Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” аттуу эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы болуп өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү сактоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Программа лекцияларды, практикалык сабактарды, талаа изилдөөлөрүн жана топтук долбоорлорду камтыйт. Катышуучулар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адистери менен бирге мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация маселелерин талкуулашат.