Биз социалдык тармакта

САК БОЛУҢУЗ: СУУГА ЧӨККӨНДӨР КӨБӨЙДҮ

Өлкөнүн дарыяларына агып кеткендер көп катталууда.

21-июнда Сокулуктун Кожомкул айылында жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кетип, айдоочусунун денеси 25-июнда табылды.                                       

23-июнда Чүйдүн Кегети дарыясына жеңил унаа кулап, андагы эки бала сууга агып кетти. Биринин сөөгү табылып, 6 жашар экинчи баланы издөө иштери улантылып жатат.                                            

24-июнда Аламүдүн аймагындагы “Тёплые ключи” эс алуу жайына жакын жерде 32 жаштагы жаран сууга агып кеткени жарыяланды. Издөө иштери улантылып жатат, азырынча табыла элек.                   

25-июнда Таластын Чоң-Токой айылында Талас дарыясына агып кеткен өспүрүм изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Бул окуялар жайкы эс алуу мезгилинде жарандар этият болушу керектигин көрсөтүүдө. Айрыкча балдарга сак болуу керектигин тийиштүү мекемелер эскертип жатышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан