Биз социалдык тармакта

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕН СООЛУГУН ТАЛКАЛАП ЖАТКАН ШЕКТҮҮ ЗАТТАР  

“Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн ден соолугун синтетикалык баңгизаттар талкалап жатат” дейт Республикалык наркология жана психитрия борборунун  нарколог врачы Венера Асанбекова. Табигый баңгизатты чек арадан алып өтүү кыйын, ал үчүн мыйзамда катаал жазалар каралган. Ал эми жасалма түрлөрү, тилекке каршы, кол жетерлик экенин айтат врач.

“Жасалма түрүнүн зыяны 2 эсе көп”

- Синтетикалык түрлөрү эл оозунда “дизайнерлик” деп да аталат. Кеп анын сырткы орогучунун кооздугунда эмес, аны лабораторияларда химиялык жол менен ар түрдүү уулуу заттарды кошуп, микс кылып жасашканында. Кайсы түрү болсо да бат көнүп алууга, көз карандылыкка жеткирет. Алтургай жасалмасы табигый түрдөгүсүнө караганда организмге 2 эсе коркунучтуу. Адамды өлүмгө да жеткирет.

“14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартылат”

- Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Республикалык наркология жана психитрия  борборунун өспүрүмдөр бөлүмүнүн кызматкерлери өз ара кызматташат.   2025-жылы алар психикасы жана жүрүм-туруму бузулган 345 өспүрүмгө медициналык-консультативдик жардам көрсөтүшкөн. Баңгизатка көз каранды балдарын жеке наркологиядык жана реабилитациялык клиникаларга алып барып дарылатып жаткандар да бар. Андыктан так санын билүү мүмкүн эмес. Кыргызстанда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип кетмекчибиз.

Жаман жолго кайсы жагдай түртүүдө?

• Акчага азгырылуу, коркуу. Кураторлор баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга акчалай сыйлык убада кылышат. Акчага азгырылган өспүрүмдөр алардын көрсөтмөсү боюнча сейил бактарга, ээн жерлерге шектүү заттын чакан көлөмдөрүн катышат. Акчадан тышкары, кураторлор баңгилердин санын көбөйтүп, өздөрүнө кардар кылып алуу үчүн өспүрүмдөрдү “шантаж” кылуу  менен да капканга түшүрүшөт. Мисалы, баңгизатты катып жатканда видеого тартып, “ата-энеңе көрсөтөм”, “милицияга кармап берем” деп коркутуп, тузакка биротоло илип алышы мүмкүн. 

• Стресс, депрессия. Ата-эне баласына көңүл бурбаса, мээрим төкпөсө, ага жаман мамиле кылса, үй-бүлөдө чыр-чатак көп болсо, балада стресс,  депрессия жаралат. Анан бала тынчтыкты, мээримди көчөдөн издеп калат да баңгизат колдонгон чөйрөгө аралашып калуусу мүмкүн. Бирөөлөрдүн азгырыгынан улам колдонуусу ыктымал.  Жакындарынын бирин жоготуу, ата-энесинин ажырашуусу, өгөй атанын зөөкүр мамилеси же абдан көп талап коё берүү да баланы депрессияга жеткирет.

• Ата-энелик көзөмөлдүн начардыгы же такыр эле жоктугу.

• Буллинг. Достору, классташтары же улуулардын таасири, кысымы, коркутуп-үркүтүүсү. Мисалы, мектепте алар сатып алып, колдонууга мажбурлашат. Танаписте андай заттарды бири-бири менен алмашкандар да болот.

• Өзүн төмөн баалоо, чөйрөгө аралаша албоо. Мындай балдар көңүл көтөрүү жолдорун интернеттен издеп баңгизаттар тууралуу билип, колдонгусу келиши мүмкүн. Же баңгизатты колдонуу менен башкаларга теңелгиси, өзүн жогору көрсөткүсү келиши ыктымал.

• “Коркунучтуу деле эмес” деп жаңылыш ойлоо.

• Эрте чоңоюуну каалап, чоңдор кылган нерселердин баарын өз жон териси менен сезгиси келүү.

• Интернет аркылуу оңой сатып алууга болорлугу жана башка.

Балага кандай зыян алып келет?

• Баш мээдеги нейрондорду талкалайт. 1 жолу колдонуудан андагы уулар нейрондордун 60 пайыздайын өлтүрөрү далилденген. Демек, көп колдонуунун түбү акыры кем акылдыкка, эс-тутумду жоготууга жеткирет.

• Инфаркт, инсультка кабылуу коркунучу чоң. Анткени кан бат айланып, кан басым көтөрүлөт. Демек, майып болуп калуу же көз жумуу мүмкүн.

• Организмдеги минерал, витаминдерди жууп кетип, алардын тартыштыгы жаралат. Чач, тиштер түшөт, териде узакка айыкпаган жаралар чыгат. Өспүрүм арыктайт. 

• Галлюцинация жаралып, кулагына үндөр угулуп, көзүнө ар нерселер көрүнө баштайт. Эмне кылып жатканын көзөмөлдөй, түшүнө албай калат бала. Коркуу, паника пайда болот. Айрымдары бийиктиктен учууну каалашат да көп кабаттуу имараттардан же болбосо жолдогу тез ылдамдыкта бараткан машиналарга боюн ташташат. Кылмышка баруусу мүмкүн.

• Организм толук ууланат. Боор, бөйрөк, жүрөк, көз, өпкө, кан тамырлар жана жыныстык органдар жабыркайт. Айрымдар кийин тукумсуздукка кабылышат, балалуу болсо да майып бала төрөлөт. Кээ бирлери гемодиализге түшүп калат, гепатитке чалдыгат жана башка. 

• Организм улам жаңы дозасын талап кылат. Аны таппаганда бала депрессияга түшөт, жан дүйнөсүн боштук ээлейт, үмүтсүздүк жаралат. Бул жагдай суицидге түртүшү ыктымал.

• Дозасын ашыкча кабыл алуудан каза табышы ыктымал. 

Кандай белгилеринен билсе болот?

• Баланын маанайы, жүрүм-туруму өзгөрөт. Себепсиз күлөт же жинденет.

• Сөздөрү түшүнүксүз, баш аламан болот. Кээде бат же жай сүйлөп калат. Телофонунда пароль пайда болот.

• Депрессияга кабылат.

• Уйкусу качат, тамак жебей калат же тескерисинче, тойбой баштайт. Көп суусайт.

• Кареги чоңоюп же кичирейип калат. Көз карашы жансыз тартат.

• Жаңы шектүү тааныштары пайда болот.

• Арыктайт, териси кургайт.

• Окууга же спортко кызыгуусу жоголот.

• Денесининен, кийиминен жагымсыз жыт чыгат. 

• Бөлмөсүнөн кичине баштыкча, же шектүү таблеткалар чыгат жана башка. Эгер ата-эне баласынан бул белгилерди байкап калса, токтоосуз чара көрүшү зарыл.

Ата-эне эмне кылышы керек?

• Жылуу мамиле кылып, сүйлөшүп тамырын тартып көрүүсү кажет.

• Баңгизатты колдонуп жүргөнүнө шек санаса, көзү жетсе Республкиалык наркологиялык борборго алып барып, дарылатуу кажет.

Дарылоо ичине организмдеги ууларды чыгаруу, жетишпеген минерал, витаминдерди толтуруу жана ооруган жерлерин керектүү адистерге дарылатууну камтыйт. Мисалы, жүрөгү жабыркаса кардиологдун, кан кусса хирургдун, башынан жаракат алса нейротравматологдун жардамы керектелет. Кыскасы, организмди калыпка келтирүүгө күч жумшашат.

• Бала менен психиатр, психотерапевт, нарколог чогуу иштейт. Булар баланын оюн оң жакка өзгөртүп, туура жолго түшүүгө, баңгизатты колдонууну таштоого багыттайт. Бул жаатта ата-эненин да жардамы керек.

• Кан басымы түшүп кетсе, эс-учун жоготкон абалда болсо реанимацияга жаткырылат жана башка.

Алдын алуу

• Ата-эне баласын көзөмөлдөп, кимдер менен дос, байланышта экенин билип турушу кажет.

• Күнүмдүк керектөөсүнөн ашыкча акча бербей, бош койбой пайдалуу нерсе менен алектенүүсүнө көңүл бурушу кажет. Мисалы, англис тилин үйрөнүүгө же спорттун бир түрү менен машыгууга.

• Бала сиздин таяныч, колдогуч, коргогуч экениңизди билип турушу зарыл. Эгер бир маселеге кабылса сизге сырын айтып, жардам сураганы жакшы.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан