Биз социалдык тармакта

УЧАК КЫРСЫГЫ: КЫРГЫЗСТАНДА УЧУУ КООПТУУБУ?

 

Эл аралык “Манас” аэропортунда болгон кырсык көпчүлүктү сестентти. 7-июлда “Тез Жет” авиакомпаниясынын Бишкектен Ошко жөнөгөн учагы абага көтөрүлүү үчүн күүлөнүп баратканда кырсыктап, учуп-конуу тилкесинде калды. Расмий маалыматка таянсак, учактын дөңгөлөгү жарылып, аба кемеси бир жагына кыйшайып кулаганда канаты сынды. Бортто 180ден ашык жүргүнчү болгону айтылды, оор жаракат алгандар жок. Окуядан улам аэропорттун иши бир нече саатка токтотулуп, каттамдар башка шаарларга багытталды. Учурда Жарандык авиация агенттиги кырсык боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. 

9-июлда Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган учак коно албай кайтып келгени белгилүү болду. Учак “Асман Эйрлайнс” компаниясына таандык. Эмнеден улам коно албай калганы айтыла элек. Жакында ушул эле авиакомпаниянын асманда бараткан учагында кычкылтек жетишпей жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралганын айта кетели.  

Кыргызстандын ичинде учууда авиабилет баалары асман чапчыйт. Ал эми учуулардын коопсуздугу кандай абалда экенин удаасынан орун алган жогорудагы окуялар көрсөтүп тургансыйт.   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан