Биз социалдык тармакта

Ким Му Ёль: “СЕН МЕНИ ТОЛУКТАП, БҮТҮН КЫЛДЫҢ...”

Атасы каршы болчу, бирок өзү актёр болуу кыялын жоготкон жок. Кыялды максатка айлантып, акыры жетти... Учурда ал дүйнөгө белгилүү актёр. Анан да ал башкы ролду ойногон “Чыныгы билим” сериалы азыр хит болууда. 44 жаштагы мырзаны сүйгөн айымдар көп, бирок өзүнүн жүрөгүн арнаган 1 гана аялзаты бар... Сөз түштүк кореялык актёр Ким Му Ёль тууралуу улансын.

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1982-жыл, 22-май

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 183 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Чыныгы билим”, “Ювеналдык сот”, “Сүйкүмдүү үй”, “Криминалдык шаар-4” жана башка

Алгач...

Мамлекеттик бир катар абройлуу кино сыйлыктар турат үйүндөгү текчеде. Актёрлук кыял гана болуп турган кезде мынчалык ийгиликке жетем деп ойлогон эмес, бирок аракет кылчу. Атасы анын өзү сыяктуу мамлекеттик кызматкер болуусун каалап, “китептен баш көтөрбөй оку” деген талап койчу. Жан дүйнөсү чыгармачылыкты эңсеп турса, аны ким токтото алсын. Атасынан өткөн өжөрлүк сапат менен баласы мектепти бүткөндөн кийин Аньян искусство мектебине тапшырып, аны бүткөндөн кийин Сонгюнгван университетиндеги аткаруу искусство бөлүмүнөн билим алган.

Ичип кеткен...

Ким Му Ёль азыр да өткөнүн эстегенде оор эмоциялар жараларын айтат. Эмнеге десеңиз, үй-бүлөсү кыйынчылык менен жашаган, ал эмес, араң аман калышкан. Му Ёль университетти улам таштап, кайра кирип отуруп араң бүткөн. Башынан өзүлөрүндө акча жетишсиз эле, анан 1998-жылы орун алган Азия кризиси үй-бүлөнү такыр эле кыйнап койгон. Анын үстүнө атасы онкологиялык ооруга кабылган. Жигит окуусуна, жашоосуна жана үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн бир нече жумушта иштөөгө туура келген, официанттан күзөтчүгө чейин. Мектепте жеңил атлетика менен машыккандыктан жана 183 сантиметр бою менен аны коопсуздук кызматкери кылып жалдагандар да жок эмес эле. Бирок канчалык иштебесин, баары бир акча жетчү эмес. 20 жашында кыйналган жигит депрессияга кабылып, ичип кеткен. Батир жалдоого акчасы жок, көчөдө жашап калган күндөрү да болгон экен. 

Өзүн колго алып...

Канчалык кыйын болбосун, актёр болуу кыялы өзү менен эле али. Кино пробаларга барууну токтоткон эмес. Айрымдар кыйынчылыкта арыктап кетсе, Му Ёль, тескерисинче, семирип кеткен. Анан кино пробалардын көбүнөн “ашыкча салмакта экенсиң” деген жоопту уккандан кийин өзүн колго алууну чечкен. Анын үстүнө баласынан көз каранды болгон ата-энеси артында турган эле. Актёр болуп жакшы гонорар алып баштаганда да көп жылдар бою тапканын үй-бүлөлүк карыздарды жапканга коротуп жүргөнү белгилүү. Үй-бүлөнүн жалгыз табышкери болгондуктан армияга да 10 жыл кечигип барган, болгон карыздарын жаап бүтүп коюп.

Театр актёру

Карьерасы 2002-жылы «Чжан Тта» мизюкли менен театр сахнасында башталган. Көп жыл театрда эмгектенип, күйөрман топтой алган. Ал эми кинодогу дебюту такшалып калганда, 2007-жылы болду. Алгач экинчи пландагы гана ролдор берилчү. 2008-2009-жылдардан бери карай башкы планга өттү. 2011-жылы чыккан “Жебе. Эң мыкты курал” тасмасынын чыгышы менен жылдызы жанган. “Жаздын ойгонушу” көркөм фильми ага алгачкы “Мыкты актёр” сыйлыгын алып келди. Учурда ал көп кырдуу актёр. Анын кино-куржунунда ондогон популярдуу тасма-сериалдар бар. 

Жеке кат болчу...

Му Ёль мырза учурда үй-бүлөлүү, жубайы актриса Юн Сын А, экөөнүн Сон аттуу уулу бар. Белгилүүлөр жеке жашоосун жакшылап катканга аракет кылат эмеспи. Анын сыңарындай Му Ёль мырзанын да романтикалык жашоосу көпчүлүккө сыр болчу. Кызыктуу окуяга чейин... 2012-жылы актёр сүйүктүүсүнө жеке кат жазам деп кокустан билдирүүнү Твиттер баракчасына жүктөп алган. Каттын мазмуну кыскача: “Мен азыр кичине ичип келдим. Сен тууралуу ойлонуп жатам, үнүңдү уккум келет, жүзүңдү көргүм келет. Чалайын дейм, бирок сен уктап жатасың деп билдирүү жазуудамын. Сага чейин мен жарты болчумун... Сен мени толуктап, бүтүн кылдың...” деген таризде эле. Билдирүү чыгып кеткенден кийин көпчүлүк актёрду романтик деп, кубаттоо сөздөрүн калтырышкан. Ошентип эки атактуунун мамилеси ачыкталып, 2015-жылы үйлөнүү үлпөт тою өтсө, 2023-жылы уулдуу болушту. Романтик экенин бекемдеп, түгөйлөр жыл сайын үйлөнгөн датасында романтикалык фотосессия жасап турушат, бул салтка айланып калган. 

Активдүү спорт түрүн жактырат

Мектеп курагында жеңил атлетика менен машыкчу дебедикпи, бул көндүмдөр кийин да керектелип, актёрдун карьерасында көп ирет кайталанган уруш-мушташ сценаларында жакшы жардам берет. Спорт адамдын көлөкөсүндөй эле болушу керектигин айтат. Өзү активдүү спорт түрлөрүн жактырат, баскетболду жакшы ойнойт. Бразилиялык уруш өнөрү капоэйра менен, андан сырткары күнүгө фитнес менен машыгат. Жумушка канча убакыт бөлсө, үй-бүлөгө андан эки эсе көбүрөөк көңүл буруу маанилүү экенин айтат. Баласы аны көп иштеген ата эмес, жанында көп болгон ата катары таанышы керек деген ойдо. Андыктан үй-бүлөсү менен көп саякаттайт, баласы чоңойгондо чогуу балык уулоого, тоого чыгарын, көп нерсени үйрөтөрүн айтып кыялданып келет романтик актёр. 

2026-жыл

2026-жыл, июнь айы. Бул айда түштүк кореялык актёр-актрисалардын популярдуулук боюнча ТОП-10 рейтингинде Ким Му Ёль 3-орунда турат. Мунун баары учурда экранга чыгып жаткан, актёр башкы ролду жараткан “Чыныгы билим” сериалына байланыштуу. Бул экшн-сериал Netflix платформасында англис тилдүү эмес сериалдардын катарында да жогорку суроо-талапка ээ болууда. Сериалда мектептертеги курч жана актуалдуу көйгөйлөр чагылдырылат. Окуучулар арасындагы буллинг, рэкетчиликтен сырткары окуучулардын жана алардын ата-энелеринин мугалимдерге болгон өтө начар мамилеси, ага жетекчиликтин “көз жумуусу” жана башка көйгөйлөр. Сериал жарыкка чыгып, популярдуу боло баштагандан кийин айрым чиновниктер “Мугалимдердин укугун коргоо бюросун түзүү керек” деген демилгелерди көтөрүп чыгууда.

Алдыдагы пландар... “Чыныгы билим” сериалынын режиссёру Ким Му Ёлду кийинки долбооруна, тагыраагы, “Биринчи доктор” аттуу сериалга тартылууга чакырганы маалымдалды. Буюрса, алдыда бүгүнкү каарманды врачтын образында көрөт экенбиз. 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан