Стоматологдордун кызматын пайдалангандар билет, асман тиреген баалардан улам канчалык чөнтөккө күч келерин. Андыктан алдын жетишинче тишке өзүбүз кам көрүүгө аракет кылуубуз керек. Тиш эмалын эмнелер жабыркатат, кайсы азыктардан качуу же азайтуу керек? Макалабыз сизге шпаргалка болсун.
ТИШТИН НОМЕР БИРИНЧИ КОРГООЧУСУ – ШИЛЕКЕЙ
Чынында эле ооз көңдөйүндөгү бактериялар менен күрөшкөн, тишти биринчилерден жана башка химиялык каражаттарга караганда табигый түрдө коргогон мыкты каражат – шилекей болуп эсептелет. Мурун менен эмес, оозду ачып дем алуудан ооз көңдөйү бат кургайт. Бул учурда табигый кислота-щелочь балансы бузулат, тиш эмалын “жей” турган кычкыл чөйрө түзүлөт. Тиш эмне болот:
1. Шилекейдин жетишсиздигинен бактериялар активдүү көбөйүп, кариес жана эмаль эрозиясын пайда кылат.
2. Эмаль сезимталдуулугу жаралат. Бактериялар менен күрөшүүдөн эмалдын коргонуу катмары жукарып, тиш муздак-ысыкка сезимтал болуп калат.
3. Ооз менен дем алуудан тиштин өңү саргарып, тактар түшө баштайт.
Эмне кылуу керек?
Алгач эмнеге оозду ачып дем алып жаткандын себебин аныктоо керек. Мисалы, эмнеге оозду ачып уктайсыз? Бул мурун сөөгүнүн кыйшаюусунан, аденоид же апноэ көйгөйлөрүнөн болушу мүмкүн. Андыктан врачтарга барып текшерилип, көйгөйдү чечкенге аракет кылуу зарыл.
ТИШТИ КҮНҮНӨ 2 МААЛ ЖУУБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?
Тишти күнүнө минимум 2 маал жуубаса:
Тамактануудан 3-4 сааттан кийин ооз көңдөйүндөгү бактериялар активдүү иштеп, көбөйүп, тиштин эмалына бир катмар плёнка болуп топтолуп калышат. Эгер аны убагында жууп салбаса, катмар тыгыздалып ташка айланат, щётка менен жуусаң да кетпей калат.
Бактериялар ооздогу, тиштин кычыктарында калган тамак-аштын калдыктарын иштетип кислотага айлантат, ал кислота өз кезегинде тиштеги минералдарды чыгарып салат. Натыйжада эмаль ичкерет, кариес пайда болот.
Бүйлөлөр сезгенет. Бактериялар пайда кылган катмар бүйлөлөрдү сезгентет. Бүйлө шишип, кызарып, щётка менен жууганда канап баштайт.
Пародонтит дарты. Тиш гигиенасын сактабаганда сезгенүү улам тереңдеп ткандарды жабыркатып отуруп пародонтит дартын жаратат. Мында тиштердин баары бошоп, түшүп калат.
ГИГИЕНАНЫН МААНИСИ
Тишти эртең менен жана кечинде жуугандын ар биринин өз кызматы бар. Эртең менен жууганда – түнү бою ооз көңдөйүндө активдүү түрдө көбөйгөн микроорганизм, бактерияларды тазалайт. Кечки тамактан кийинки тиш жуу процесси эң маанилүү болуп саналат – биринчиден, тиштин араларындагы тамак-аш калдыктары тазаланып, бактериялардын тамактануусуна бөгөт коюлат. Экинчиден, тиш жуучу пастанын курамындагы фтор жана башка тиштин эмалын коргоочу компоненттер тишти коргоп турушат. Тишке таш түшүүнү, бүйлөнүн сезгенүүсүн алдын алат.
ТУУРА ГИГИЕНА
ТИШКЕ ДУШМАН ТАМАК-АШТАР
1. Кислоталар. Бактериялар бөлүп чыгарган жана тамак-аштардын курамындагы кислоталар тиштин эмалын тез арада жукартып жиберет. Мисалы, цитрустар, кычкыл алма, клюква жана башка курамында С витамини көп мөмө-жемиштер. Булардын курамындагы кислоталар, айрыкча лимон кислотасы – тиштин душманы болуп эсептелинет.
2. Кант. Ооз көңдөйүндөгү бактериялардын негизги азыгы – кант. Кант менен азыктанып, эмалды жеген кислоталарды бөлүп чыгарат. Таттуу азыктардын баары тишке зыян. Айрыкча чоюлчаак, жабышчаак (ирис, кургатылган мөмө-жемиштер), тиштен чыкпай жабышып калган кондитердик азыктар коркунучтуу.
3. Таттуу, газдалган суусундуктар. Булардын курамындагы кант эле коркунучтуу эмес, кошумча ортофосфор кислотасы да тишти бат бузат. Ортофосфор кошулган суусундуктар менен ашканадагы чайнек же башка техникаларды да жууса болот. Техниканы жууп жаткан каражаттар тишке кандай таасир берерин элестетип көрүңүз.
4. Крахмал. Ооба, крахмал дагы тиштин душманы болуп эсептелет. Чипсы, ак нан, картошка фри, печенье жана башка крахмалдан турган азыктардын калдыктары ооз көңдөйүндө глюкоза болуп эрийт да, бактериялар тарабынан иштетилип чыгып, тиш эмалын бузган сүт кислотасына айланат. Андыктан курамында крахмал көп азыктарды жегенден кийин тишти жакшылап жуу керек.
5. Алкоголь жана тамеки. Спирт ичимдиктери жана тамеки ооз көңдөйүн кургатат. Шилекей жетишсиз болгондо кандай көйгөйлөр жараларын окудуңуз да.
6. Катуу тамак-аштар. Кургатылган нан, кириешки, жаңгак түрлөрү, күн карама сыяктуу тамак-аштарды көп жегенден эмаль жабыркайт, жарака кетет, сынат, кариес жаралат.
7. Өтө ысык жана өтө муздак. Бал муздак жеп туруп, артынан дароо ысык чай ичип көрдүңүз беле? Көрө элек болсоңуз, такыр сунуштабайбыз. Температуранын кескин өзгөрүшү эмалды сезгентип, жарака кетип, кариес пайда болот.
8. Сагыз. Сагыздын курамындагы кант шилекейдин табигый курамын, пайдалуу кызматтарын өзгөртүп жиберет. Андан сырткары тиштеги пломба да чыгып кетиши мүмкүн.
9. Кофеин. Курамында кофеин бар суусундуктар (кофе, кола, энергетиктер) ооз көңдөйүн кургатат, витаминдердин кабыл алынуусун, сиңүүсүн жайлатат, тиштин түсүн өзгөртөт. Кофеиндин курамында тишке пайдалуу фтор да бар, бирок баары бир зыяны көбүрөөк делет.
МЕХАНИКАЛЫК ЖАРАКАТТАР
Асыл Орозбекова