Биз социалдык тармакта

ОРГАНИЗМДИ “ТАЛКАЛАЙ” ТУРГАН ЭҢ ЗЫЯН ТАМАК-АШТАР ТОПТОМУ 

“Мага жаккан тамактардын баары ден соолукка зыян” дегенди сиз дагы айтасызбы? Айта элек болсоңуз, бул макаланы окугандан кийин айтып каласыз. ТОП-10 зыян тамактар кайсы? Улууну да, кичүүнү да өзүнө тарткан, бирок организмде түрдүү ооруларды жараткан эң зыян тамак-аштарды тизмектедик. Окуңуз да, рациондон азайтканга же такыр эле жебегенге аракет кылыңыз.

 

10-орунда –

Таттуу жана газдалган суусундуктар, энергетиктер

Түрдүү ширелер – газдалганы да, газы жогу да ден соолукка пайда алып келбеген азыктардын катарына кирет. Негизги себеп – курамындагы канттын көптүгү, андын сырткары даам, жыт бергич консерванттардын кошулмалары, боёктор, ортофосфор кычкылы. Ортофосфор кычкылы организмден кальцийдин чыгышын шарттайт. Ал эми бул суусундуктар газдалганда, тагыраагы, көмүр кычкыл газы кошулганда жогоруда айткан зыян компоненттерди бүт организмге тез таратууга жардам берет. Коробкадагы “табигый” деп сатылган ширелерден табигыйлыктан дээрлик эч нерсе калбайт, газдалган суусундуктардан айырмасы көмүр кычкыл газы эле жок болбосо, калган компоненттердин баары бар, кошумча көпкө сакталуусу үчүн да консерванттар кошулат.

 

9-орунда – 

Конфет, шоколад жана башка кондитердик азыктар

Кант диабети, семирүү, тери оорулары, аллергия, тиш оорулары – мунун баары таттууну көп жегенден келип чыккан көйгөйлөрдүн чети гана. Конфет жана батончик шоколаддары оңой сиңирилүүчү канттын көптүгү менен рекордсмендер болуп саналат жана организмге эч кандай пайдасы жок. Таттуу азыктардын курамында кант, эмульгатор, боёктор, жыт-даам бергич консерванттар жана башка көптөгөн кошулмалар бар. Андыктан таттуулардын күнүмдүк нормасын (50 грамм) ашырбоого аракет кылуу зарыл.

 

8-орунда –

 Майонез, кетчуп

Тамактын даамын арттырган соустар – майонез, кетчупту да көптөр жакшы көрөт. Бирок ден соолукка зыянынан башка пайдасы жок экенин да билүү керек. Кетчуптун бештен бир бөлүгүн кант түзөт, калган төрт бөлүгүн стабилизатор, эмульгатор, химиялык боёктор, даам-жыт бергич консерванттар түзөт. Ал эми майонезде трансмайлар көп. Бул соустарды дайыма жегенде онкологиялык оорулар пайда болуп же өөрчүп кетиши мүмкүн. Андан сырткары атеросклероз, кант диабети жаралуу коркунучу бар.

 

7-орунда – Маргарин 

Химиялык кошулмалардын курамынан жасалган, организмди “талкалай” турган азык – маргарин. Аны өндүрүүдө зыяндуу кошулмалар, тактап айтканда, гидрогенделген күн карама майы (жүрөк, боор, кан тамырларга өтө зыян) кошулат. Андан сырткары трансмайлардын көптүгү да адам организмине сокку урат. Маргарин көп колдонгон адамдын терисинде целлюлит, “апельсин кабыгы” сыяктуу белгилер да байкалат.

 

6-орунда – 

Бат даярдалуучу кесме, пюрелер

Кол бошобой жатканда же зериккенде дүкөндөн кесме (рамён, алькони, доширак жана башка), пюрелерди алып келип, үстүнө ысык суу куюп койсоң 5 мүнөт ичинде бышып, жеп алсаң кандай сонун. Бир жегенден кийин кайра жегиңди келтире берген бул азыктардын “сыры” – толтура кошулмаларда. Адамдын табитин ачкан даам күчөткүч, боёктор, негизгиси эң көп өлчөмдө натрий кошулат. Коркунучу эмнеде: ашказан ооруларын (гастрит, жара) жаратуусу мүмкүн, бөйрөк жана боорго күч келтирет, андан сырткары адамды бат семирткен азыктардын катарына кирет.

 

5-орунда – Попкорн 

Жүгөрү өзү пайдалуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Бирок аны иштетип, попкорн жасаганда пайдалуу заттардын баары жок болот да, тескерисинче, зыян азыктардын катарына кирип калат. Попкорн жасаш үчүн кант, карамель, туз, боёк жана башка татымалдар кошулат. Муну менен анын калориялуулугу да көбөйүп, айрым учурда картошка калдырканын (чипсы) зыяндуулугу жагынан басып өтүп кетет. Жегенде билинбегени менен өтө көп өлчөмдөгү туз кошулуп, ал жүрөк, бөйрөк, кант диабети ооруларын шарттайт. Андан сырткары кан басымдын жогорулашына алып келет.

 

4-орунда – Консервалар 

Консерваланган балык, эттин түрлөрү, консерваланган мөмө-жемиш, жашылчалар... Кайра иштетилип, көпкө сакталуу үчүн түрдү кошулмалар кошулат. Чү дегенде эле туздун көптүгү – бөйрөк, боор ооруларына жеткирет. Организмдеги ашыкча суу чыкпай, топтолуп, адам шишип баштайт. Натыйжада метоболизмдин иштөөсү бузулат. Маринад үчүн кошулган татымалдар ашказан-ичеги ооруларын чакырат. Туура эмес сакталганын колдонгондо организм ууланып, паралич же андан да коркунучтуу жыйынтыкка келүүсү мүмкүн.

 

3-орунда – Гамбургер, шаурма, хот-дог

Эх, зыян экенин билебиз, бирок жей беребиз. Муну шаарларда эле эмес, айыл жергесинде да ачылган фаст-фуд жайларынан улам байкасак болот. Бул азыктардын коркунучу эмнеде? Биринчиден, этте. Негизинен, фаст-фуд азыктары үчүн жаныбарларга атайын бат семиртүүчү компоненттер кошулган жем жана антибиотиктер берилет. Шаурма, гамбургер көп жеген адам ооруганда антибиотик ичсе да көпкө чейин айыкпайт, анткени организм көнүп калган болот. Андан сырткары этти маринаддаш үчүн толтура консервант, боёк, жыт-даам күчөткүч, стабилизаторлор кошулат. Андан сырткары айтылуу майонез, кетчуп кошулат, эт куурулат. Татымалдардын көптүгү ашказанды дүүлүктүрүп, кайра-кайра жегиңди келтирет. Ошол эле учурда ашказан жарасы, гастрит оорулары пайда болот, боорду май басат, күч келет, эң коркунучтуусу онкологиялык дарттар жаралышы толук мүмкүн. 

 

2-орунда – 

Колбаса, сосискалар

Дагы бир көпчүлүктүн сүйүктүү тамагы – ышталган колбаса, сосискалар. Зыяндуулугу жагынан “сыйлуу” 2-орунда турат. Булар биринчи кезекте кандагы холестериндин деңгээлин көтөрөт, а бул өз кезегинде жүрөк-кан тамыр, онкологиялык ооруларды жаратат. Курамында пурин заты көп, ал бөйрөктүн иштешин бузат. Эмнеге мынча зыян десеңиз, курамында түрдүү майлардын көптүгү, ышталганында да, кайнатылганында да. Андан сырткары стабилизатор, консерванттар, эмульгатор, боёктор кант диабетин өөрчүтөт. Кокустан аллергия пайда болсо, анын себептеринин бири дал ушул колбаса, сосиска болушу мүмкүн. Өндүрүштөгү чыгымдарды азайтуу үчүн колбаса, сосиска өндүрүүчүлөр эттин ордуна көбүнчө сояны колдонушат, анан жаныбарлардын майы, кемирчек жана териси да колдонулат. Ал эми көпчүлүктүн сүйүп калганы – ароматизатор, консервант жана боёктор болуп эсептелет.

 

1-орунда – 

Картошка фри жана чипсы

Өзгөчө жаш балдар сүйүп жеген картошка фри жана картошка калдырканы (чипсы) – эң зыян азыктардын сап башында турат. Фри да, чипсы да ысык майга куурулат, бул учурда зыяндуу канцерогендер жана акриламид пайда болот.

Картошка калдырканы – табигый картошкадан жасалган чипсы дээрлик жокко эсе. Чипсы картошка уну, крахмал жана соядан жасалат. Буларга бекон, шашлык, креветка же башканын даамын сездирген татымалдар кошулат, кошумча боёк, эмульгатор, консерванттар кетет. Даам күчөткүч татымалдар адамды кайра-кайра жегизгисин келтирет. Куурулганда көп өлчөмдөгү майды сиңирип алат да, эң калориялуу азык болуп калат. Натыйжада жүрөккө, боорго, бөйрөккө, ашказан-ичегилерге күч келет, кан тамырларда май түйдөкчөлөрү толот, адам семирет. Зат алмашуу бузулат.

Картошка фри – крахмал, көп өлчөмдөгү май алгач эле организмди кан, кычкылтек менен камсыздаган кан тамырларды жабыркатат. Натыйжада бүт организм жабыркайт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан