Биз социалдык тармакта

ГУАНЧЖОУДО ЖАШОО ЖЕҢИЛБИ ЖЕ ООРБУ? Мекендеш Бакытбек Жанышбеков менен маек

Каарманыбыз Бакытбек мырза Бишкекте соодасы жүрүшпөй баштаганда коңшусунун сунушу менен аны ээрчип Кытайдын Гуанчжоу шааарына барат. Шаарды кыдырып, баарын анализдеп көргөндөн кийин анда калып иштөөнү чечкен. Учурда ошол жакта жашоодо. Ал жактагы жашоосу, иши, шаар, шаар тургундарынын маданияты жана башкалар боюнча айтып берди. 

 

“ЖОЖду кызыл диплом менен бүтүргөм”                                          

– Кичи мекеним Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кербен шаары. Чоң аталарыбыздын түбү нарындык. Илгери колхоздоштуруу, бай-манаптарды сүргүнгө айдаган жылдары чоң атам Кербенге келип жашап калыптыр. Чоң энем татар. Ошого мен кыргыздарга анчалык окшошо бербейм. Университетти кызыл диплом менен аяктап, экономист адистигин алып чыккам. Бирок айлыгы аз болгондуктан кесибим боюнча иштеген жокмун. Орусияга барып 1,5 жыл иштеп келдим. Анан Ошто дарыкана ачып, 6 жыл иштеттим. Бишкекке келип 10 жылдай "Дордойдо" соода-сатык менен алектендим. Бир коңшум өткөн жылы “Кытайга барып келели” дегенинен Гуанчжоу шаарына бардык. Шаарды, базарларын кыдырып көргөндөн кийин анализдеп, бул жакта калып иштесе болорун билдим. Кыргызстанга келип компания ачып, кайра Гуанчжоуго кеттим. Ошону менен аталган шаарда 7 айдан бери жашап, иштеп жатам. 

“Бул жактын базарларын 3 ай кыдырдым”              

– Гуанчжоудо түркүн товарларды дүңүнөн сатуучу 100дөн ашык ири базар бар. Товарлардын ассортименттерин анализдеп, Кыргызстанга эмнелерди жөнөтсөк жакшы өтөрүн, саткандан канча пайда түшөрүн билүү үчүн базарларын 3 ай кыдырдым. Акыры Кыргызстанга эмерек салып, соода кылганга токтолдум. Бул үчүн Фошань шаарын тандап алдым. Ал Гуанчжоудон 36 чакырым алыстыктагы шаар. Андыктан ишим ошол шаарда өтөт. Фошань – эмерек индустриясынын борбору. Ассортимент өтө көп. Классикалык түрүнөн тартып ультра-заманбап түрүнө чейин тапсаң болот. Ассортименттерин дүйнөлүк трендге карап чыгарып турушат. Мен арзанына жана кооздугуна карап эмеректерди сүрөткө тартып, инстаграмга жүктөйм. Буюртма бергендерге салып жиберип турам. Товарлардын баары абдан арзан. Бирок биз салган товарлар Кыргызстанга жеткиче эле кымбаттап кетет. Анткени логистикалык компаниялар кымбат жеткирет. Мисалы, 50 миң сомдук товар үчүн 1000 доллар алышат. Анан сатуучулар үстүнө кошушат. Мындан карапайым эл гана кыйналат. Товарлардын сапатына келсек, бааларына жараша. Кымбаты, орточосу, арзаны бар дегендей. Бул жактын мыйзамдары боюнча, сенин ишканаң болсо анда жок дегенде 2 Кытай жараны иштеши керек. Бул өздөрүнүн жарандарын жумуш менен камыз кылуу жолу. 

"Гуанчжоу – дүйнө элин кийиндирген шаар"

– Шаар субтропикалык аймакта жайгашкан. Андыктан климаты жылуу жана нымдуу. Учурда аба ырайы абдан үп, 24 саат бою мончодогудай болуп тердеп жүрөсүң. Кытайга мурун орустар көп барып иштешсе, учурда кыргыздар да көп келүүдө. Гуанчжоу – Кытайдын эң ири өнөр жай борбору. Учурда товарларды дүңүнөн сатчу базарларынан тышкары, миңдеген жеңил өнөр жай ишканалары, заводдору бар. Андыктан Гуанчжоу дүйнө элин кийиндирип келет. Учурда Кыргызстандагы ири базар, дүкөндөрдө Гуанчжоудон чыгарылган кийимдер, текстиль буюмдары, косметика каражаттары, электроника, тиричилик техникалары жана башкалар сатылат. Дүйнө жүзүнүн бизнесмен, соодагерлери келип соода кылып кетишет. Шаардын сейил бактары абдан чоң, кооз. Көчөлөрү таптаза. Көчөлөрүнө убагы менен суу чачып шаарды салкындатып турушат. Кытай тилин үйрөнүп жатам, күнүмдүк жашоого керектүү сөздөрдү сүйлөп калдым. 

"Медицинасы абдан өнүккөн"

– Бул жактын медицинасы абдан өнүккөн. Башка өлкөнүн жараны экениңе, улутуңа карабай тегиз карап, адамча мамиле кылып дарылашат. Иштерин 100 пайыз так аткарышат. Кыргызстандык бир мекендешибиз ооруп калды эле, ооруканага алып бардык. 1000 сомго жетпеген акчага дарылап, ингаляция кылышып, 2 күндө бутуна тургузушту. Кыргызстандан ага 5 миң сомго дары жазып беришкен экен. “Сиздин диагноз такыр башка. Бул дарылардын кереги жок” деп ыргыттырып салышты.

Ден соолугума кам көрүп, толук текшерүүдөн өттүм. Буга 800 сом алышты. Кыргызстанда мынча акчага толук текшериле албайсың да, туурабы? Жеке клиникалардын акысы абдан кымбат. Алар деле Кытайдагы жеке клиникалардай арзаныраак алып текшеришсе, кардарлары көп болмок. Эл да ооруларын өткөрүп жибербей убагында дарыланып калмак. Кыргызстанда дарылар өтө кымбат экенин айта кетейин. 

“1 айлык чыгымым 130 миң сом”                          

– Кытайда азык-түлүк арзан. Сомго айландырганда бул жакта 600 сомго келүүчү азык-түлүктү Кыргызстандан 1500 сомдун тегерегинде аласың. Тамактарына татымалдарды көп кошушат. Биз адал тамактарды жейбиз, алар даамдуу жасалат. Деңиз азыктарын көп жешет. Көчөдө сатылуучу тамактары, ачык айтканда, санитардык талаптарга толук жооп бербейт. Үй-бүлөм Бишкекте болгондуктан үйдөн чанда тамак жасайм. Кафеден тамактанам көбүнчө. Ошого 1 айга 15 миң сомдой коротом. Аянты 92 чарчы метр болгон 3 бөлмөлүү батирде туруп, айына 1000 доллар төлөйм. Көбүнчө метролордо жүрөбүз. 45 чакырым жүрсөң 8 юань же 104 сом төлөш керек болот. Жол киреге 1 айга сом менен алганда 10 миң сомдой коротом, анткени дайым 2 шаардын ортосунда жүрөм. Салыкка, сууга да төлөйм. Кыскасы, 1 айга баарын кошкондо 130 миң сомдой коройт. Ушунча чыгымга жараша тытынып иштөөгө туура келет. Мыйзам боюнча туура иштесең, сага эч ким тийишпейт. 

“Ашыкча сүйлөбөгөн эл”

– Адамдарынын бири-бирине сыйы жогору. Ашыкча сүйлөшпөйт. Жумуш боюнча бирөөгө кайрылсаң ошол боюнча гана сүйлөшүң шарт. Болгону буларда жеке гигиенаны, көчө маданиятын сактоо начарыраак. Элдин айткандарына караганда, бул жаатта мурунку кездерге салыштырганда азыр оңолуп калышыптыр. Айрымдары көчөдө деле какырынып, түкүрүнүп, тиштерин чукулап жүрө беришет. Түнкү саат 10 болду дегиче көчөдөн эч кимди таппайсың. Анткени эрте жатып, эрте туруп жумушка кетишет. Сүйүүгө, үй-бүлөгө бекем, сабырдуу, башкалардын жашоосу менен иши болбогон, бир жумушу болбой калса нервденбей, башка иш таап кете берген калк. Бир нерсе үчүн кечирим сураш керек болсо, көчөдө тизелеп отуруп деле кечирим сурай беришет.

Гуанчжоунун борборунан 100 миң долларга аянты 97-100 чарчы метр үй алсаң болот экен. Шаар четиндеги үйлөр 60-70 миң долларга бааланат дешти. Жашоодон кыйналгандар үчүн атайын турак жай курушат, алардын батир акысы арзан, ошондо жашап турушат. 

“Үй-бүлөм жаныма келет”                                           

– Бир тууган эжем Орусияда жашайт, Орусия жараны. Өзүмдүн 2 уул, 4 кызым бар. Жакында үй-бүлөм Бишкектен бул жакка учуп келет. Бул жактан 3 баламды окутканга мектепке, 1 баламды бала бакчага бергенге сүйлөшүп койдум. Улуу балам менен чоң кызым чоң энесинин жанында Бишкекте калмай болушту.  

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан