Биз социалдык тармакта

ТАМАДАДАН КЫЗЫК КЕП

Той, кечелерде кызык окуялар көп болот эмеспи. Бул жолу тамадалар ошондой учурлардан кеп салышты. Жылмайып коюңуз, окурман. 

 

Султан Каримов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Бир кыздын эки үлпөт тоюн алып баргам”

– Ырчылыкка кошо тамадалыкты да аркалап келе жатам. Бир жолу үйлөнүү үлпөт тоюн алып барып калдым. Колукту да, жигит да татынакай жуптар экен. Бойлору узун, сулуу. Той жакшы өттү, ата-энелери, келген эл да ыраазы болуп кетишти. Андан 3 ай өтпөй дагы бирөөлөр үйлөнүү тойду алып барууга чакырып калышты. Эрте барып, кимдерге сөз берилерин тактап алдым. Той башталды. Карасам, колукту баягы 3 ай мурда тою өткөн кыз. Бирок жигити башка. Өзүмчө таң калдым. Кыздын ата-энеси келип “бизди, кызыбызды мурда көрбөгөндөй, тааныбагандай эле түр көрсөтүп өткөзүп салыңыз тойду” дешти. Ошентип 3 айдын ичинде тиги кыздын 2 тоюн алып баргам.

Союз тарагандан кийинки жылдар. Кафелер ачылып, тойлор кафеде өтө баштады. Бир таанышымдын тоюнда тамадасы жакшы алып баратып эле антракттан кийин жоголуп кетти. Көрсө, досу экөө ичип алып, уктап калыптыр. Той ээлеринин суранычы менен тойдун экинчи бөлүгүн мен алып баргам.

Дагы бир кызык окуя. Колуктунун атасы 2 жолу үйлөнгөн экен. Биринчи аялы экөөнүн кызын турмушка узатып жатат. Ал тойдо экинчи аялы да жүрдү. Ал биринчи турмушунан тапкан уулун тиги кызга үйлөнтүп жатат. Башкача айтканда, ата биринчи аялы экөөнүн кызын учурдагы аялынын мурдагы күйөөсүнөн тапкан уулуна берди. Ошондо көпчүлүк “бул жагы кызык болду го” деп күлүшкөн.

Ильяз Агыбай уулу, куудул, тамада: “Күйөөсүнүн майкасы жыртык экен”                 

– Оюнсуз той өтпөйт да. Бир тойдо оюндарга аялдарды чыгардым. Алар мен айткан нерселерди залда отурган коноктордон таап, алып келүүлөрү керек болчу. Пиджак десем чуркап барып пиджак, кол саат десем аны, бут кийим, кур, галстук, паспорт, айтор, таап келип жатышты. Көбүнчө күйөөлөрүнүкүн чечип келе берип, алар майка, шымчан, жылаңач калышты. Финалда толмоч 2 аял калды. Байгеге алтын чынжырча коюлган эле. Бир кезде мен “күйөөлөрүңөрдү алып келгиле” деп бакырдым. Барып ой-боюна койбой күйөөлөрүн дегдеңдетип сүйрөп чыгышты. Отургандар дуу күлүп жиберишти. Көрсө, экөөнүн тең күйөөлөрү тыржыйган арык, анысы аз келгенсип биринин майкасында чоң жыртыгы бар экен. Бирок ошонун аялы баш байгени утуп кеткен.

Ырысбай Жумаев, теле алпаруучу, тамада: “Тараза оюнундагы кызык баарыбызды таң калтырган”

– Бир жолу тушоо кесүү тоюн алып барып калдым. Тойдо кичинекей балдар, “Баластан” берүүсүн көргөндөр көп экен, мени таанып, аябай сүйүнүштү. Тойдо тараза оюну бар эле. Катышуучуларды чакырып, таразага тартып салмагын билип туруп, “тамак ичип кайра келгиле, кимдин салмагына көбүрөөк кошулса, ошол жеңүүчү болот” дедим. Шашып-бушуп тамак ичишкен соң кайра таразага тарттым. Төртөөнүн салмактары бир аз кошулуптур. Бешинчиси канча көп тамак жесе да салмагы көбөйбөй, тескерисинче, азайып калыптыр. Буга мен, коноктор, катышуучу өзү да аябай таң калды. Көрсө, башында пиджагын кийип түшүптүр, тамак ичкенден кийин аны чечип койгон экен. Аны өзү деле байкабаптыр, кийин байкалып, дагы бир жолу баарыбыз күлгөнбүз. 

 

Кубанычбек Эсенбаев, тамада: “Адашып кирип алып бекер ырдаган”                  

– Бир тойду алып барып жатсам, белгилүү ырчы шашып кирип “мени эртерээк ырдатып кетирип жиберчи. Дагы 1-2 тойго барып жетишүүм керек” деп калды. Макул деп тост бүтөр замат ырдаттым. Анан той ээсинен акысын алайын десе, ал “мен сени чакырган эмесмин” дебеспи. Көрсө, ал ырчыны ошол жерде катар турган башка кафедеги той ээлери чакырган экен. Ырчы шашып биз жакка кирип алыптыр. Ошондо ырчы той ээсине “менден сизге сюрприз болду” деп күлгөн бойдон чыгып кеткен.

 

Элмурат Миталипов, куудул, тамада: “Залга кирип барып нес болуп калгам”                                        

– Жаңыдан тамадалыкка аралашып жүргөн кезим. Тойго буюртма түштү. Келинчегимди алып алгам. Той башталарда ичимден “азыр кирип барып 2 жашты ордубуздан туруп кол чаап тосуп алалы. "Жар-жар" менен киргизип алалы деп айтам” деп турам. Аңгыча той ээси мага тойду башта деп калды. Музыка башталды.  “Амансыздарбы, калың журт!” деп кирип барсам эле элдин баары туруп алыптыр. Аларды мен тургузушум керек эле да. Эмне дээримди билбей нес болуп калдым. Элдин сүрү бар да. Анан “чачтарды тургузуп, каштарды жулгузуп, 2 жаштын махабат тоюна кош келипсиздер!” дедим да, 2 жашты "Жар-жар" менен киргизип туруп, “калганын сен алып бар” деп келинчегиме табыштап, өзүм качып кетип калгам.

 

Мадин Итикеев, тамада: “Тойго 1 ай мурункуга чакырып салыптыр”                       

– Жакында Ысык-Көлдөн бир тойго буюртма түшүп калды. Той ээси “Мадин, жакшы тамадасың. Биздин мурунку тойлорду алып баргансың, эми бул тойду да алып барып бер” деди. Датасын сурасам, 5-июнь деди. Макул болуп, ошол күнү музыкантымды, ырчыларды алып бардым. Барсак, кафеде эч ким жок. Эл чогула элек экен деп көлгө барып түштүк. Саат 5терде келсек деле эл жок. Дасторкон жасалбаган. Үй ээсине чалсам “сага жаңылып айтып алыптырмын, той 5-июнда эмес, 5-июлда” деп жатпайбы кашайып. Ошентип бензинге банкрот болуп кайтып келдик. 1 айдан кийин кайра барып тойду алпарым бердим.

 

Замир Кайназаров, тамада: “Орусча билбей “вот такой” деп эле жаттым...”           

– Мындан 3 жыл мурун бир тойду алып барып калдым. Кыргыз кызы уйгур жигитке турмушка чыгып жатыптыр. Уйгур кудалар тараптан орустар да келишти. Мен орусча жакшы билбейм. Оюндарга орустар чыгып калса түшүндүрө албай жата калып, тура калып, кыймыл-аракетим менен көрсөтүп “вот такой, вот такой. Вот так сделай” деп эле жаттым... Алар каткырышса кошо күлөм. Ошентип көрсөтүп жатып бир кезде шымымдын арты айрылып кетсе болобу. Эмне кыларымды билбей пиджагымды чечип туруп белиме байлап алдым да, той бүткүчө ошентип жүрдүм. 

 

Эрнест Бөрүбаев, тамада: “Дагы деле үйлөндүрө беребиз деп элди күлдүргөн”                                        

– Бир жолу той алып барып жатам. Үйлөнүп жаткан баланын атасы каза болуп калган экен. Бала тараптан бирөө кудаларга кулдук уруп сүйлөшү керек да. Атасынын иниси чыкты. Бир аз кызуураак экен, микрофонду берсем эле ыйлап баштады. “Атам жок деп эч качан өксүбө, мына, биз турабыз. Эч нерседен коркпо, биз үйлөндүрүп жатабыз, дагы деле үйлөндүрө беребиз” десе болобу. Эл дуу күлүп жиберсе, “күлбөгүлө, мен дайыма тикемден тик турам” деди. Байкабай айтып алган сөзүнө маани бербей калды да.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан