Биз социалдык тармакта

Ырыскелди Осмонкулов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЭЛ БИЗДИ ЖАКШЫ ЫРЛАРЫБЫЗ ҮЧҮН СҮЙДҮ”

Кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, чыгармачылыкта өз изи бар ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун дагы бир кызыктуу маегин сунуштайбыз. Сахнада ырдап гана эмес, билим берүү тармагында да эмгектенип келе жаткан өнөр ээси бүгүнкү ырчылыктын деңгээли, атаандаштык, устаттык жоопкерчилик жана жеке жашоосу тууралуу ачык ой бөлүштү. 

 

- Саламатсызбы агай, жеке жашоодо,  чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

- Саламатчылык. Жаңылыгым - жакында Испанияда жашаган кызым, эки неберем менен конокко келди. Кубанычка бөлөндүк. Азыр баарыбыз үйдөбүз, жакында Ысык-Көлгө баралы деп турабыз. Чыгармачылыкта болсо, жакында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болгону жатпайбы, анда “Көчмөн жылдызы” деген чоң сынакта Беларус өлкөсүнөн келген ырчы Ольга Булай менен дуэт аткарабыз. Кызыгы, ал менин репертуарымдагы ырлардан кыргызча ырдайт, мен беларусча ырдайм. Учурда ушул сынакка даярданып жатабыз.

- Жакшы жаңылыктар экен. Агай, Эл артисти наамын алгандан кийин ырчы катары жоопкерчилик көбөйөт бекен?

- Бул наамды алганыма эки жыл болуп калды. Ажобуз 2024-жылы Ынтымак Ордодо, жаңы Ак үйдөн тапшырган. Менимче, чыгармачыл адам наам албаса деле дайыма изденүүдө болуп, жаңы ыр жаратсам деген купуя дегдөө менен жашайт. Бирок экинчи чети, ооба, наам алганда чоң жоопкерчиликти сезесиң. Ошондуктан жоопкерчилик чоң деп айтам.

- Азыркы кыргыз ырчыларында мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк, сиздердин учур менен салыштырганда. Бул жаатта кандай ойдосуз?  

- Албетте, азыр мүмкүнчүлүк зор. Студиялар укмуш, жасалма интеллект да чоң жардамчы болууда. Ал жакта кайрыктар толтура. Өзүңдүн ичиңдеги толкуп турган кайрыкты негиз кылып, ал эми жасалма интеллектти жардамчы катары колдонсоң болот. Андан тышкары, социалдык тармактар, кыскасы, укмуш мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин заманды айтып отурбай эле коёюн, булардын эч бири жок эле. Бирок азыр ушул нерселердин болуп жатканына сүйүнөм, демек, учур алардыкы. Ар бир учур өз заманында таттуу дегендей...

- Бир топ таланттуу ырчыларга мугалимсиз, жаш ырчылардын кимисинен чоң келечек көрөсүз?

- Ооба, элге аты таанымал бир топ ырчыларга сабак бергем. Музыкалык окуу жай - Муратаалы Күрөңкеевде жүргөндө ырчы Каныкейге сабак бергем, азыр жакшы чыгып жаткан Руслан Асанканга, азыр эстей албай жатам, дагы бир топ ырчыларга сабак бердим. Азыр “ушундан чоң келечек көрөм” деп бирөөнү бөлүп айтыш кыйын. Анткени баары эле таланттуу, мыкты. Болгону мазмуну терең, жакшы ырларды ырдашса дейт элем, андайда сүйүнүп калам.

- Өзүңүздүн чыгармачылыкта эң чоң утушка жетелеген ийгиликтүү ырыңыз кайсы болду деп эсептейсиз?

- Мен эч качан атайы тандап, бир ырды утушка ээ болоюн деп ырдабасам керек. Бул тереңден чыккан, жан дүйнөнүн каалоосу болгон. Кудайдын буйругу менен келген десем да жарашат. Анткени “Ай баратат”, “Сулууга”, “Ойлойсуңбу?”, “Энеме”, булар өз убагында тексти, обону менен шайкеш болгон мыкты чыгармалар. Мага булардагы тереңдик жагат. Атайын тандап, гармониясын карап ырдап чыккам. Эл жакшы кабыл алган. 90-жылдары бир топ эксперименттер да болгон, элге алынбай калды ал ырлар. Бирок радиолордон угуп калам.

- Кайсы ырыңызды бүгүн кайра жаңылап жазсам деп ойлойсуз?

- Мен ушул ойду көп ойлойм. Үч айдай болуп калды, “Бей конок” деген ырымды кайра жаңылап жазайын деп жатам. Азыр изденүүдөмүн.

- Талант же акча. Азыркы тапта шоу-бизнесте кайсынысы көбүрөөк иштеп жатат?                                                 

- Азыр заман ушундай болуп калды, акча биринчи орунга чыгып кетти. Ачык айтканда, акчанын күчү менен жылдыз болуп кетем дегендер бар. Биздин убакта андай эмес эле, мен деле ал категорияга кирбейм. Бир ырды жаратсак, ал чыгарма жүрөктөрдөн орун алса деген максат басымдуу эле ал убактарда. Бирок азыр таланттуу ырчылар жок деп айтпайм. Мыктылар бар, кыйындар бар, тилекке каршы, акчанын күчү басымдуу болуп кетүүдө.

- Соңку кезде жаңы чыгарма жаратпай калды деген сынга эмне дейсиз?

- Ошондой да сындар бар (күлүп). Жаңы ырлар бар, клиби менен чогуу чыкса деп күтүп турам. Залкарыбыз Чыңгыз Айтматовго арналган “Улуу дүйнө”, ”Акбаранын көз жашы” деген ырларым бар. Жакында күбө болосуздар.

- Элдин сүйүүсүн, урмат-сыйын узакка сактап калуунун сыры эмнеде?

- Кесибиңди сүйсөң, чын дилден иштесең, терең, мазмундуу ырларды ырдасаң элдин жүрөгүндө каласың. Актан Исабаев, Адил Чекилов үчөөбүз аткарган “Ыр майрам” деген ыр азыркыга чейин сүйүлүп ырдалып келет. Көп учурда бизден ошону суранып ырдатышат. Мына, ушул сыяктуу жакшы ырлар бизди элге сүйдүрдү деп ойлойм.

- Уул-кыздарыңыздын сиз баскан жолду тандашын каалайсызбы?

- Кичүү кызым Мыскал жакында фортапиано аспабы боюнча 7 жылдык мектепти бүтүрдү. Өзү кесипкөй бийчи. Бул нерсе өзүнө аябай жагат. Ушул кызым менин жолумду жолдойт деп башынан эле тилек кылып, жөндөмүн байкагам. Мен каалаган үчүн эле чыгармачылык жолду тандаган жок деп ойлойм. Өзүндө да бир учкундар бар эле, мен болгону бир аз жол көрсөттүм. Кандай болсо да ата-эне балдарына ачык жол каалайт эмеспи.

- Сизди эң көп капа кылган жалган кеп-сөз кайсы болду?

- Мен андай кеп-сөздөргө көңүл бурбадым, азыр деле көңүл бурбай өтүп кете берем. Аларга убакыт короткум келбейт. Адам баласын Кудай сүйүү менен жаратты да, ошол үчүн жашоону сүйүп, аки-чүкүгө маани бербей жашоо керек.

 

КЫСКА-НУСКА

- Өзүңүздү үч сөз менен сүрөттөп берсеңиз...

- Иштерман, боорукер, ишенчээк.

- Эң чоң коркууңуз?

- Атам “баарын жеңсе болот адам, жокчулукту да, ооруну да. Болгону согуш болбосун” дечү. Мен дүйнө жүзүндө согуштан, кан төгүлүүдөн коркот болушум керек.

- Кечирим суроо оорбу же кечирүүбү?

- Кечирим суроо жеңил.

- Байлыкпы же атак-даңкпы?

- Экөө тең. Кесибиңди сүйсөң экөө тең келет.

- Азыркы эң чоң бакытыңыз?

- Үй-бүлөм. 5 балам, 10 неберем бар. Жакында Сүйүү деген неберем төрөлдү. Атын менин апамдын атынан койду, аябай ыраазы болдум. Мен бактылуумун!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан