Белгилүү машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров – Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн пайдубалын түптөгөн адамдардын бири. Максат Бобурбеков, Асейин Төрөгелдиев, Айпери Медет кызы жана башка балбандарды күрөш дүйнөсүнө алып келген. Атактуу күрөш чемпиондору Мээрим жана Сезим Жуманазаровалардын атасы жана алгачкы машыктыруучусу. Кыргыз спортунда орду чоң каарманыбыз спорттук карьерасы, кыздар күрөшүнүн алгачкы кадамдары, ийгилик сырлары тууралуу ой бөлүштү.
“Балбандар көп чыккан айылданмын”
– Таластын Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылында туулуп-өстүм. Башталгыч класста бизди Аскарбек Сапаралиев деген агай окутуп калды. Дене тарбия сабагында бизди көп чуркатып, ойнотуп, абдан кызыктуу өтчү. Ал кезде спорттук ийримдер жок. Класста мен сыяктуу спортко жөндөмдүү, чымыр, өжөр балдар көп болчу. Кечкисин топтолуп футбол ойнойбуз, күрөшөбүз. Күрөшкө жакындык айыл элинин канында бар. Өрөөнгө аты таанымал Малабай, Дүйшөбай, Жуманалы, Абжал, Шамшы деген балбандар чыккан биздин айылдан. Шамшы аке күрөштөн Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болгон. Майрамдарда 2 колхоздун эли чогулуп, күрөш да болчу. Биздин күрөшкө кызыгуубуз ушулардан улам болду да. Улуулар бизди, балдарды 2 жаатка бөлүп, күрөштүрүп эле жатышчу. Ал кезде күрөш секциясы Талас шаарында эле болчу, кийин Кара-Буура районунда ачылды. Ушул райондун биринчилиги өткөндө Турусбек агайыбыз бизди да алып барчу. Кээде 1-2-орунду алып калчубуз. Бишкекте спорт мектеби ачылганын эч кимибиз билген эмеспиз. Ошентип күрөшкө мен кийин, кеч келдим.
“Жыйынтык 4 жылдан кийин чыга баштады”
– Аскерден келгенден кийин Дене тарбия институтуна тапшырып, окуп бүттүм. 80-жылдары Бакай-Ата районунун спорт мектебинде эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп ишке кирдим. 4 жыл дегенде мен машыктырган балдар ийгиликтерди багынта башташты. 1984-жылы Максат Бобурбеков СССРдин окуучуларынын спартакиадасында 3-орунду ээледи. Гамзат Ажыбаев Чолпонбай Түлөбердиев атындагы Республикалык турнирде чемпиондукту утуп, ошентип улана берди.
1998-жылы Талас облустук эркин күрөш курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Ошко Республикалык 3-спартакиадага балдарды алып бардык. Тарыхта биринчи болуп Талас облусу чоңдор арасында 1-орунду ээледи. Ошентип мен иштеп турганда шакирттеримдин төртөө чемпион болду. Максат Бобурбеков 3 жыл катары менен мелдешти уткан.
“Кыздар тобун кантип ачып калдым?”
– Бишкекте олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби бар. Анда кыздар күрөшү бөлүмү 1980-жылдары ачылды. Убагында Овчаренко деген директор болчу. Ошол адам “кыздарды эркин күрөш боюнча машыктыргыла” десе, жаа бою каччубуз. Анткени бул биздин менталитетке өөн учурачу ал кезде. Бир жолу аталган мектептин директору мага “айылдарда филиалдарыбыз бар, ошол жакта кыздарды машыктырып иште” деди. Баш тарттым. “Анда балдардан 1 тайпа, кыздардан 1 тайпа ачып иште” деди эле, макул болдум.
Алгачкы кыздар тобунда өзүмдүн 2 кызым Мээрим жана Сезим, Мээримдин классташы Айпери Медет кызы жана башка кыздар болушту. Машыктырып, мелдештерге алып барып жүрдүм. Айылда кыздар күрөшүнө каршы болгондор чыкты. Молдолор келишти “каяктагыны баштап жатасың” дешип. Күрөш, анын ичинде кыздар күрөшү олимпиадалык спорт түрүнө кирерин, кыздарыбыз чемпион болсо Кыргызстандын атын чыгарарын айтып түшүндүрүп жаттым баарына.
“Улуттук курамда шакирттерим бар”
– Мээрим 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпиондугуна барып 3-орунду алып келди. Ага чейин Бишкекке мелдешке 2 гана жолу келип, чет жакка чыга элек болчубуз. Айылдан барып эле чемпиондуктан коло утту. 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда коло жеңди. Айпери Медет кызы 2-орунду багындырды. Ошентип кыздардын ийгилик тилкеси башталды. Мээрим жалпысынан Азия чемпиондугунда 3 жолу алтын, 1 жолу күмүш, 3 жолу коло, Азия оюндарында коло медалды утуп алды. Дүйнө чемпиондугунун 1 жолку алтын, 1 жолку коло медалынын ээси. “Токио-2020” Олимпиадасында коло медалды утуп келди. Сезим 2021-жылы августта Башкортостанда жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утса, 2025-жылдын мартында Ташкентте өткөн Эл аралык PWL турниринин жеңүүчүсү аталды. 2026-жылдан баштап АКШнын профессионалдык лигасында келишим менен иштеп жатат.
Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу (2020), Азия чемпиондугу жана Азия оюндарынын медалчысы. Эң кичүү кызым Бактыгүл Азия чемпиондугунда коло медалды утуп, келечекте дүйнө чемпиону болууну тилек кылып жүрөт. Ушулардын баарында алгачкы машыктыруучу катары эмгегим чоң.
Учурда Кыргызстандын кыздар күрөшү боюнча улуттук курама командасында мен машыктырган 3 кыз 15 жашка чейинкилердин, 4 кыз 17 жашка чейинкилердин арасында жүрөт. 4 кыздын экөө чемпион болгон.
Чоңдор арасында Кыргызстандын курама командасында Бактыгүл Жуманазарова, Адинай Байыскулова, Феруза Акматбекова, Гүлмайрам Абдыкеримова бар.
“Кыздарымдын ийини чыгып кеткенде...”
– Тынымсыз машыгуулар кыздарга кээде кыйынчылык жаратат. Бирок алардын спортту таштап кетели деген ойлору болгон жок. Мээрим Олимпиадага барар алдында күрөшүп жатып ийинин чыгарып алды. Мээримдин бизден башка эч кимге кереги жок болуп калды ошондо. Канатбек Бегалиев жана башкалар жардам берип, 2019-жылы мартта Новосибирскке барып операция жасатып келдим. Ошол кезде Дүйнө чемпиондугу Астанада өтүп, Мээрим катыша албай калды. 4 айдан кийин “Токио-2020” Олимпиадасы болмок. Ага да катыша албай калам го деп ыйлады. Бирок коронавирус пандемиясы чыгып, Олимпиада кийинки жылга жылып кетти. 2021-жылы Азия чемпиондугун жеңип, Олимпиадага жолдомо алды. Олимпиададан коло утту. Операция болгонго Олимпиадага ойдогудай даярдана албай калды.
Сезим болсо 2021-жылы Дүйнө чемпиондугунда 20 жашка чейинкилер арасында коло медаль утту. Күрөшүп жатып ал да бир ийинин чыгарып алды. Аны Новосибирскке өзү операция болгон ооруканага Мээрим алып барды. Бирок операция ийгиликсиз болуп калган окшойт, 1 жылдан кийин ийини кайра чыгып кетти. Санкт-Петербургдан кайра операция жасатып келди. Ошентип 2 жыл күрөшпөй калды.
“45 жылдан бери эмгектенип келатам”
– Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде иштеп жатканыма 4 жыл болду. Башында машыгабыз деген 20дай кызды өзүм менен кошо ала келгем. Азыр балдардан тышкары, 50гө жакын кызды машыктырып жатабыз. Мында да ийгиликтер бар. 2024-жылы Якутск шаарында өткөн “Азия балдары” спорттук оюндарында 3 кызыбыз ар кыл салмактагылар арасында жеңишти камсыз кылышты. Адинай Байискулова 1-орунду, Аяна Асылбекова 2-орунду, Жаңылай Мээрбекова 3-орунду ээледи.
Ушул айдын 27синде 71ге толом. Машыктыруучулук – кызылдай мээнет, оор жумуш. Ишимдин фанаты болуп 45 жылдан бери иштеп келатам.
Канымжан Усупбекова