Биз социалдык тармакта

Адилет Жумабеков, ырчы: “ДИМА БИЛАН МЕНДЕН КЕЧИРИМ СУРАГАН”

Бул жолку каарманыбыз – өзгөчө үнү жана чыгармачылыктагы изденүүсү менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Адилет Жумабеков. Ал кыргыздын алтын фондундагы эски ырларды жаңыча форматта жаңыртып, барабандын коштоосунда аткарып келет. Кызыктуу маекти сунуштайбыз. 

– Адик мырза, эски ырларды ырдаганыңызды угуп суктандым, бирок көңүл чордонунда болууну жакшы көрбөйт окшойсуз...

– Ооба, мени чоң сахнадан, шоу-бизнестен көп көрбөйсүздөр. Себеби бирөө эле, жалкоомун (күлүп). Аябай жай кыймылдайм. Бирок акыркы үч-төрт жылдан бери жалкоолукту таштап, чыгармачылыкка билек түрө киришип жатам.

– Барабандын коштоосунда ырдашыңыз өзгөчө экен, автору сизби?

– Ооба, идея меники. Анткени үй-бүлө күтүп калганда “ырчылардан кантип өзгөчөлөнсөм” деп ойлонот экенсиң. Көп идеялар келген, бирок ушул ишке ашып кетти. Мактанган жокмун, бирок Кыргызстанда мындай шоу жок. Эски ырларды жаңы форматта ырдап, барабандын коштоосунда шоу тартуулайбыз. Шоуго 12 киши катышат, 6 бийчи, мен, 5 барабанчы.

– Башынан эле “Күйдүм чокторго” жакынсызбы? Дегеним, эски ырларга...

– Ооба, эски ырларды башынан эле жакшы көрөм. Гитара менен ырдап, кээде баракчамдан жарыялап турам. Кичүү кызымды да эски ырлар менен уктатам. Бул мага апамдан калган, анткени апам аябай жакшы ырдачу. Мындай ырларды кичинемден укканым үчүн сыйым башкача.

– Апам ырдачу деп калдыңыз, кесиби ырчыбы?

– Жаш кезинде ырдачу экен. Турмушка чыгып, бизди төрөгөн соң чоң сахнага чыкпай калыптыр. Апамдын кыялы – чоң сахнага чыгуу болгон экен, бирок ал кыялын биз, балдары орундатып жатабыз десем болот. Учурда хит болуп жаткан “Айланайын, керексиң мага” деген ырдын автору менин бир тууган иним. Аты Токтогул, Тоша деп чыгат. Төрт эркек бир тууганбыз, баарыбыз ырдайбыз. Бирок иним экөөбүз ушул чөйрөдө жүрөбүз.

– Билимиңизге кызыктым, үнүңүз мыкты тапталгандай сезилет...

– Билимим жок, музыкалык окуу жайга 9-класстан киргем. Музыканын теориясы деген сабак бар эле. Бул математикадай эле сабак, ноталарды бири-бирине кошуп, гармония чыгарасың. Ал сабак ушундай жагып, шыгым жакшы болгон үчүн "5" деген баа алып чыккам. Бирок кийин жаштык кылып тартипсиз балдарга кошулуп кетип, сабакка барбай коюп, ал жактан чыгып калгам. Андан кийин билим алган жокмун. Бирок Кудайга шүгүр, шоу-бизнесте  ордумду таап, ырдап үй-бүлөмдү багып келе жатам. 

– Музыка дүйнөсүндө канча убакыттан бери келе жатасыз?

– Кичинемден эле сахнадамын, бирок ырларымды жазып, 2015-жылы чоң сахнага чыккам. Кыргызстанды чет жактарга таанытсам деген да кыялым болгон ошондо эле. Кийин чет жактарга фестивалдарга чыгып жаттым. “Голос” телесынагына барып, 3-турдан өтпөй калдым. Кийин Дима Билан менен сүйлөшүп калганда “сен сонун шоу көрсөттүң. Мен чечсем долбоордо сен калмаксың, бирок мен чече албайт экенмин” деди. Менден кечирим сурады.

– Жеңилүү ызасынан улам сынактарга экинчи катышпайм дедиңизби же кайра күчөдүңүзбү?

– Мен кийин түшүнүп калдым, көрсө, биз “сөзсүз жеңебиз” деп барып алып, башка эч нерсени ойлонбойт экенбиз. Ал эми бул фестивалдар ырчыга упай топтоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк тура. Анткени сени КМШ өлкөлөрү баары көрөт, бүт кыргыз эли колдоп турганда жакшы ырларды жазып, клип тартып ошол көңүл бурууну кармап калуу керек. А мен андай кылган жокмун. Ал эми эл тез эле унутуп калат экен. Азыр фестивалдарга баруу планда жок, бирок барсам долбоорду пайдаланууну көздөйм деп ойлойм.

– Сиз жеткен азыркы ийгиликтериңиздин аркасында кимдердин салымы чоң?

– Көп кишинин менин ийгилигиме салымы бар. Алар өздөрү деле, балким, билбесе керек. Эң биринчиси – бир тууган  байкем жол көрсөттү. Ал көп жерде иштечү, кафеге музыкант болуп кирип калып мени кошуп алган. Кийин ал башка жумушка кеткенде мени ордуна таштап кеткен. Ошол жерден үнүм тапталды. Мен ырдаган кафеде Мирбек Атабеков, Азат Раимбердиев, азыркы мен кыйын деген жылдыздардын көбү иштечү. Репертуарымды да ошол жерден топтодум. Ырдоо жактан Аман Бердибаев деген байкебиз бар, укмуш ырчылардын бири. Тилекке каршы, кафеде эле калып кетти, бирок укмуш ырдайт. Аны көрүп суктанып жүрүп үнүм тапталды. Кийин Азиз Жетигенов чоң салым кошкон. Азиз байке мага көңүл буруп “жакшы ырдап калыпсың, ушул жерин минтип ырдасаң” деп үйрөтчү. Ушулар салым кошту деп айта алам.

– Үй-бүлөңүз кандай түптөлдү?

– Отуз жашымда үйлөндүм, бирөөлөр үчүн кеч болушу мүмкүн. Бирок мен ошол убакта даяр болдум үй-бүлөлүк жашоого. Келинчегимдин кесиби врач-ординатор, быйыл бүтүшү керек болчу, бирок экинчи кызымды төрөп тыныгуу алды. Макс Токтобаев деген бийчи досум бар, ошонун тобунда келинчегим да бийлечү. Ошол аркылуу таанышып, анан үйлөнүп калганбыз. Ал дагы чыгармачыл адам деп айтсам болот. Идеяларымды колдогон, ырларымды уккан эң жакын адамым. Бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз, алты жыл болду жашаганыбызга, качан урушканыбыз эсимде жок (күлүп). Эки кызыбыз бар.

– “Бала карап маектешүүгө кечигип келдим” дедиңиз, жакшы карайт окшойсуз балдарды...

– Табиятымдан эле балага аябай жакынмын. Аско деген ырчы досум бар, кызы кичине кезинде “сен жакшы карайсың” деп мага таштап кетип калчу. Ал эми өз кыздарымды жубайым экөөбүз чогуу багып, ага каралашып келе жатам. Баланы аял эле караш керек деген ой жок менде.

– Сиз тууралуу кандай ой же сын туура эмес?

– Мени кыйынсынган адам деп ойлошот. Жакшы таанышып, баарлашып калганда  гана “сен мыкты жигит турбайсыңбы” деп калышат.

– Азыр кандай кыял менен жашап жатасыз?

– Бир ыр ойлоп тапкым келип жатат, ал бүтүндөй дүйнө уга тургандай ыр болушу керек. Азыркы мүмкүнчүлүктөр менен ага жетсе болот. Эмнеге антким келип жатат? Анткени бир эле ыр мени, кыздарымды, неберелеримди өмүр бою эч нерсеге муктаж кылбай багып коюшу мүмкүн. “Хеппи бөздей” ыры бар го, ошол ыр автордун укум-тукумунан бери багып келе жатпайбы. Ошондой дүйнөлүк хит жаратууну ойлоп жүрөм. 

– Тилегиңиз ишке ашсын.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан