Биз социалдык тармакта

ММ, ШАБДАЛЫ...

Шабдалы – клетчатка жана көптөгөн пайдалуу минералдардын булагы болуп эсептелет. Бирок пайдалуулугуна жараша зыяны да бар.

 

Пайдасы

+ Курамындагы С витамини организмди вирустардан коргойт, ал эми калий менен магний жүрөк булчуңунун иштешин жакшыртат.

+ Тамак-аш сиңирүүнү жакшыртат. Клетчатка жана пектиндер ичегилердин жакшы иштөөсүнө жумшак таасир берип, ич катууда жардам берет.

+ Теринин сапаты. А жана Е витаминдери тери клеткаларын азыктандырат, жылмакай жана серпилгич кылат.

 

Зыяны жана каршы көрсөтмөлөр

–  Аллергия. Шабдалы – күчтүү аллерген болуп саналат, айрыкча түктүү шабдалы сорту.

– Ашказан, ичеги оорусу барларга сунушталбайт. Курамындагы мөмө-жемиш кислоталары ашказан жана ичеги ооруларын курчутуп жибериши мүмкүн. Андыктан зарна болуп жатканда же ашказандын гастрит, жара ооруларында жегенге болбойт.

– Кант диабети. Шабдалы мөмөсүндө көп өлчөмдөгү сахароза, фруктоза бар, андыктан кант диабети менен ооругандар шабдалыны врачтын көрсөтмөсү менен гана жеши керек.

– Ашыкча салмак. Арыктай албай жүргөндөргө да шабдалыны күнүгө колдонууга болбойт, калориясы жогору, семирүүгө алып келет.

 

Канча жеш керек?

Чоңдордун организмине зыян келтирбей турган күнүмдүк нормасы – орточо 2-3 шабдалы  . Ушундай өлчөмдө колдонууда организм витаминдер жана минералдар менен керектүү деңгээлде каныгып, тамак сиңирүү органдарына күч келтирбейт жана кандагы канттын деңгээлинин кескин көтөрүлүп кетишинин алдын алат. Ал эми жаш балдар орточо көлөмдөгү 1-2 гана шабдалы жеши керек, күндүн биринчи жарымында колдонгон туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан