(Башы өткөн сандарда)
Илим сүрөттү кайрадан колуна алды. Көпкө чейин унчукпай карап турду. Анан күтүлбөгөн жерден акырын күлүп жиберди. Ошол күлкүдө кайгы да, сагыныч да, жаштыктын жыты да бар эле. Тинатин таң калып карады.
— Эмнеге күлдүңүз?
Илим көзүнүн жашын сүртүп, башын чайкап койду.
— Бүбүштүн байкеси эсиме түшүп кетти...
— Замир... — Кудай ай... — Ошол кишиден кандай гана каччу эмесмин...
Тинатин кызыгып кетти.
— Катуу киши беле? Илим каткырып күлүп алды.
— Катуубу? — Ал кезде мага дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам ошол сезилчү. Узун бойлуу... Кең далылуу... Спортчу жигит эле. Карындашын көзүнүн карегиндей сактачу. Мен болсо айылдан жаңы келген арык студент... Экөөбүздү бир көрсө, мени тирүүлөй жейт деп ойлочумун.
Экөө тең жылмайып калышты.
— Бир күнү экөөбүз театрдан чыгып келатканбыз. Күз мезгили эле. Бүбүайым колуна ноталарын көтөрүп алган. Мен болсо анын сумкасын көтөрүп алып, өзүмдү чоң баатыр сезип келаткам. Ал мага: “Илим, бир күнү чоң адам болосуңбу?” деди. Мен дароо: “Сен ишенсең, болом” деп жооп бердим. Ал күлүп койду. Ошол учурда аркабыздан бир үн чыкты. “Бүбү!” Экөөбүз тең жалт карадык. Замир... Жүзү кабагынан кар жаагандай бүркөлүп турган. Колдорун чөнтөгүнө салып бизди карап турат. Бүбүайымдын өңү өзгөрүп кетти.
— Байке...
Замир мени көздөй акырын басып келе жатты. Мен болсо ичимден: “Бүгүн өлдүм...” деп ойлодум. Ал жаныма келип токтоду. Бутумдун учунан башыма чейин карап чыкты.
— Сенсиңби? — деди.
— Ооба...
— Айылдан келгенсиңби?
— Ооба...
— Студентсиңби?
— Ооба...
— Карындашыма эмне керегиң бар?
Мен унчукпай калдым. Бүбүайым болсо:
— Байке, жөн эле сүйлөшүп... — деп үлгүргөнчө... Замир жакамдан кармап алды.
— Сен эмне ойлоп жүрөсүң?!
Жаш кезим эле. Мүнөзүм курч.
— Менин эч кандай жаман оюм жок. Мен Бүбүайымды... — деп айтып бүтө электе “тарс!” дей түштү.
Илим мурдун кармап күлүп жиберди.
— Бир урду. Ошол жерден мурдум сынып кеткен.
Тинатиндин көздөрү чоңоюп кетти.
— Чын элеби?
Илим каткырып күлдү.
— Чын.
— Үстү-башым кан болуп кетти. Замир болсо жакамдан кармап алып: “Карындашыма дагы бир жолу жакындасаң, бутуңду дагы сындырам” деп кыйкырды. Мен болсо мурдумду сындыра урганына карабай: “Мен кайра келем!” дептирмин.
Тинатин каткырып күлүп жиберди.
— Ошентип айтыпсызбы?
— Ооба.
— Эмне болду анан?
Илим дагы күлдү.
— Замир мени кайра урду, качтым. Ал кууду. Экөөбүз Фрунзенин көчөлөрүн аралай чуркап жүрөбүз. Башкалар болсо биздикарап күлүп жатышты. Ошондо бир кемпир: “Балам, эмне уурдадың?” деп сураган. Мен чуркап баратып: “Жүрөгүн!” деп кыйкырып жиберипмин.
Тинатин күлкүсүн токтото албай калды. Илим дагы бир каткырып күлүп алып, анан акырын үнүн басаңдатты.
— Кийин Замир мени өз инисиндей жакшы көрүп калды. Армияга кетеримде өзү узатып чыккан. Үйлөнгөндө эң биринчи болуп колумду кыскан дагы ошол болду. “Карындашымды ыйлатсаң, бул жолу мурдуң эмес...” деп тамашалап күлгөн.
Илим сүрөттү акырын көкүрөгүнө басты. Жылмаюусу акырындык менен сагынычка айланды.
— Азыр ойлосом... Ошол муштум дагы таттуу болгон экен... Анткени ал күндөрдө жанымда Бүбүайым бар эле. Адам жаш кезинде башынан өткөн эң оор күндөрүн дагы кийин жылмайып эстейт экен... Эң негизгиси... Ошол эскерүүлөрдүн ичинде сүйгөн адамы тирүүдөй элестейт...
Илим акырын күлүп койду. Жүзүнө жаштыктагы шайырлыгы кайра келгендей болду. Тинатин аны биринчи жолу ушунчалык эркин көрүп жаткан.
— Замир уктап калганда... — деп сөзүн улантты ал. — Биздин “атайын операциябыз” башталчу.
Тинатин таң калып сурады.
— Кандай операция?
— Бүбүштү терезеден уурдап кетчүбүз...
— Эмне?!
— Чын эле... Ал кезде телефон жок. СМС жазуу жок. Интернет деген түшкө дагы кирчү эмес. Кечкисин алардын үйүнүн жанындагы чоң теректин түбүнө барып турчумун. Майда таштарды алып... Терезесине акырын урчумун. “Тык...” “Тык...” Бир аздан кийин көшөгө акырын ачылчу. Бүбүш көрүнчү. Мени көргөндө жылмайып койчу. Анан акырын: “Күтүп тур...” деп колу менен белги берчү. Бир нече мүнөттөн кийин эшиктен эмес... Терезеден түшчү. Экөөбүз ошондо дүйнөдөгү эң чоң сырды жашырып жүргөндөй сүйүнчүбүз. Бир жолу ал секирем деп... Бутун зымга илип алды. Мен болсо аны кармайм деп экөөбүз тең чөптүн үстүнө кулап түшкөнбүз. Экөөбүз каткырып күлгөнбүз. Ал болсо: “Эгер байкем көрсө экөөбүздү тең өлтүрөт” деп кайра күлгөн. Андан кийин Фрунзенин көчөлөрүн түнү менен кыдырчубуз. Жайдын кечтери кандай сонун эле... Шамал жаңы сугарылган бактардын жытын алып келчү. Фонтандагы суулар айдын жарыгында күмүштөй жаркырачу. Шаардын ызы-чуусу басаңдап калганда экөөбүз көп сүйлөшчүбүз. Кээде такыр сүйлөшчү эмеспиз. Жөн гана жанаша басып жүрө берчүбүз.
— Билесиңби, Тинатин... Кээде унчукпай басуу дагы сүйүүнүн тили болот экен. Бир күнү досторум: — Жүр, дискотекага барабыз — деп чакырып калышты. Бүбүш алгач баргысы келген эмес. “Мен бийлей албайм” деген. Мен күлүп: “Сен сахнада учуп жүрөсүң. Дагы эмнеден коркосуң?” дедим. Ошентип экөөбүз түнкү бий кечесине бардык. Чоң зал. Түстүү жарыктар. Жаштардын күлкүсү. Магнитофондон акырын романтикалуу обон жаңырып жатты.Анан алып баруучу: “Акыркы бий... Вальс!” деп жарыялады. Залдагы жарыктар басаңдады. Мен болсо ушунчалык толкундандым. Колдорум титиреп жаткан. Акыры ага колумду сундум.
— Бийлейсизби?
Бүбүш акырын күлүп: — Мырза студент... Басып кетпесеңиз болду — деди.
Экөөбүз залдын ортосуна чыктык. Ал башын акырын ийниме койду. Мен анын колун кармадым. Ошол учурда мага бүт дүйнө жок болуп кеткендей сезилди. Музыка гана. Экөөбүз гана. Жана жаштык. Ошол менин өмүрүмдөгү биринчи вальс болчу — деп акырын жылмайды Илим.
— Чынын айтсам, бийлегенимди унутуп эле анын көздөрүн карап жаттым. Музыка токтогондо ал акырын: — Сен жакшы бийлейт экенсиң — деди. Мен болсо чоң мактоо уккандай сүйүнүп кеткем. Кийин гана билдим... Ошол күнү мен аны эмес... Ал мени жетелеп бийлетип жүрүптүр. Экөөбүз таң атканча шаар кыдырганбыз. Күндүн чыгышын көргөнбүз. Ал күн чыгышты карап туруп:
— Илим, эгер бир күнү экөөбүздүн жолубуз эки башка болуп кетсе... Ушул таңды эстей жүр — деген.
Мен күлүп: — Андай күн эч качан келбейт — деп жооп бергем.
Илим сөзүнүн ушул жерине келгенде унчукпай калды. Жылмаюусу акырын өчтү. Терезенин сыртындагы караңгылыкка тигилди.
— Көрсө... Тагдыр биздин сөздөрдү укпай койгон экен. Бирок ошол түндөр, ошондогу Фрунзенин көчөлөрү, ошол биринчи вальс... Аларды эч ким менден тартып ала алган жок. Алар азыр дагы жүрөгүмдүн эң жарык бурчунда жашап келет...
Илим акырын жылмайып, башын чайкады.
— Жаштык деген кызык экен. Кээде эстесем, өзүмдөн өзүм уялам.
Тинатин кызыгып калды.
— Дагы эмнелер болгон? Илим сүрөттү карап туруп сөзүн улады.
— Жай мезгили болчу. Экзамендер бүтүп калган. Мен күндөгүдөй театрдын алдына бардым. Бирок Бүбүш келген жок. Бир саат күттүм. Эки саат күттүм. Ошол учурда көчөнүн аркы бетине көк түстөгү эски Mercedes акырын келип токтоду. Ал кезде мындай машине өтө сейрек болчу. Көчөдө баары бурулуп карачу. Рулда Замир экен. Бүбүш болсо келип арткы орундукка отурду. Колунда кичинекей чемодан. Мен эмне болуп жатканын түшүнбөй калдым. Ошол жердеги бир кемпирден сурадым.
— Булар кайда кетип жатышат?...
(Уландысы кийинки санда)