КОЙ
(21.03–20.04)
Карама-каршылык жараткан ойлор күч алат. Андыктан олуттуу чечимдерди кабыл алууну кийинки аптага жылдыруу оң. Түгөйүңүзгө түшүнүү менен мамиле кылып, орой сөз айтуудан алыс болсоңуз эле ыраазычылык аласыз. Аптанын ичинен шейшемби сиз үчүн жакшы жаңылык же ийгилик жаратуунун күнү болушу күтүлөт. Электр приборлору менен иштешүүдө сөзсүз коопсуздук техникасын сактаганга аракет кылыңыз, майда жаракат алышыңыз мүмкүн. Апта жагымдуу сюрприз менен аяктайт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жасаган жумушуңуздан эч ийгилик жаралбай, эмне кылсам деген ойго кептелишиңиз мүмкүн. Башты жерге салбаңыз, алган багытыңыздан эле бийиктикке көтөрүлөсүз. Пландалбаган жолугушуу орун алып, ал адам менен баарлашуу маанайыңызды көтөрөт. Бойдоктордо эски мамилелер жандануусу мүмкүн. Жумушта пикир келишпестикке күбө болууңуз ыктымал, нейтралдуу түрдө маселени чечкенге жардам берсеңиз жакшы болот. Дем алышты үйдө өткөрөсүз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Үй-бүлөгө, тиричиликке байланыштуу бир нерсе жасаарда түгөйүңүз менен кеңешкенди унутпаңыз. Антпесе таарыныч жаралуусу мүмкүн. Жумушта бул апта энергияңыз мол болот. Жаңы идеяны ишке ашырсамбы же эскини уланта берсемби деген тандоо келип чыкса, жаңыга басым жасаганыңыз туура. Кызыктуу адамдар менен таанышуулар күтөт. Сизди коркуткан, ишенимди азайткан нерселерден алыс болгонго аракет кылыңыз. Апта соңу жакшы маанайда өтөт, жагымдуу кабар угасыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Иш боюнча сапарга чыгуу, туугандар менен учурашып келүү, саякаттоо... Айтор, үйдөн сырт бир жакка барганга аракет кылыңыз. Жер алмашуу, башка адамдар менен баарлашуу топтолгон стрессти жоюп, энергия топтогонго жардам берет. Бул аптада оор физикалык жумуштардан баш тарта туруңуз, антпесе омуртка оорулары өзүнөн кабар берет. Бул күндөрү кыймылсыз мүлк менен алек болуу, өзгөчө сатып алуу же сатуу иштерин токтотуп туруу сунушталат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумуштан кийин ашыкча убакыт иштегенди токтотуңуз. Андан көрө ошол убакытты үй-бүлөңүзгө, досторуңузга арнасаңыз жакшы. Бул сизди ашыкча чарчоодон, жакындардын ашыкча сөзүнөн куткарат. Көбүрөөк эс алыңыз, киши көп топтолгон жерге барып көңүл ачып, адреналин чыгарсаңыз болот. Романтикалык жаатта эч кандай чечим кабыл албай туруу керек, ката кетирип аласыз. Апта соңу финансылык иштерге көңүл бурууңуз керек, чыгаша кирешеден көп болбошуна көз салыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул апта сизге бардык тараптан энергия келет дешет жылдыздар. Буга кошо өзүңүзгө ишеним жаралып, мурда жасай албайм деген нерселерди да колго алууга эркиңиз жетет. Дипломатиялык иштерди жасасаңыз жакшы. Анан да сүйүү мамилесинде демилгени биринчи баштап, мамилени жакшыртууга аракет кылсаңыз, түгөйүңүздү кубанткан болосуз. Жумушта кыска мөөнөткө деп романтикалык мамиле куруудан качыңыз. Дос-курбуларга үйдөгү сырларды айткандан абайлаңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сентябрь айындагы эң оор апта ушул болушу ыктымал. Балким, маселе улуу муундагы туугандарга байланыштуу жаралышы мүмкүн. Аларга кам көрүү, абалын суроо, материалдык жардам берүү сыяктуу иштер... Жумушта эмоцияга алдырбаңыз, айрыкча жетекчилик менен бетме-бет келгенде сеники туура деген принципти карманыңыз. Жеке жашоодо баары жакшы, түгөйүңүздүн толук камкордугунда болосуз. Дем алыш күндөрү стрессти жоюу үчүн өзүңүзгө жаккан кийим алсаңыз жарашат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бул аптада сизди популярдуулук күтөт. Жумушта бир нече иш-чарага катышууңуз мүмкүн, андан сырткары дос-тааныштар менен жолугуп, ал жакта да башкы каарман, негизги тема сиз болушуңуз ыктымал. Билим алуу мүмкүнчүлүгү жаралса баш тартпаңыз. Каржы жаатында сиз ойлогон сумма колуңузга тийбей калып кыжалат болосуз. Жеке жашоодо корс мүнөз көрсөтпөй, бир аз жумшагыраак болууңуз керек. Апта соңу кызыктуу аяктайт, жаңы адамдар менен бир компанияда болосуз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Ийгиликтин аптасы. Тер төгүп аракет кылбасаңыз да жасаган ишиңиз ийгиликтүү болуп, айланаңыздагылардын аброюна, колдоосуна ээ болосуз. Шыпка түкүрүп жата бербей, бул учурдан пайдаланып аракет кылыңыз, берекетин көрөсүз. Бойдоктордо күтүүсүз адам менен флирт жаралуусу мүмкүн. Каржы жаатында маселе жаралбайт, ошентсе да үнөмдүүлүктү сактаңыз, алдыда чоң ишке жумшайсыз. Өспүрүм балдары барларда түшүнбөстүктөр жаралуусу күтүлөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Негедир бул апта ишенчээк болуп чыга келесиз. Абайлабасаңыз, сиздин ишенимден пайдаланып кеткендер чыгып, маселелүү ишке кириптер кылышы мүмкүн. Жеке мүлккө тиешелүү документтерди ишенип бирөөгө бербеңиз. Диета кармайм дегендер үчүн ушул аптада баштаңыз деп сунуштайбыз. “Колун сурасамбы же макул болбой коёбу” деп арсар ойдо жүргөндөр, ушул апта сураңыз, жакшы жооп аласыз. Финансылык активдүүлүк күтөт, ири буюм сатып алышыңыз мүмкүн.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жакындарга болгон таарынычты коё бериңиз. Негативдүү ойлордон качыңыз, өзгөчө жакын адамдарга байланыштуу. Каржы тармагында көйгөй жаралышы мүмкүн, бирок өтө коркунучтуу абал жаралбайт. Иш чөйрөсүндө шаршемби күн ийгиликтүү болмокчу. Жеке жашоодо туруктуулук сакталат. Үй-бүлөлүүлөр балдары менен мамилени бекемдеп, аларды жакшы түшүнүүгө аракет кылуусу зарыл. Дем алыш күндөрү алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуз, кесепети жаман болушу мүмкүн.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Үй-тиричилик жумуштарына көбүрөөк убакыт бөлүп, кийинкиге калтырбай бүтүргөнгө аракет кылууңуз зарыл. Негизи эле бул апта чыңалган абалда өтөт. Жумушта да, үйдө да сиздин катышууңуз керек болгон жагдайлар чыкмакчы. Достордун бирин таарынтып алышыңыз ыктымал. Бойдоктордо кызматтык роман башталуусу мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы жакшы кабар угасыз. Дем алыш күндөрү көбүрөөк уктап, жакшылап эс алганга аракет кылыңыз, нерв системи калыбына келет.