Кезектеги “Рулдагы жылдыз” рубрикасынын коногу – көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алып келе жаткан ырчы Жаныбек Наралиев. Бул жолу аны менен айдоочулук тажрыйбасы, адаттары, алгачкы унаасы, кызыктуу жол окуялары жана темир тулпарга болгон мамилеси тууралуу маектештик.
Үлгүсү - Mercedes-Benz W210
Кыймылдаткычынын көлөмү - 3200 сантиметр куб
Баасы - 15 миң доллар
Өңү – ак
– Жаныбек мырза, рулга биринчи жолу качан отургансыз?
– Жакшы рубрика экен. Рулга он жашымдан баштап отурдум, атамдын Жигулиси бар эле, биринчи жолу ошону айдап үйрөнгөм. Ал Жигули мындан алты жылдай мурун эле жоголду, бизге көптөгөн жылдар бою тынбай кызмат кылды бечара (күлүп). Биринчи жолу атама билгизбей айдап чыгып, бирөөнүн короосун сүзүп ала жаздаганым эсимде. Ошентип айдап отуруп үйрөнүп кеткем.
– Өзүңүздү кандай айдоочумун деп эсептейсиз: токтоо, шашма же эмоциялуу?
– Ачык айтсам, шашма айдоочумун, бирок мунум өзүмө жакпайт. Деги эле бир ишти кыларда бир аз шашкалактап кетчү жайым бар. Эмоция тууралуу айтсам, азыркы Бишкектеги тыгын баарыбызды эле сабырдуулукка үйрөттү окшойт. Кээде бир саат бою деле туруп калып жатпайбызбы, эмоция деле чыкпай калды, тагдырга баш ийдик окшойт (күлүп). Тыгында турганда ырдайм эмнегедир, жанымда адамдар болсо чакан концерт уюштуруп жибермейим да бар.
– Жол эрежесин бузуп, айып пул төлөгөн учур көп болобу?
– Эреже бузбай айдайм десем туура болбой калат, кээде болуп турат. Анткени жогоруда шашмамын деп айтып кетпедимби. Бирок аракет кылам эреже бузбай айдаганга.
– Унааңызда сөзсүз жүрө турган үч нерсе эмне?
– Машинемде дайыма той-топурга кие турган костюм, шым болот. Мындайча айтканда, дайыма “артист көйнөк” жанымда болот, кээде плансыз эле бир жерде ырдаш керек болуп калат да, ошого даяр жүрөм. Экинчиси – машинемде сөзсүз жүрө турган нерсе спорттук сумка. Анткени дайыма залга барып турам, ошондуктан ансыз болбойт. Үчүнчү нерсе – дайыма суу болот. Ушул үч нерсе сөзсүз машинемде болот.
– Узак жолго чыкканда унаада кимдин ырларын угуп барасыз? Өзүңүздүн ырларыңызды коёсузбу?
– Узак жолго чыкканда классикалык эски ырларды көп угам. Кыскараак жолдо Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев агалардын ырларын коюп коём. Негизинен машинемде кыргыз ырлары жаңырат. Ал эми өзүмдүн ырларыма келсек, анда-санда угуп калам. Кээде ырлардын арасынан чыгып калат, кээде сагынып атайын угуп калам. Жаңы ыр жаздырсам бир топ убакыт угуп жүрөм, кайсы жери жакшы болду, кайсы жеринде кемчилик бар деп өз сынымдан өткөрүү үчүн.
– Унааңызга ат койгонсузбу?
– Жок, антип машинени эркелетип, ага ат коё калган айдоочулардан эмесмин. Мындай нерселерди жактырбайм. Эмне машине айдасам, ошол аты менен эле айтып жүрөм. Аны сүйгөнүндөй кылып ат коюп алгандарга түшүнбөйм.
– Эң алыс кайсы жакка айдап бардыңыз эле?
– Машинени өтө узак жолго деле айдаган жокмун, Кыргызстандын ичинде эле айдап жүрөм. Эң алыскы сапарым – Бишкектен өрүкзарлуу Баткенге чейин айдаганым болду окшойт.
– Жолдо күйөрмандарыңыз таанып калган кызыктуу учур болгонбу?
– Ооба. “Сиз жанагы "Сүйүү балын" ырдаган ырчысыз го” дегендер болот. “Жаныбек Наралиевге окшош экенсиз” деп да калышат. Андайда тамашалап “ошол жигиттин бир тууган агасы болом” деп коём.
– Навигаторго көбүрөөк ишенесизби же өзүңүздүн сезимиңизгеби?
– Жок, андай каражат менен ишим жок. Өзүмдүн ички туюмум менен эле таап барам даректи, анын үстүнө көптөн бери шаарда жашаганым үчүн көчөлөрдү жакшы билем. Жөө жүргөн күндөрдү эстеп, “ушул дарек болуш керек” деп эле таап алам.
– Таксист болуп иштей алат белеңиз?
– Жок, таксист боло албасам керек. Анткени сабырым жок, шашмамын. Таксист ага-инилердин сабырына баа бериш керек, жүргүнчүлөр деле азыркы убакта эмоциялуу, жол тыгын, бензин кымбат деп эле санап кете бербейинби (күлүп).
– Жүргүнчү катары ким менен сапарга чыкканды жактырасыз?
– Аксакал кишилер менен узак сапарга чыккан жагат, анткени алардын айтып берген сөздөрү кызыктуу. Уктап бара жатсаң да уйкуң ачылгандай даамдуу сүйлөшөт эмеспи. Алардын кызыктуу, кээде кайгылуу же күлкүлүү окуяларын угуп, жете турган жериңе кантип жеткениңди билбей каласың. Ошондой аксакалдар болсо жолдон салып алып маектешип барган мага аябай жагат.
– Айымдар табиятынан унаа айдоого анча жөндөмдүү эмес деген сөзгө кандай карайсыз?
– Унааны мырзаларга караганда жакшы айдаган айымдар деле бар. Бирок андайлар абдан аз кездешет, көп учурда эрежелерге анча маани бербей эле айдап бараткан айымдарды байкайм. Андайларды жолуктурсам деле жинденип кетпейм, рулду карап, аял киши болсо “аа, түшүнүктүү” деп коюп жолумду улай берем. Мырзалар болсо баары бир шамдагай айдашат да, жол берип же башка кылып дегендей, ошондуктан мен деле рулдагы айымдарга стереотиптүү көз караш менен карайм.
– Унааңыз сүйлөй алса, сизге эмне демек?
– “Ай, Жаныбек, айланайын, сабыр кылып эле шашпай айдачы. Экөөбүздүн тең эле жашай турган күнүбүз бар го” демек болуш керек.
– Айдоочу катары азыркы тапта эмнени кыялданасыз?
– Лексусту жакшы көрөм, келечекте ошондой унаа айдасам деп кыялданып жүрөм. Буюрса, бул кыялым жакын арада ишке ашат деп ишенем.
Нуржамал Жийдебаева