Томатль – “барсайган жемиш” дегенди билдирет
Помидор “томат” деп да аталарын билесиз. Анын мекени – Түштүк Америка. Аны ацтектер “томатль” деп аташкан жана өстүрүп, тамак-ашка чили калемпирине аралаштыруу менен колдонушкан. “Томатль” сөзү бизче “барсайган жемиш” дегенди билдирет. Француздар өздөрүнө ылайыкташтырып “томат” деп алышкан. Итальянча "помо доро" (pomo d'oro) сөзү “алтын алма” дегенди билдирет.
Жалпы пайдасы
Томат ширесинин курамында пектин, клетчатка, бета-коротин, витаминдерден B1, B2, B5, B6, B9, C, H жана PP, фолий кычкылы, калий, кальций, йод жана башка микроэлементтер бар. 100 граммында болгону 100 килокалория бар. Шире бөйрөктүн иштешин калыптандырып, уулардан арылтып, картаюунун алдын алат. Терини серпилгич кылып, нымдаштырып турат. Клетчатка ичеги-карындын иштешине оң таасир берип, ич катуудан арылууда жардамчы.
Курамындагы фолий кычкылы нерв системинин иштешине оң таасир берип, стресс менен күрөшүп, клеткалардын жана кандын айланышын жакшыртат. Иммунитетти жогорулатуу, мээнин жана жүрөк-кан тамыр системдеринин калыптагыдай иштеши үчүн эң керек. Фолий кычкылы ошондой эле эритроциттердин иштелип чыгышын жөнгө салып, чач жана тырмактардын өңүн жакшыртат. Учак менен узакка учар алдында ичсе кан тамырда кандын уюп калышынын алдын алат. Анткени узакка учууда кан жай айланып калат. Курамында кант жок болгондуктан арыктагысы келгендерге мыкты азык.
Эркектерде аденоманын алдын алат
Жаңы изилдөөлөр ликолин онкологиялык оорулардын жаралышына бөгөт коёрун көрсөттү. Андыктан ширени эркектер ичип жүрсө урук чыктагыч бездин рагынын (аденома простаты) алдын алган болот. Тестостерондун калыптагыдай иштелип чыгышын шарттап, бел кубатка оң таасир берет.
Варикоздун жаралуу коркунучун азайтат
Аялдар курсакта бала көтөрүп, толгоодо кыйналып төрөгөндүктөн аларда варикоз пайда болуу ыктымалдыгы жогору. Томат ширеси варикоздун жаралуу коркунучун азайтат. Ашыкча суюктукту сыртка чыгаруу менен аялды шишип кетүүдөн сактайт.
Зыяны
• Айрым аллергиктерде анемияны күчөтүшү мүмкүн.
• Ашказан, 12 эли ичегисинде жарасы барларга болбойт. Ооруну күчөтөт.