Биз социалдык тармакта

Тимур Тангатаров, мекендеш: “ВЕНГРИЯДА САЯКАТТОО КЫМБАТ ЭМЕС”

Учурда Венгрияда иштеп, жашап жаткан мекендешебиз Тимур Тангатаров 29 жашта. Мындан 4 жыл мурда Бишкектин көчөсүнөн кокустан көзүнө чалдыккан жарнама ал жакка барып иштеп калуусуна себеп болгон. Адистиги боюнча психолог. Тимур мырза Венгриядагы жашоосу, иши, келечек пландары жана башкалар боюнча кеп салып берди. 

 

– Тимур, кандайсыз? Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...

– Мен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулгам. Бишкекте чоңойдум. СССР убагында апам фармацевт болуп иштеген. Союз кулагандан кийин ата-энем жакшы жашоо издеп борбор калаага көчүп барышыптыр. Бирок экөө ажырашып кетип, бизди, 2 баласын чоңойтуу апама кыйынга турду. Атам тууралуу өтө эле аз билем. Туугандарым менен чанда гана кабарлашам. Алардын ар кимисинин өзүнүн үй-бүлөсү, өз түйшүктөрү бар дегендей, жолтоо болгум келбейт.

– Бишкекте жүргөндө эмне жумуш кылчу элеңиз?

– Кесибим – психолог. Москвадагы Синергия онлайн-университетин окуп бүтүргөм. Өткөн жылы магистратураны бүтмөк элем, бирок академиялык өргүү алууга туура келди. Бүтсөм аспирантурага тапшыруу планым бар. Психологияны кантип тандап калдым? Өспүрүм кезимден түрдүү социалдык долбоорлорго катыша баштагам. 16 жашымда бир долбоордун алкагында психолог Михаил Мунькин менен таанышып калдым. Социалдык кызматкерлер ага мени ыктыярчы кылып алууну сунушташты. Ал жубайы Алёна экөө мага Синергия университетинде окууну сунушташты жана алгачкы 2 жылдык окуу акысын төлөп беришти. Окуу сырттан жүргүзүлгөндүктөн иш таап иштей да баштадым. Михаил ага мага гештальт-терапия боюнча жекече сабак өтүп, психология жаатында билимимди өстүрүү үчүн психолог тааныштарынын сабактарына да жиберип турду. Ошентип окуумду бүтүп, психология курстарында сабак бердим, мугалимдердин квалификациясын көтөрүү жаатындагы тренингдерди өткөрүп жүрдүм. Түрдүү долбоорлор боюнча, анын ичинде ЮНИСЕФтики боюнча иштедим. Окуучу балдарга өзүнө болгон ишенимди өстүрүү, өз укугун коргой алуу, класстагы ынтымакты бекемдөө, эмоцияны башкаруу  жана башка темада тренингдерди өтчүмүн.

– Кыргызстандан кетүүгө эмне түрткү болду?

– Чет өлкөгө кетүү оюм жок болчу. Кыргызстан мугалимдери үчүн программаларды түзүп иштөөнү пландагам. Баары күтүүсүздөн болду.

Бир жолу көчөдө баратып Европада ишке орноштуруу жаатындагы жарнаманы көрүп калдым. Кызыгып, агенттикке барып сурасам, Венгрияга автозаводго ишке жөнөтүп жатышыптыр. Барууну чечтим. Ошентип 2022-жылдын декабрында Венгрияда болуп калдым. Ошондон бери Венгриянын борбор калаасы Будапешттен 80 чакырым алыстыктагы Ясберень шаарында иштеп, жашап келем.

– Ал жактагы жумушуңуз, жашооңуз кандай башталды?

– Мурун андай жерде иштеп көрбөгөндүктөн, оор болду. Биринчи күнү ишке чыкканымда венгер тилин билбегендиктен укканым менен эмне кылышымды жакшы түшүнө албадым. 12 саат иштеп жашай турган бөлмөгө келсем, менден башка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан барган 6 бала бар экен.

10 күндөн кийин мени “эч нерсеге жарабайсың” деп иштен бошотушту. Венгер кураторум автоунаалар үчүн металлдан фигуркаларды жасоочу лазердик станоктор менен иштеген цехке жиберди. Ал жакта орусча, англисче сүйлөгөндөр бар экенин билип кубандым. Бирок кырдаал күтүүсүз өзгөрүп кетти. 2022-жылы Кыргызстанда жүргөндө өзүмдүн ВИЧ-статусум боюнча видео-интервью берген элем. Андай оорум бар экенин 15 жашымда кырсыкка кабылып ооруканга түшкөнүмдө врачтан уккам. Кайдан, эмне болуп жукканы белгисиз. Кичине кезде балдар менен “кан дос болобуз” деп манжабыздан кан чыгарып, бири-бирибиздин кандарыбызды тийиштирип ойнойт элек. Мүмкүн, ошондон же стоматологиядан ийне аркылуу жуккандыр. Ошол интервьюну берип жатып, менин статусум боюнча кабар элге жайыларын, бул мага кедерги болорун сезгем. Мисалы, ата-энелер мени алардын балдары менен чогуу иштеп жаткан долбоордон көргүсү келбей тургандыктарын жазып башташты. Бирок алар антип жазгычакты эле иштен бошотулгам.

– Анан...

– Статусумду айтып чыкканымдан кийин эмоционалдык жактан жеңилдеп калдым. Туугандардын кээ бирлери менден алысташты, айрым туугандар, тескерисинче, мага жакын болуп башташты. Мени өгөйлөй баштагандарга караганда көп адамдардан колдоо таптым. Алар бул оору салондордон маникюр, педикюр жасатууда, тиш дарыгеринин бөлмөсүнөн жана башкадан деле жугуп калуу коркунучу бар экендигин түшүнгөн адамдар эле. Бирок карьера жасоо кыйыныраак болорун билдим.

Ошол интервьюну интернет аркылуу чет элде жүргөн кыргызстандыктар, болгондо да мени менен коңшу бөлмөдө жашагандар көргөн болуп чыкпаспы. Алар “бул өзүнчө, жалгыз жашасын” деп менин үстүмдөн кураторго арызданышты. Куратор аларга “силер Европада жашап жатасыңар, бул жакта андай нерселер талкууланбайт. Адамды дискриминациялоого болбойт, антпесеңер депортация болосуңар” деди. Ошентип мага өзүнчө бөлмө беришти. Венгер тилин үйрөнөйүн деп венгерлер менен көбүрөөк сүйлөшүп баштадым. Англис тилин билгенимди, кесибим бар экенин уккан куратор мени 4 айдан кийин автоунаа, радио жана башка нерселер  үчүн дисплей чыгарган франциялык компанияга жиберди. Ал компаниянын кампасында 1,5 жыл иштедим. Ал убакта венгер тилинде мыкты сүйлөп калдым. Андан кийин ушул күнгө чейин заводдо ГЭП-лидер болуп иштеп келем. ГЭП-лидер – бул бригадир менен психологдун ишинин айкалышы. Ишим жеңил.

– Венгрияда окуу, ишке орношуу кандай экен?

– Кыргызстанда жогорку билим алуу өзүнчө аброй сезилет. Бул жакта андай эмес. Мектепти бүткөндөн кийин көбү иштеп, анан ЖОЖдорго тапшырат. Агенттиктерге документтериңди таштап койсоң, ылайыктуу ишти 1-3 апта ичинде таап беришет. Окуучулар 14 жашынан тарта жайкы каникулда ишканаларда күнүгө 4 сааттан 1 ай иштешет. Айлык кадимкидей төлөнөт. Мен заводдо 20-30 жылдап иштегендерди көрдүм. Мурун атасы же апасы иштеген болсо, кийин кызы, баласы иштей берет. Ошентип бир нече муун иштеген болот. Улам иш алмаштыруу деген аларда аз. Венгрияны кыдырып көрүү кымбат эмес. Мисалы, 5 миң сомго 1 айга транспорттук карта алып койсоң, аны менен поезд, автобус, метродо жүрө бересиң. Венгрияны көп ирет кыдырып чыктым. Саякаттаган жагат. Дүйнөгө кучагыңды ачсаң, ал да сага кучагын ачат экен. 

– Ал өлкөдө ВИЧ-статусу бар адамдарга мамиле кандай?

– ВИЧке катардагы оору сыяктуу эле карашат, мисалы, кант диабети, стенокардия сыяктуу эле. Диабетиктер инсулин сайынса, мен өзүмө керектүү дарыларды ичип турам. Аларды камсыздандыруу полиси менен алам. Мен иштеген жамаат ынтымактуу. Мигранттар өздөрүн жакшы алып жүрүшсө, жакшы мамиле кылышат. Венгер тилин үйрөнүп, ал тилде сүйлөсөң абдан сыйлашат. Венгерлер мага өздөрүнүн тарыхы, каада-салттарын айтып беришет. Мен да алардын маданиятына кызыгып көп нерселерди билип калдым.  

– Алыста жүргөндө эмнелерди сагынасыз?

– Класста сабак өткөн күндөрдү, Горький көчөсүндөгү ботаникалык бакта сейилдегенди, досторумду сагынам. Акыркы ирет Кыргызстанга барганымда досторумдун ар жакка кеткенин билдим.

– Келечекке кандай пландарыңыз бар?

– Өмүрүмдү психологияга арнагым келет. Бул жаатта дагы билим алып, профессорлукка чейин жетсем дейм. Университетте иштегим келет. Венгриянын университетинен окутуу венгер тилинде жүргүзүлө турган келишимдик бөлүмгө тапшырып, окуу планымда бар. Дагы көп тилдерди үйрөнүп, көп өлкөлөрдү кыдырып көргүм келет.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан