Жаштардын сленгинде “red flag” жана “green flag” деген терминдер бар. Бул терминдер адамдын жүрүм-турумундагы айрым белгилерди сүрөттөп, анын мүнөзүн жана алар менен болгон мамиленин келечегин баалоого жардам берет. Бул “кызыл желек” жана “жашыл желектен” башкасы да бар, болгондо да коркунучтуу “кара желек”... Кайсы “желек” кандай адамдар тууралуу кабар берет, макаладан окуп көрүңүз.
Мамиледеги “желек” деген эмне?
Желек – бул адамдын жүрүм-туруму аркылуу берилген сигналдардын метафоралык аталышы. Желектерге бөлүнгөн белгилер аркылуу адам канчалык ишенимдүү же ишенимсиз, кайдыгер же камкор, кооптуу же коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет. Адамдын терс же, тескерисинче, оң сапаттарынын даражасын чагылдыруу үчүн желектер түрдүү түскө бөлүнгөн: жашыл, кызыл, сары, көк, кочкул сары, кара жана башка. Макалада кеңири тараган жашыл, кызыл жана кара желектерге орун беребиз.
ЖАШЫЛ ЖЕЛЕК – БААРЫ СОНУН!
Үлгүлүү жүрүм-турумга ээ, мүнөзүндө оң сапаттар басымдуу болгон адамдар “жашыл желекке” киришет. “Жашыл желек” адам менен коркпой сапаттуу мамиле түзсө болот. Ал мамиледе бири-бирин урматтоо, сыйлоо, камкордук кылуу, бирге баалуулуктарды түзө алууга болот деген ишеним бар.
Эркектеги “жашыл желектин” негизги белгилери:
– Түгөйүнүн чек арасын сыйлайт: басым жасабайт, ага жакпаган нерсени жаса деп көндүргөнгө аракет кылбайт.
– Түгөйүн кандай болсо ошондой кабыл алат: келбетин, түрдүү эмоцияларын, мүнөзүн, адаттарын.
– Камкордук: аялга керек болгон негизги белги – камкордук көрсөтө алат.
– Эсептешет: ою менен, эмоциялары менен.
– Дипломат: аял менен жарышып урушпайт, тамашага салып же дипломаттык көрсөтүп конфликттүү учурлардан чыгып кеткенди билет.
– Кызыкдар: мамиле, келечек курууга, майда-чүйдөгө чейин бирге жасоого, бирге болууга умтулат.
Аялдагы “жашыл желектин” негизги белгилери:
– Ишеним: мырзасына толук ишенет.
– Колдойт: түгөйүнүн максаттарын, ишин. Ийгилигине кошо кубанат, кубаттайт, мактайт.
– Сабырдуу: кыйын учурда сабырдуулукту сактайт, ушул сапаты менен көп конфликттерден чыгып кете алат. Маселени тынч, сабырдуулук менен түшүндүрөт, өзү да түгөйүн сабырдуулук менен угат, түшүнгөнгө аракет кылат.
– Боорукер: айымдарга тиешелүү боорукерлик сапаты.
– Эмоционалдык жактан ачык: оюнда эмне болсо бөлүшөт, алсыз экенин көрсөткөндөн коркпойт, эркелигин, назиктигин көрсөтө алат.
КЫЗЫЛ ЖЕЛЕК – ТЫНЧСЫЗДАНУУ КЕРЕК!
“Кызыл желекке” кирген адамдардагы коркунучтуу жүрүм-турум белгилерин байкап, аны эскертүү катары кабыл алуу керек. Мындай адам менен мамиле курса болобу же жокпу деп. Башкача айтканда, “стоп сигнал” деген белгилерди байкап, тынчсыздануу башталат.
Эркектеги “кызыл желектин” негизги белгилери:
– Толук көзөмөл: аялдын жашоосун толугу менен көзөмөлгө алат. Телефонун текшерет, ким менен жазышты, ким менен сүйлөштү, соцтармакта кимге катталуу, ага кимдер катталуу, кандай сүрөт жүктөйт, эмне деп жазат... Жакпаганын өчүрөт, сүйлөшпө, катташпа, антип жазба, антип кийинбе деген сыяктуу тыюу салуулары көп болот.
– Эмоционалдык селкинчекте кармайт: бир туруп андан жакшы адам жок, бир туруп андан жаман адам жок болот. Бирде кайгыртса, таарынтса, бирде сүйүп-күйүп камкордук көрсөтүп калат. Мындай мамиледен аял чарчап, эмоционалдык туруксуз абалга келет.
– Чек аралар өчөт: аялдын чек арасы ага маанилүү эмес, өзүнө ыңгайлуу “куурчак жасаганга” аракет кылат. Иштебей эле үйдө отур, курбуларың менен жолукпай эле кой, аны менен сүйлөшпөй эле кой, мен бармын го деген манипуляциялар көбөйөт.
– Калп айтуу: өзүнө ыңгайлуу учурда калп айтып коё берет, аялдын эмоциясы, ою менен эсептешпейт, маанилүү деп да ойлобойт.
Аялдагы “кызыл желектин” негизги белгилери:
– Чек аралар өчөт: бүт дүйнө өзүнүн айланасында тегеренүүсүн каалайт. Эркек өзүнөн башка эч кимге көңүл бурбоосун, өзүн гана эркелетип, эмне кааласа жасап туруусун талап кылат.
– Манипуляция: таарынуу, истерика болуунун аркасы менен манипуляция кылат, өз билгенин жасатат.
– Эсеп: мындай айымдар көбүнчө сезимге эмес, эсепке карап мамиле курушат. Мамиледе көп белек талап кылышат, кандай маселе чыкпасын эркектин чечип беришин суранышат жана башка.
КАРА ЖЕЛЕК – КАЧЫҢЫЗ, КОРКУНУЧ!
“Кара желек” – бул аталыштын өзү эле коркунучтуу угулат. Мындай адамдарды көргөндө качуу керек деген коркунучтун белгисин билдирет “кара желек”. Мындай адамдардын жанында физикалык жана психикалык ден соолук жабыр тартышы мүмкүн. “Кара желекке” көбүнчө эркек адамдар мүнөздүү келишет. Аялдардын физикалык күчү жетпейт мындайга.
Белгилери:
– Зомбулуктун бардык түрү: Физикалык, сексуалдык, экономикалык. Коркутуулар, эмоционалдык басым, финансылык көзөмөл, сексуалдык кыймыл-аракетке зордоолор, кол көтөрүү жана башка.
– Жакындардан алыстатуу: ал тууган-урук, үй-бүлө, дос-курбулар менен мамилени чектеп, алардан алыстатууга аракет кылат. Керекпи талап коёт, коркутат.
– Манипуляция жана газлайтинг: өзүңдүн акыл-эсиң ордунда экенинен күмөн санатат. Фактыларды бурмалайт, өз кызыкчылыгына пайдаланат, аялдын ага болгон сүйүү сезимин башкаруучу рычаг катары колдонот.
– Өзүнүн күнөөсүн сезбейт же моюнга алгысы келбейт. Түгөйү кичинекей ката кетирсе тоодой кылып көрсөтөт.
Эскертүү!
“Кара желекке” кирген адам менен мамиледе болгондордон чечкиндүү аракеттер талап кылынат: коопсуздук ар кандай жылуу мамилеге, сезимге караганда маанилүү. Өнөктөшүндө жогорудагы белгилерди байкаган адам жакындарынан колдоо сурап, андан кетүү планын иштеп чыгышы керек: коопсуз жай, “каржылык жаздык” даярдап, адистердин жардамына кайрылышы керек.
Асыл Орозбекова