Таттуулар кимге гана жакпайт. Айрыкча өз колуң менен даярдалганда даамы, жасалышы да тажрыйба болуп, өзүңө ишенич артат. Ар кандай көндүмдөрдү үйрөнгүсү келген кожойкелерге жумшак, шоколаддуу пирогдордун жасалуу ыкмаларын жаздык. Рецепттерди фудблогер Айжан Токторова сунуштайт.
ПУДИНГ ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар (30х30 сантиметр үчүн):
Ун – 220 грамм
Кумшекер – 180 грамм
Жумуртка – 4 даана
Сүт – 100 миллилитр
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Какао – 40 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Креми үчүн:
Жумуртка – 2 даана
Каймак май – 100 грамм
Сүт – 800 грамм
Кумшекер – 80 грамм
Жүгөрү крахмалы – 50 грамм
Кайнатылып коюулатылган сүт (сгущённое молоко) – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Корж даярдоо
1. Ал үчүн жумурткаларды чегип, акырындан чалабыз. Бир массага келгенде кумшекерди аз-аздан салып миксер менен чалабыз.
2. Чалып жаткан масса коюуланышы кажет. Ошол учурда өсүмдүк майын жана сүттү куюп, астыдан үстүнү көздөй акырындан аралаштыруу керек.
3. Унга какао жана көптүргүчтү салып аралаштырып, чалынган массага үч бөлүп кошобуз. Жогорудагыдай эле астыдан үстүнү көздөй аралаштырабыз. Анткени көбүргөн масса отуруп калбашы керек.
4. Алдына фольга төшөлгөн чарчы же тегерек формага камырды куюп, 180 градуста ысып турган электр мешинде 35 мүнөт коюп бышырабыз.
Кремин даярдоо
5. Сүттү мискейге куюп, ага каймак майдан башка керектелүүчү азыктарды салабыз. Бүртүкчөсү жок аралаштырып, отко коёбуз. Коюуланганча аралаштырып бышырабыз. Коюуланганда каймак майды салып, дагы 5 мүнөт аралаштырып чыгарабыз.
Чогултуу
6. Корждун үстүнкү бетин кесип алабыз да, кремди ысык кезинде куюп, тегиздөө керек. Кесип алган үстүнкү бетин күкүмдөп майдалап, пирогго себелейбиз. Муздаткычка 2-3 саат салып коёбуз. Былпылдаган жумшак пирог даяр!
ПРАГА ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар (30х30 сантиметр үчүн):
Жумуртка – 4 даана
Кумшекер – 180 грамм
Ун – 130 грамм
Какао – 40 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Суу – 100 грамм
Креми үчүн:
Сүт – 300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 50 грамм
Кайнатылып коюулатылган сүт –
130 грамм
Жүгөрү крахмалы – 15 грамм
Каймак май – 100 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Кремин даярдоо
1. Мискейге сүттү куюп, коюу сүт менен каймак майдан башкасын кошуп аралаштырабыз. Отко коюп кайнатып, аралаштырганча бышырабыз. Коюу массага келгенде каймак майды кошуп, 2-3 мүнөт отто кармайбыз. Чыгарып, үстүн жаап муздатабыз.
2. Коюу сүттү миксер менен чалып баштаганда кайнатылган кремди 3-4кө бөлүп кошуп кремин даярдайбыз.
Бисквит бышыруу
1. Жумурткага кумшекерди кошуп коюуланганча чалабыз. 100 грамм сууну кошуп тамак-аш күрөгү менен астынан жогору карай бир аралаштырабыз.
2. Ун, какао, көптүргүч үчөөнү бириктирип, жогорудагы массага 3 бөлүп кошобуз.
3. Фольга төшөлгөн табага салып, 180 градуста ысып турган электр мешинде 40 мүнөт коюп бышыруу керек.
4. Бисквитти муздатып, калыңдыгына ортосуна бычак мизин киргизип тилип чыгабыз.
5. Биринин үстүнө кремдин үчтөн эки бөлүгүн сыгып жаябыз. Экинчи бөлүгүн жаап, кремдин калганын сүйкөйбүз. Колдо бар мөмө-жемиш менен кооздоп коёбуз.
ПЛОМБИР ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар (20х30 сантиметр):
Ун – 220 грамм
Жумуртка – 5 даана
Какао – 40 грамм
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Кайнатылып коюулатылган сүт – 250 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Креми үчүн:
Сүт – 300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 200 грамм
Жүгөрү крахмалы – 15 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 400 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы чегип, миксердин жардамы менен 5-8 мүнөт чалабыз. Үстүнө кайнатылып коюулатылган сүттү, майды жана тизмедеги калган кургак азыктарды кошуп чалабыз. Суюгураак камыр болот.
2. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, камырды бешке бөлүп бышырабыз. Корждун ар бири 180 градустагы ысыкта 8-10 мүнөт аралыгында бышат.
3. Корж муздаганча кремин даярдайбыз. Крем прага пирогундай эле кайнатылып жасалат. Аягында каймак май кошпостон муздатып, коюу сүттү миксер менен чалып жатканда кайнатылган кремди кошуп, бир массага келгенче чалуу керек.
4. Корждорго кремди бөлүп тегиздейбиз. 4 катар ушул ыкмада тизип, бешинчи коржду чопер же блендер менен майдалап себелейбиз. 2-3 саат муздаткычта тыныктырып, анан кесебиз.
Асел Ишенбай кызы