Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-августтан 9-августка чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Шаан-шөкөттөн качпай, тескерисинче, көпчүлүккө кошулуп эч нерсени ойлонбой эс алганга аракет кылыңыз. Моюнуңуздан оор жүк түшкөндөй жеңилдеп каласыз. Жумушта жетекчиликке карата какшык, куйкум сөздөрдү колдонбоңуз, туура эмес түшүнүп, жумуштан кол жууп калышыңыз мүмкүн. Бойдоктордун жүрөктү багындыруу таланты күчүндө болуп, бир эмес, бир нече адамдын жүрөгүнө чок салуусу ыктымал. Апта аягы физикалык активдүүлүк менен алек болгонуңуз туура.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жумушта алдын ала анализденип, сүйлөшүлгөн план менен иштеңиз, кокустан өзгөртүп жиберсеңиз жыйынтыгы сиз ойлогондой болбойт. Финансы тармагы азырынча кубанычтуу кабарлары менен сүйүнтпөйт. Бирок ири суммада насыя же карыз алуудан карманып туруңуз. Үй-бүлөңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүп, алар менен чогуу болууга аракет кылуу керек. Интернеттен буюртма берүү адатын да токтото туруу зарыл. Апта соңу эч жакка чыкпай эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кыска сапарга чыгуу жана жакшы кабар угуу менен коштолот апта. Кумар оюндарына аралашуудан качыңыз, башында ийгилик коштоп, акырында эч нерсеси жок калуу коркунучу жогору. Айланаңыздагы бир адам сизге кек сактап, таарынып калуусу мүмкүн. Жумушта лидерлик сапаттарыңызды көрсөтүңүз, абройго ээ болосуз. Шейшемби күнү маанилүү чечим кабыл алуудан абайлаңыз. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөлүк керектөөлөрдү толуктоо максатында базарга барууңуз мүмкүн.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Балдары чоңойгондор алардын үйлөрүн кыдырып конокко баруусу мүмкүн. Жалпысынан бул апта бөйөндөр үчүн үй-бүлөлүк апта болмокчу. Бирге көп убакыт өткөрөсүз, керектөөлөрдү бирге жабасыздар, бирге эс алуу уюштурасыздар. Жумушта бардыгы жай ыргакта, кескин өзгөрүүлөрсүз уланат. Каржылык тармакта чыгымдардын саны өсөт, ордун бир аз убакыт өтүп толуктай аласыз. Соода тармагында жана чыгармачыл жаатта жүргөндөрдүн иши илгерилеп, жаңы тепкичке көтөрүлөт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Окууга тапшырам деп кыжалат болуп жүргөндөр санааркабаңыз, баары жакшы болот. Уккан, окуган маалыматтардын баарына эле ишене бербеңиз, байкабай стресске түшүп каласыз. Алдын ала пландалган сапарлар ишке ашпай калуусу күтүлөт. Талаш-тартышка күбө болсоңуз аралашпай, сырттан гана баам салып туруңуз. Жеке жашоодогу көйгөйлөрдү достор менен бөлүшпөй эле коюңуз, алар жардам бере алышпайт. Дем алыш күндөрүн туугандар менен биргеликте өткөрөсүз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кимдир бирөө сизден жашыруун ишти бүтүрүп берүү суранычы менен кайрылуусу мүмкүн. Бул апта бир нече адам менен ар кайсы максатта жолугасыз. Айрымдарынын сөзүнө турбаган адам экенине күбө болосуз. Жумуштун, сырттын иши менен жүрүп үйгө, үй тиричилигине көп көңүл бурулбай калганын айткандар болот. Андыктан жашоонун бул тармагына да кийлигишүү керек. Сюрпризди финансы жаатында күтө берсеңиз болот, өзүңүз да күтпөгөн жактан колуңузга акча түшөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үйүңүзгө алыстан туугандардын конокко келүүсү ыктымал. Биргеликте өткөн күндөрдү эстеп ностальгияга батасыздар. Саякатка чыгам деген планыңыз болсо, артка жылдырбаңыз. Айрымдар жашаган жерин, үйүн өзгөртүүсү, көчүүсү мүмкүн. Документ иштерин бүтүрүүдө кыйынчылыктар болуусу мүмкүн. Спорт менен активдүү машыккандар азаматтар, ал эми эртең-бүгүн деп качып жүргөндөргө ден соолук өзү спортко жетелеп келе электе баштаңыз деп кеңеш беребиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Мүмкүнчүлүктөрдүн жана ийгилик жаратуунун убактысы. Бир нерсе баштаарда коркпоңуз, биринчи кадам таштап, анан ойлонсоңуз да жарашат. Маселеси көп адамга тартылып, аны чечүүгө жардам берүү аралыгында ортодо жылуу сезимдер жаралышы мүмкүн бойдоктордо. Достордун, туугандардын же тааныштардын биринин балалуу болгондугу тууралуу кабар угушуңуз мүмкүн. Ден соолук жаатында айрым көйгөйлөр жаралат, дароо дарылансаңыз эле айыгып кетесиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Мындан да көбүрөөк пайда табам деп акчанын артынан куубай эле коюңуз, акча сиздин колго өзү эле келип түшөт. Жеке жашоодо түгөйүңүздүн сизди кызганышына жол бербеңиз, антпесе чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк же башка ири буюм сатып алууда үйдөгүлөр менен кеңешкенди унутпаңыз, алар туура тандоо жасоого жардам беришет. Бойдоктордун жашоосунда бул апта жаңылык күтүлбөйт, ошентсе да өзүңүздү кубантып гардеробду жаңыласаңыз болот.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечерлер бул аптада көтөрүңкү маанайда жүрүшөт, андыктан бардык иштер оңой бүткөндөй сезилет, үйдөгү атмосфера да жагымдуу болмокчу. Жумушта орун алган кайым айтышуулардын арты чоң чырга айланып кетүүсү мүмкүн, эмоцияны көзөмөлдөө, жакшысы унчукпай кутулуу зарыл. Өзүңүзгө жаңы хобби табышыңыз күтүлөт, мунун арты менен кесип алмаштырууңуз да ыктымал. Финансылык жагдайды байкаңыз, чыгашалар кирешеден көп болуп жаткан жокпу көзөмөлдөө керек.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Жаңы жумушка орношууга же жаңы иш баштоого аптанын биринчи жарымы туура келбейт. Сиздин ишенимден пайдаланып өз таасирине киргизгиси келгендер болот. Андыктан тунук акыл-эс менен, фактыларга таянып кадам таштаганга, чечим чыгарганга аракет кылыңыз. Алыста жашаган туугандардыкына шерине же башка жакшылыктардын шылтоосу менен барышыңыз мүмкүн. Сырттан жеген тамактардан сак болуңуз, ууланып калуу коркунучу жогору.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Үйдө оңдоп-түзөө иштерин жасап же эмеректерди алмаштыргыңыз келет. Эмгек өргүүсүнө чыгууга ылайыктуу апта. Жаныңызга жакындардан алып алыңыз, зерикпеш үчүн. Жүрөгү боштор алгач өздөрүн жакшы түшүнүшү зарыл, ким жана кандай адам издеп жатканын. Анан ошого жараша издөө иштерин жүргүзсө жакшы. Бирөөгө жардам берген жакшы, бирок алардын жүгүн моюнга артып алуу туура эмес экенин унутпаңыз. Дем алыш күндөрү жумушка байланыштуу жолугушууларга барасыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан