Ноутбугуна үңүлгөн Жанар Кытайдан келген товарларды текшерип жатты. Кофейняда отурган, аңгыча телефонуна билдирүү келди. Экранды карап эле жүзүнө жылмаюу тарады, курбусу Айганыш экен. Жылмаюу тартуулаган адамың бар кандай сонун... Кечигип жатканын айтып кечирим сураптыр. “Эч нерсе эмес, иштеп отурам. Сен келгиче бүтүп калсам керек, шашпай айдап кел машинаны” деп үн жаздыруу жөнөтүп койду. Ысык кофеден ууртап, терезеге үңүлүп, бет маңдайга токтоткон өзүнүн Гелендваген унаасына көзү түштү. Кечээ ушундай жашоого жетем деп ойлоду беле, жок! Кечээ эртеңкиге тирүү жетем, жарык күндү көрөм деген ишеними да жок болчу... Жанардын ою 10 жыл мурунку өтмүшүнө сапар алды.
Ата-энеси төмөндөн бир аз жогорураак жашоодо жашашчу, уул бала жок, 4 кыз эле. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин биология факультетине тапшырып өтүп кетти. Айганыш менен ошол жерден таанышкан, бат эле тил табышып курбу болуп кетишти. Окуу менен катар иштейм деп бир супермаркеттин кечки сменине сатуучу болуп орношуп алган. Орношпой эле койсо болмок. Иштебесе Аргенге жолукмак эмес беле?.. Арген Жанар иштеген дүкөнгө жакын жашагандыктан дээрлик күндө баш бакчу. Кассада отурган сулуу кыз менен тамашалашканды адатка айлантып алган. Кийинчерээк үйүнө узатып барып, окуудан чыкканда сейилдеп, гүл берип, киного алып барып, айтор, романтиканын туу чокусун көргөздү окшойт. 3 айга жетпей Жанар Аргенди сүйүп калды. Бирок Айганышка негедир жаккан жок жигит. Кантип Арген Айганышка жакпайт, кантип анын мыктылыгын көрбөйт деп таң калчу кыз.
– Жанар, мынча берилбечи, Арген байдын баласы, көп кыздар менен сүйлөшкөн бабник деп уктум...
– Бай болсо жакшы да, апей. Бабник деп ага жетпей калгандар айта берет. Мен ага ишенем,- деген.
Жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин Арген Жанардын колун сурады, сүйүнгөнүн айтпа, көпөлөктөй учуп-конуп тойго даярдык башталды. Борбордогу тойканалардын биринде той да өттү. Тойдон кийин Аргендин ата-энесинин кычыраган эки кабат үйүнө барышты. Жаш колукту толкунданып алган, жаңы үйгө кандай бүлө болом деген ойлор...
– Жаным, сен эс ала бер, чарчадың. Мен достор менен майрамдап келейин, 2-3 саатта келем,- дебеспи күйөөсү оозун ачырып.
– Кызыксың го, бул биздин биринчи нике түнүбүз да. Кантип кетип каласың мени таштап?
– Жаным, мындан ары бардык түн да, күн да экөөбүздүкү. Бирок бүгүн достор менен болом, бул чечилген нерсе. Укта!- деп өктөм сүйлөдү да, таарынган колуктусунун чекесинен өөп чыгып кетти.
Жанар биринчи жолу коркуп кетти, Айганыштын сөздөрү эсине түштү. Жана тойдо да курбусу “бир нерсе болсо айт, баарын чечебиз” деп шыбыраган эле. Кайра болбогон нерсеге кабатыр болбоюнчу деп өзүн жоошутту. Ошону менен Арген эртеси түштөн кийин келди, эс-учунан кетип мас болуп.
Кайнене-кайнатасы Жанар корккондой менменсинген деле адамдар эмес экен. Жаңы келинди жылуу кабыл алып, жакшы мамиле жасап жатышты. Күндөр өтө берди, 3-курсту бүтөрүнө аз калган эле. Бирок Арген:
– Окуп эмне кыласың? Мен сага керектүүнүн баарын алып берем, акчадан кем болбойсуң...- деп көндүрдү. Башында жакшы эле “окуйм” деп жаткан, акыры жолдошунун сөзүнө көнүп берди.
Окуусун таштаарын укканда ата-энеси деле каршы чыгышкан жок, бир гана Айганыш чепилдеп жатты:
– Туура эмес кылып жатасың, Жанар. Эртең эмне болорун билбейбиз да, диплом сага “коопсуздук жаздыкчасы” болуп берет. Таштабачы, окучу,- деп жалдырады. Ага жини келген Жанар:
– Айганыш, эмнеге эле мага Аргенди жамандап, кайдагы коркунучтуу нерселерди айта бересиң? Же эмне, мен ушундай бай, сулуу күйөө тапканыма ичиң күйөбү?!- деп айтып салды. Жанында отурган курбусунун бетине муздак суу чачылгандай эле өңү өзгөрүп, кубарып кетти.
– Макул, Жанар, кандай ойлосоң өз эркиң, өз чечимиң,- деп акырын айтты да, ордунан туруп кетти. Ошондон кийин экөөнүн ортосундагы белгисиз жип үзүлдү, кармап калууга эки тарап тең аракет кылбады.
Айганыш жашоосунан чыгып кеткенден кийин жашоосу өзгөрдүбү Жанардын? Өзгөрдү, болгондо да коркунучтуу тарапка. Жолдошу күн алыс кеч келчү болду, келгенде да ичип келет, кийимдеринен аялдардын атыры жыттанат. Башында жаман ою жок, таарынсам эч кайда барбайт деп тултуңдап коркутканга аракет кылды. Жолдошу бир-эки жолу гүл, белек берип кечирим сурады. Бирок жүргөн-турганы өзгөргөн жок.
Түнү уктап жатышкан, бир маалда Аргендин телефонуна билдирүү келди, уйкусу сак Жанар дароо ойгонду. Акырын туруп телефонду колго алды. Пин-кодун билбейт эле, бирок экрандан “Сагындым...” деген билдирүүнүн башын окуп калды. Аялдык аруулугу тепселенгендей, мурдагы шектенүүлөрү далилденгендей көздөрүнө жаш тегеренди. Телефонду Аргендин бетине ыргытты. Бейкапар уктап жаткан неме чочуп кетти:
– Эй, эмне болду?!
– Ким?! Кайсы шуркуяны сагындырып жатасың?!- деди ачуусун баса албай калчылдап. Арген телефонду карады да, эмне кылсам дегендей бир саамга ойлоно түштү. Жүзүндө өкүнүү же күнөөнүн учкуну жок эле. Жанар ушуга туталанып кетти.
– Эмне, сөзүң жок калдыбы?- ачуу сөздөр чууруган боюнча кетти, аны азыр токтото алчу күч жоктой. Бирок күч табылды, болгондо да бетине бир тийген муштумдан камгактай жеңил неме учуп кетти.
– Эн-нең дурайын, эмне айкырасың?! Үйдөгүлөрдүн баарын ойготуп...
Жанар тура калып Аргендин бетине асылды, учтуу маникюру менен уятсыз неменин бетин бир аткып алса... Кайдан, кайрадан сокку жеди, ичке тийген тепкиден өзөрүп, дем жетпей жатып калды. Дагы бети-башына үстөккө-босток тийген муштумдан аягы эс-учун жоготту...
Бир маалда эсине келип, көзүн ачканга аракет кылды, бирок шишиктен көзү ачылбады. Денесинин баары ооруксунуп, онтоп жиберди. Кайненеси жанында экен, врач чакыртышыптыр “хм, ооруканага алып барышпаптыр да, баласынын кылыгын жашырып” деген ой келди. Денесиндеги көк аладан сырткары 2 кабыргасы сынган экен, көптө барып тыңыды. Ата-энесине дароо чалып, кандай абалда жатканын айткан. Апасынан “үйлөнгөнүңөргө 3 ай араң болгондо силерге не болду? Ысыгыңар тарай элек мезгил да. Сен бир нерсе дедиңби, кабагыңды бүркөдүңбү? Эркектин баары эле ала жипти аттайт да” деген сөздү укканда оозу ачылды. Аялды аял, кызды эне түшүнчү нерсе жок экенин түшүндү.
Бети, жолу ачылып калгандай Арген кутурду. Каалаган күнү келет, келбесе жок. Каалаганда көк ала кылып сабайт. Кайнене-кайнатам анын кыялын жакшы билишет окшойт, эрке болгондуктан ооз ачышпайт, мага “чыда” дешет. Аларды кой, өз ата-энем “чыдап кой, аялдын баары эле ушундай жашоо кечиришет. Бир күнү өзүнө келет, бийлик сенин колуңа тиет. Арты-артынан төрөп салсаң эле эч кайда кетпейт” деген кеңештерди айтышат. Бирок Аргендей адамдын жанында мүнөт сайын миң өлүп, миң тирилип жатканымды эч ким түшүнбөйт.
Бүгүн да сабап кетти, шымынын куру менен. Колдорум, далым шылынып, көзүм дагы шишиктен ачылбай жатам. Телефонду карадым, толтура контакттын арасынан мага жардам берчү адам таппай ары түртөм, бери түртөм. Айганыш... анын номерин өчүрүп салган элем. Бар болсо да кантип байланышам уялбай, сенин айтканың чын экен деп. Бирок жан таттуу эле, өлүп кала элегимде же бул жырткычтан боюмда боло электе качышым керек. Инстаграмдан курбумдун аккаунтун таптым да “Мени сактап калчы...” деп жаздым. Бир мүнөткө жетпей телефонума чалуу келди. Жаным десе, менин номеримди өчүргөн эмес экен. Видеобайланышка чыкты, абалымды көрдү да, даректи сурады. “Даярдан, азыр барып алып кетем” деди. Мага ушул эле сөз керектей, жанатан бери соолуп жаткан жаныма күч кирип, кийимдеримди чемоданга сала баштадым.
Келди. Өзү эле келбей, сиренанын коштоосунда милиция кызматкерлери менен чогуу келди. Бир заматта ызы-чуу түшүп калды үй ичи. Арген кармалды, бирок бат эле акча берип чыгып кетти. Апамдар “уят, эл эмне дейт, арызыңды ал” дешти. Ажыраштык, канча чыр, коркутуулар, кечирим сурап, баары жакшы болот деген сөздөр болду. Бирок артка кайтпадым, кайра барсам бир күнү ал үйдөн өлүгүм чыгарын сездим.
Жанымда дайыма Айганышым, ыйласам кошо ыйлап, мага дем берип, өзүнүн 1 бөлмөлүү батирине мени кошо батырып жашады. Мугалимдер менен сүйлөшүп, чуркап жүрүп университеттеги окуума кайра кабыл алындым. Окууну бүткөндөн кийин кесибим боюнча иштеген жокмун. Айганыш экөөбүз базарга байпак сатып кичинекей иш баштаганбыз, күнү-түнү, ысык-суукта калып отуруп чоң бизнеске жетиштик. Азыр Кудайга шүгүр, эч кимдин көзүн карабай өзүбүздүн бутка бекем туруп калдык...
– Жанарым, эмнени ойлонуп калдың? Мен кечиктим, ээ, кечир...- жаныма келген курбум бекем кучактап, бетимден өөп алды.
Турмушумдун эски барактарына кайткан мен курбумду көргөндө эреркеп кеттим:
– Айганышым, сен болбосоң мен кантмекмин?.. Сенин барың кандай сонун!
Асыл Орозбекова