Биз социалдык тармакта

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИ БАШКАГА БЕРҮҮГӨ КАРШЫБЫ?     

Агартуу министрлиги Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптик лицейлерди Илим министрлигине өткөрүү зарылдыгы тууралуу айтылган пикирге байланыштуу билдирүү таратты.

– Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку билим берүү, илим, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат. Демек, билим берүүнү башкаруунун учурдагы системи билим берүүнүн ар бир деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен түзүлгөн,- деп белгилейт министрлик.

Мекеме “акыркы жылдары баштапкы кесиптик билим берүү системин модернизациялоо боюнча жакшы иштерди жасап жатканын” кошумчалады.

– Ар кандай түзүмдүк өзгөртүүлөр кылдат талдоонун негизинде жүргүзүлүп, билим алуучулардын, педагогдордун, иш берүүчүлөрдүн жана аймактардын кызыкчылыктарын эске алып, негизги максат – кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталышы керек,- деп жазылат билдирүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан