31-август - 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити өттү. Бишкекке 16 мамлекеттин жетекчилери келип, негизги жыйындан тышкары көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар өттү. Иш-чаранын урунттуу учурларын тизмектейбиз.
Бишкек маанилүү саясий аянтка айланды
Биринчи болуп Бишкекке 30-августта Кытай лидери Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен келди. Анын артынан Индиянын, Орусиянын, Беларустун, Пакистандын, уюмдагы бардык 10 өлкөнүн жетекчилеринин учактары “Манас” аба майданына келип конду. Мындан тышкары диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу статусунда Монголия, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөрдүн башчылары өлкө босогосун атташты. Бул күндөрү Бишкек маанилүү саясий жана дипломатиялык аянтка айланып, дүйнөлүк медианын көз алдында турду.
Кыргыз-Кытай кызматташтыгы
31-августта президент Садыр Жапаров менен Кытай лидери Си Цзиньпин жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда 32 документке кол койду. Документтер транспорт-логистика, инвестиция жана башка тармактарда Кыргыз-Кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
– Кол коюлган документтердин ичинен эң маанилүүсү – Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясы кабыл алынды,- деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. Ошондой эле “Бедел” өткөрмө пунктунда көпүрө куруу, Кытай–Борбордук Азия–Европа темир жол байланышын күчөтүү келишимдерине кол коюлду.
Моди Путинди согушту токтотууга чакырды
Саммиттин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Моди кесиптешин Орусия-Украина согушун токтотууга чакырганы Кремлдин расмий сайтында кабарланды.
– Аягы жок согуштан согуштун аякташына өтүү зарыл. Индия бул багытта бардык тынчтык аракеттерин колдойт. Мындан ары да колдой берет. Согуштун ар бир күнү адамзатты бир кадам артка тартууда. Биз бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечишибиз керек. Бул жалпы адамзаттын жана Индиянын каалоосу,- деди Моди.
Өзгөчөлөнгөн Кытай лидери
Кытай лидери Си Цзиньпин 1-сентябрда ШКУ+ форматындагы жыйында сөз сүйлөп бүтөрү менен залдан чыгып кетти. Анын президент Садыр Жапаров менен коштошуп жатканы тартылган видео жарыяланды. Кийин белгилүү болгондой, ушул эле күнү Си Цзиньпин Египетке мамлекеттик сапары менен барды. Кытай лидеринин мындай кысталыш иш графиги көпчүлүктө суроо жаратууда. Анын үстүнө Си Цзиньпин башка лидерлерден айырмаланып 31-августта “Бишкек Аренада” өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан жок.
Орусия-Армения мамилеси
Көпчүлүктүн көңүлүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Бишкектеги сүйлөшүүсү бурду. Сүйлөшүүнүн негизги темасы – Армениянын Европа Биримдигине кошулуу ниети болду. Путин Арменияны эртерээк тандоо жасоого чакырды.
– Армения тандоону эртерээк жасаса жакшы болмок. Анткени биз дагы мындан аркы мамилени кантип өнүктүрүү керектигин түшүнүшүбүз керек,- деди Путин.
Ал эми Пашинян Армения ЕБге кошулууну биротоло чече электигин, азырынча альтернатива жок экенин айтты.
– ЕАЭБ келишиминде так жазылган, эгер өлкө ЕАЭБден чыга турган болсо, 6 ай мурун жарыялашы керек деп. Биз азырынча жарыялай элекпиз, бул маселе бышып жетиле элек,- деди Пашинян.
Мындан кийин Путин: – Башка экономикалык уюмга кошулуу процедурасын баштоо жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы – иш жүзүндө уюмдан чыгууну билдирет. Анткени эки уюмда тең болуу мүмкүн эмес,- деди.
Айта кетсек, Армения 2025-жылы Евросоюзга кошулуу процедурасын баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алган.
Кыргызстанда ШКУ чокусу пайда болот
“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги 4050 метрди түзгөн чоку “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” деп аталат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, географиялык аталыш берүү тууралуу жарлыкка 1-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Бул чечим ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна жана 2026-жылы уюмдун саммитинин Кыргызстанда өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Эми Министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
28 документке кол коюлду
Саммиттин жыйынтыгында, жалпы 28 документке кол коюлганы маалымдалды. Алардын арасында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы, коопсуздук, баңгизатка каршы күрөш, эл аралык маалыматтык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, энергетика жана логистика боюнча биргелешкен пландар, меморандумдар бар.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда
6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул тапта Ысык-Көлдө өтүп жатат. Ачылышы 31-августта жаңы курулган “Бишкек Арена” стадионунда өтүп, көпчүлүктү суктандырды жана сыймыктандырды. Спорттук иш-чара 6-сентябрда жыйынтыкталат. Медалдык эсепте азырынча Кыргызстандын улуттук курама командасы алдыда келе жатат. 31-августта Кыргызстан көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын да белгиледи. Айтор, Кыргызстан бир катар маанилүү саясий, маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү менен дүйнө коомчулугунун назарында турган мезгил.