгенде жигитчилик баарыбызда ойгонот.
– Эгер бир эле тасмаңыз аркылуу өзүңүздөн кийин из калтырсаңыз, ал кайсы тасма болмок?
– «Тайтору» тасмасы болмок.
– Чыгармачылыкта сиз үчүн эң оор тандоо кайсы: чындыкты айтуубу же көрүүчүгө жагуубу?
– Тандабайм. Көрүүчүгө атайын жагам деп аракет кылбайм. Менин өзүмө жаккан нерсе көрүүчүгө сөзсүз жагат. Көрүүчүгө жакпаса, жөн гана биздин табитибиз эки башка. Бул трагедия эмес. Башка жактан сапарлаш болушубуз мүмкүн. Демек, чындыктан өтөр баалуу нерсе жок.
– Убакыт өткөн сайын режиссёр катары эмнени жоготуп, эмнени таптыңыз деп ойлойсуз?
– Режиссёр катары съёмкаларда жүрүп, улуу балдарымдын чоңойгонунан ырахатты аз алып калдым. Кичүү кызымдын өсүп келатканын көрүп аябай ырахат алам. Балдарымдын ар бир ийгилигин, жылмайганын эстеп калгым келет. Ата-энемден дагы эрте бөлүнүп, алыста көп жүрүп калдым. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болгон сайын ата-энеме көп эркелегим келет. Апамды кучактап жөн гана жанында отургум келет.
– Эгер бүгүн акыркы тасмаңызды тартуу мүмкүнчүлүгү берилсе, ал эмне тууралуу болмок?
– Комуздун жаралыш тарыхы жөнүндө тасма жана «Тайтору» тасмасы болмок.
Нуржамал Жийдебаева