Биз социалдык тармакта

Акжол Сулайманбек уулу, мушкер: “АЛГАЧКЫ РАУНДДАРДА АТААНДАШТЫ ТЕКШЕРИП КӨРҮП, АНАН КҮЧТӨНӨМ”

Каарманыбыз – WBC Asian Boxing Council Continental боюнча Азиянын, WBA Asian боюнча Азиянын 5 жолку чемпиону Акжол Сулайманбек уулу. Профессионалдык боксто 22 жолу рингге чыгып, 16 жолу жеңишке жеткен. 5 жеңилүүсү бар. Акжол мырза жакында дагы бир жеңишти багындырды. Маекте ошол беттеши жана жалпы бокс дүйнөсү тууралуу айтып берди.

 

– Саламатсызбы, Акжол мырза! Жакында Бишкекте өткөн Кыргызстан профессионалдык мушкерлер лигасынын чемпиондугунда таиланддык Кампи Пайомду нокаут менен утуп алдыңыз. Жеңиш кут болсун! Беттеш кандай өттү сиз үчүн?

– Саламатчылык, рахмат! Каршылашым абдан тажрыйбалуу мушкер. Ал беттешке рекорд менен келген, башкача айтканда, 50 жолу профессионалдык рингге чыгып, анын 19ун нокаут менен жеңген. 21 ирет утулуп, экөөсүндө тең чыккан. Менин эсебимде 16 жеңиш, анын 9у нокаут менен, анан 5 утулуу бар болчу.

1-раундда мага соккуларды узатуусуна ага атайын мүмкүнчүлүк берип, анын артыкчылыктары менен алсыз жактарын иш жүзүндө байкап көрдүм. 2-раундда анын каталарына каршы иштеп, соккуларды узата баштадым. Бирок беттешти узарткым келген жок. Оң колум менен ээгине катуу сокку узатуу аркылуу нокаутка түшүрө алдым.

– Бул беттешке канча убакыт даярдык көрдүңүз эле?

– Кыргызстандын Профессионалдык бокс федерациясынын президенти Шайлообек Атазов турнирдин датасы белгиленгенин мага 2 ай мурун айтты. Баткенде даярданууга кириштим. Анан мага каршы таиланддык Кампи Пайом рингге чыгары маалым болду. Күндө бирден ал мушташкан видеону көрүп, анын мушташуу ыкмаларын анализдедим. Кандай артыкчылыктар менен утканын, кандай кемчиликтерди кетирүү менен утулгандарын билдим. Ал көбүнчө күчтүү сокку урууга басым жасайт экен. Машыктыруучум экөөбүз спарринг мушкерди таап, машыгып жаттык. Жыйынтыгында жеңиш меники болду.

– Негизи спортко кандайча келип калгансыз? Биринчи жолу канча жашыңызда жеңүүчү болгонсуз?

– Кичи мекеним – Баткен облусунун Баткен шаары. 1990-жылы 8-августта жарык дүйнөгө келгем. Кичине кезибизде мектептерде спорт секциялары деген жок болчу. Мектептин жер төлөсүн спорт зал кылып чоңдор машыгып жүрүшчү. Мен ал жакка 3-классымда агаларымды ээрчип барып калгам. Алгачкы машыктыруучум – Анварбек Нурматов. Ал кезде район, облустар аралык турнир деген жок. 15 жашымда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн республикалык турнирде 40 килограммдык салмактагылар арасынан чемпиондукту жеңип алдым. Баткен облусунан 4 бала барсак, экөөбүз чемпион болгонбуз. Айылда жүрүп алгачкы жолу чоң турнирге келгенгеби, айтор, бул турнир бизге дүйнө чемпиондугундай эле сезилген. Анварбек агай мага дайыма “сенден чемпион чыгат” дечү. Көрсө, ал менин бокстогу лидерлик сапатымды байкап, келечегимди көрө билиптир. Агайым мени ошентип шыктандырган сайын жан дилим менен машыгат элем.

– Ийгилик тилкеси андан ары кандай уланды?

– Чемпион болгон соң бокско мурдагыдан да кызыгуум артты. Спорт залга бокс менен машыгууга 60 бала барсак, залда болгону 2 мээлей бар эле. 2 бала мушташса калгандарыбыз карап турчубуз. Кийин атам Өзбекстанга барганда мен үчүн мээлей сатып келип берди. 2007-жылы өспүрүмдөр арасындагы республикалык турнирде 48 килограмм салмактагылар арасында чемпиондукту утуп алдым. Ушул эле жылы Азербайжандын Баку шаарында өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиондугу өттү. Мени негедир өз салмагымда эмес, 52 килограммдык салмактагылар менен беттеш үчүн алып барышты. Орусиялык, мурдагы жылы дүйнө чемпиону болгон бала менен рингге чыгып утулуп калдым. Өз салмагымдагылар менен беттешсем, мүмкүн, утат элем.

Кийин Каракол шаарындагы университеттин дене тарбия факультетинде окуп жүргөнүмдө турнирлерге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшенбек Сабатаровдун кол астында чыгып жүрдүм.  

XVII Азия оюндарында сизди Олимпиадага жолдомо алат деген үмүт бар эле...

– 2008-жылдан бери Кыргызстандын курама командасында келе жатам. 2013-жылы Дүйнө кубогунда 2-орунду багындырдым. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында 4-орунду алып калдым. Баткенде аптасына 3 ирет машыкчубуз, бул бизге норма болчу. Курама командада күнүнө 2 ирет машыктырат. Организмибиз ага көнө албай күч келди. Инчхонго барганга чейин 30  турнирге катышкам. Мисалы, Азия чемпиондугуна, Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнирге. 30 турнирдин ар биринде 4-5тен раунд мушташып жатып, организмим чарчап калыптыр. Ошого жеңишке каалоом болгону менен, организмдин мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калды. 

– Карьераңызда буга чейин кайсы мушкер менен мушташуу оор болду?

– Титулду коргоо беттештери абдан оор өтөт. Болгон тажрыйба, куулук, өзүңө гана таандык ыкмаларды жана башкаларды колдонуу керек болот. Каршылаштар да бизге окшоп турнирдеги мушташтарыбыздын баарын көрүп, артыкчылык, кемчиликтерибизди анализдеп билип алган болот. Менин профессионалдык боксто өткөргөн 11ден 17ге чейинки мушташтарым оор өттү. Атаандаштарымдын ичинен эң кыйыны венесуэлалык Леонардо Падилья жана орусиялык Фёдор Папазов болду. Падилья профессионалдык карьерасында 16 турнирде 14үн нокаут менен уткан.

– Орусияда жүргөнүңүздө 2021-жылы  Екатеринбургда RCC Boxing Promotions компаниясы уюштурган турнирде каршылашыңыз Никита Кузнецов болгон. 7-раунддан кийин ал рингге эмнеге чыкпай коюп жеңиш сизге ыйгарылган?

– Ал турнирде калыстар Кузнецовду фаворит катары баалашкан. Ставкалар да ага көбүрөөк коюлган болчу. Мен дайымкыдай эле алгачкы раунддарда каршылашыма “разведка” кылып текшерип көрдүм. Ал мени 3 раунд кууп жүрүп урду. Анан мен тактикамды алмаштырып, раунддардын саны өскөн сайын күчтөнүп, өжөрлөнүп баштадым. 8-раундга жеткиче күтпөгөн жактан соккуларды жеп, шайы ооп болбой калды. Машыктыруучусу да анын утуларын билип, рингге чыгарбай койду. Айрымдар алгачкы раунддарда катуу иштеп, анан жайлай башташат. Мен, тескерисинче, уламдан күч алып отурам. Бул менин артыкчылыгым.

Машыктыруучуларым “боксто талант 1 пайыз гана керек. Калганы эрк, күч, чыдамдуулук, тажрыйба” деп бекер айтышпайт. Тынымсыз машыгып, туура ойлоно алсаң ийгиликке жетесиң. Жеңишти секунддук туура чечимиң, соккуң камсыз кылып коёт.

– Спорт жаракаттар менен коштолору белгилүү, айрыкча бокс. Көп жаракат алгансызбы?

– Рингге азыр 63 килограмм салмакта чыгып жүрөм. Боюм – 1 метр 68 сантиметр. Андан мурун 61 килограмм менен чыкчумун. Москвада алгач 58, анан 61 килограммдык салмакта мушташка чыгып жүргөм. Дайым турнир алдында медициналык кароодон өтөбүз. Акыркы текшерүүдө мурдумдун сынганы билинди. Анын качан сынганын билбейм. Негизи бокс – тажаал мушташ. Жаракаттар болбой койбойт. Менде майда сыныктар болгону менен, чоң жаракат болгон жок, Кудай сактасын.

– Үй-бүлөлүк абалыңыз кандай?

– Үй-бүлөлүүмүн, 2 кыз, 1 уулум бар. Баткен шаарында жашайбыз. Келинчегим мектепте орус тили сабагынан мугалим. Мен да гимназияда дене тарбиядан сабак берем. Андан тышкары шаардагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштейм. Учурда кол астымда 60 бала бар. Көрсөткүчтөрү мыкты, чемпион боло тургандары 10 чактыдай ушул тапта.  

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1230, 17-23-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан